Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:57

Мундирчендер академиясы кимге керек?


ИИМ алдындагы Милиция академиясын өкмөткө караштуу укук коргоо органдарынын академиясы кылып кайра түзүү сунушталууда. Мындан эмне өзгөрөт? "Арай көз чарай" талкуусу ушул темага арналды.

Бул окуу жайда милиция кызматкерлери гана эмес, Жаза аткаруу тутумунун, Маңзатка каршы күрөшүү жана Бажы кызматтарынын кызматкерлерин даярдоо пландалып жатат. Долбоорду өкмөт коомдук талкууга алып чыкты. “Азаттык” Милиция академиясын Ички иштер мекемесинен өкмөт курамына алганда анын маңызы өзгөрүп, жыл сайын аталган окуу жайда катталган мушташ, мугалимдердин пара алуусу сыяктуу жоболоңдуу көрүнүштөр азаябы деген суроолорго жооп издеди.

Талкууга ИИМ академиясынын окуу инспекция башкармалыгынын башчысы Сейитбек Мажитов, көз карандысыз эксперт Искендер Шаршеев катышты.

“Азаттык”: Буга чейин академияны кайра түзүү президент Алмазбек Атамбаевдин демилгеси экени айтылып, өкмөт бул долбоорду коомдук талкууга алып чыккан. Вице-премьер-министр Токон Мамытов жана мурдагы ички иштер министри Болот Ногойбаев бул демилге тууралуу “Азаттыкка” кыска маек курган эле.

Токон Мамытов: Бул маселе беш-алты жылдан бери талкууланып келе жатат. Башка күч структураларынын жетекчилери да ушул демилгени көтөрүп, Жаза аткаруу тутумуна, Ички иштер аскерлерине, Маңзатты көзөмөлдөө жана Чек ара кызматтарына, Коопсуздук комитетине, Каржы полициясына да кадрларды кошо даярдаса жакшы болот эле деген маселе болгон. Күч структурасынын статусу бийик Укук коргоо академиясын кылалы деген маселе көптөн бери эле талкууланып келе жатат. Бул маселе мындан 4-5 ай мурда дагы көтөрүлгөн экен. Бирок өкмөт азыр чечим кабыл алган жок, муну адистер, эксперт, академиктер менен терең изилдейли, азыр окуу жүрө берсин, иштей берсин, тоскоол болбойлу деп чечим чыгардык.

“Азаттык”: Академияны ИИМден алып, өкмөттүн курамына алуу анын маңызын өзгөртө алабы?

Токон Мамытов: Албетте терең, мамлекеттик көз караш менен карасак, ИИМден баштап Каржы полициясына чейин кадрларды даярдаса жакшы эле болмок. Бирок азыр ИИМ деле, өкмөт деле буга даяр эмеспиз. Анткени бюджетте муну кайра караш керек, кошумча каражат керек. Статусуна жараша окутуучулардын айлыгы, курсанттардын стипендиясы да көбөйүшү керек. Бул маселеге эки-үч жылдан кийин, жашоо оңолгондо кайрылса болот.

Талкууну толугу менен бул жерден угуңуз

Мундирчендер академиясы кимге керек?
please wait

No media source currently available

0:00 0:11:38 0:00
Түз линк

Мундирчендер академиясы кимге керек?
please wait

No media source currently available

0:00 0:14:04 0:00
Түз линк


Болот Ногойбаев: Чындыгында бул бүтүн нерсени бүлдүрүп жатат дегендик. Эч нерсени түшүнбөгөн адамдар ушундай кылып жатат. Мисалы УКМК, Чек ара, Коргоо министрлиги өздөрүнүн институттарын ачып атат. Ал эми бул даяр нерсе. Дудукту ит талагандай эле кылып ИИМди, Академияны талап жатышат. Мамлекетти эртең ким коргоор экен? Академия ИИМдин алдында болгондон кийин коомдук тартипти сактоого жардам берген кызмат болуп жатпайбы. Майрам болобу, башка болобу көчөгө чыгып кызматын өтөп жатышат. Укук коргоо академиясын түзүү - бул бирөөгө орун даярдап жатат деген нерсе.

“Азаттык”: Өкмөт бул боюнча кабарыбыз жок, долбоорду ИИМ даярдап жатат деди. ИИМ тескерисинче бул сунушка каршы экенин айтып жатат. Академияны өзгөртүп, өкмөткө өткөрүүгө ким кызыкдар?

Сейитбек Мажитов: ИИМ бизге мындай сунуш менен расмий кайрылган жок. Эркин мамлекетте жашап жаткандан кийин бардык маселе талкууга алынышы керек.Терең изилденгенден кийин гана чечим кабыл алган туура. Биринчиден, Академиянын өздүк курамы ИИМдин ыкчам резерви. Кыргызстанда канча коопсуздукту, тартипти сактоо боюнча иш-аракеттер жүргөн болсо ошого катышып келебиз. Академия ИИМдин курамында калганы эле оңураак деп эсептейм.

“Азаттык”: Академияны ИИМден алып, өкмөттүн курамына алуу анын маңызын, ошол эле билим, тарбия берүү жагын дагы өзгөртө алабы?

Искендер Шаршеев: Дүйнөдө кээ бир мамлекеттин башчылары полицияга аскерлештирилген күчтөр кошулбоосу керек экенин, сөзсүз жарандык коомдон келген адамдар иштеши керек экенин түшүнгөн. Ошондуктан ИИМде эң биринчи маселе – аскерлешкен наам системасын жок кылуу. Муну менен кошо коррупция да жоголот. Анткени наам үчүн көп нерсе жасалат. Экинчиден, жаңы кадрларды тандоо маалында милиция курамына жарандык коомдон адистерди аралаштыруу керек. Ошондо гана элдин кызыкчылыгын көздөгөн, элге жакын милиция болот деп эсептейм.

XS
SM
MD
LG