Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:31

“Семетейге” кырсыктан жабыркабаган бир үй-бүлө жайгашып алганы айтылууда


"Семетей" мейманканасы.
"Семетей" мейманканасы.

“Семетей” мейманканасына авиакырсыктан жабыркаган деп жайгаштырылган бир үй-бүлө башка жактан экени тууралуу маалымат чыкты. Анын чоо-жайы териштирилип жатканын биринчи вице-премьер-министр Мухаметкалый Абулгазиев бүгүн өкмөттөгү маалымат жыйында айтты.

Апааттан соң өкмөттүн чечими менен Бишкектеги “Семетей” мейманканасындагы бөлмөлөр жабырлануучуларга берилген. Азыр ал жерде беш үй-бүлөнүн 25 мүчөсү баш калкалоодо.

16-январда эртең менен түркиялык “Боинг-747-400” жүк учагы “Манас” аэропортуна жакын Дача айылына кулаган. Андан 38 адам набыт кетип, 26сы жараат алды. Кыштактагы 19 үй кыйрады. Алты турак-жай орточо зыян тартты.

Набыт кеткендердин төртөө экипаж мүчөлөрү, 34ү айыл тургундары. Арасында 17 бала бар. (SE\SDz)

XS
SM
MD
LG