Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:40

Екатеринбург: кыргызстандык кыз дааратканада көз жарды


Екатеринбургдагы “Таганский ряд” соода борборунда коомдук дааратканада көз жарган 22 жаштагы кыздын кыргызстандык экени аныкталды. Ал азыр баласы менен шаардык №14 төрөтканада жатат. Окуя 23-октябрда болгон. Орусиялык жалпыга маалымдоо каражаттары кыргызстандык жаран ымыркайды коомдук даараткананын ичинде тумчуктуруп жатканын соода борборундагы кароолчуга шилтеме берип жазып чыгышкан. Маалыматка караганда, наристе ай-күнүнө жетпей төрөлгөн. Дарыгерлер анын киндиги тиш менен жулунуп, денеси муздай түшкөндө келгенин, алгач энеси баладан баш тартууга аракеттенгенин билдиришкен. Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинен "Азаттык" радиосуна кабарлашкандай, азыр эне-баланын акыбалы дурус. Екатеринбургдагы консулдук жана кыргыз диаспорасы аларга жардам көрсөтүүдө. (LzT/NT)

XS
SM
MD
LG