Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:45

Шайлоодогу гендердик укук боюнча байкоо жүргүзүлдү


Өткөн жылдын 11-декабрындагы жергиликтүү кеңеш депутаттарын шайлоодогу гендердик теңчилик жана ушул жааттагы башка маселелерге арналып бүгүн Бишкекте маалымат жыйын өтөт.

Уюштуруучулар кабарлагандай, Жогорку Кеңештеги аял депутаттар, гендер маселеси боюнча эксперттер жана активисттер катышкан жыйында аялдардын бийлик бутактарындагы орду, ролу, азыркы абалына жүргүзүлгөн байкоолордун жыйынтыгы тууралуу маалымат берилет.

“Аялдарга жардам берүү борбору” коомдук бирикмесинин соңку маалыматына таянсак, Кыргызстанда жергиликтүү кеңештерге талапкер болгон жана мандат алган аялдардын саны жылдан жылга азаюуда.

Эреже боюнча тизмедеги талапкерлердин 70 пайызы эркек болсо, аялдардын саны 30 пайыздан кем болбошу керек. Же болбосо 70 пайыз аял болсо, эркектердин саны бери дегенде 30 пайыз болушу шарт. (SE)

XS
SM
MD
LG