Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:50

Жумуш же жума намаз...


Депутаттар айт намазда.
Депутаттар айт намазда.

Жогорку Кеңештин депутаттары Кыргызстанда жума күнү жума намазды шашпай окуу үчүн түшкү эс алуу убактысын эки саатка чейин узартуу демилгесин көтөрүүдө.

Буга чейин мурдагы депутат, экс-акыйкатчы Турсунбай Бакир уулу иш күнүн жумадан жекшембиге которуу демилгесин көтөрүп ал парламентте да, коомдо да колдоо тапкан эмес.

Учурда Жогорку Кеңеште жума намазга бөлүнгөн убакытты бир саатка узартуу демилгеси көтөрүлүп жатат. Светтик мамлекетте бир динге өзгөчө шарт түзүп, атайын убакыт бөлүү башка динди туткандар менен динден алыстардын укугун басмырлоого алып келбейби? “Азаттыктын” кезектеги “Арай көз чарай” талкуусу мына ушул маселеге арналды.

Талкууга Жогорку Кеңеш депутаты, аталган мыйзам долбоорунун автору Тазабек Икрамов жана коомдук ишмер Кемелбек Ашыралиев катышып, ой бөлүштү.

“Азаттык”: Тазабек мырза, жума күнү түшкү эс алуу убактысын бир саатка узартуу зарылдыгын “Өнүгүү-Прогресс” фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаев өткөндө көтөргөндөн кийин сиз атайын мыйзам долбоорун даярдадыңыз. Анын башкы максаты эмне?

Тазабек Икрамов: Бул мыйзам долбоорунун эң негизги максаты - Кыргызстандын калкынын 80-90% түзгөн мусулмандардын Аллага болгон ибадат кылуучу күнүнө шарт түзүп берүү. Жума намазды жалпы мусулмандар чоң мечиттерде жалпы жамаат менен гана окуйт. Ага баруу үчүн иштеген адам менен жумуш берүүчүлөрдүн ортосунда көп учурда пикир келишпөөчүлүк түзүлүп жатат. Ошон үчүн ушул иштердин баарын тартипке салып, көпчүлүктү түзгөн мусулман жарандарыбыздын укугун коргоп, шарт түзүп берүү максаты менен ушул маселе көтөрүлдү.

Айт намаз. 2015-жыл
Айт намаз. 2015-жыл

“Азаттык”: Кемел мырза, депутаттардын бул демилгесин коомчулуктун колдоосуна алынабы? Дегеле ушундай өзгөртүүгө коомдук турмушта зарылдык барбы?

Кемелбек Ашыралиев: Жогорку Кеңеш ушундай мыйзамды кабыл алса, атайын бир убакыт берсе, намазды окусаң да, окубасаң да окуйсуң деген милдеттендирүүдөй болуп жатат. Дин тутуу, намаз окуу же окубоо ар кимдин жеке иши. Анда мамлекеттик, бюджеттик мекемелерде, мектептерде, кыскасы, бардык жерде намаз окулушу керек деген милдет алдыга коюлгандай болуп калып жатат. Демек, мындай маселени көтөрүү азырынча эртелик кылат.

“Азаттык”: Тазабек мырза, жумадагы иш күндү жекшембиге которуу демилгесин экс-депутат жана экс-акыйкатчы Турсунбай Бакир уулу 1996-жылдан бери бир нече жолу көтөрүп, мыйзам долбоорун да даярдаган. Бирок ал парламентте да, коомдо да колдоо тапкан эмес. Азыр мыйзам долбоору кабыл алынат деп ишенип турасызбы?

Тазабек Икрамов: Туура айтасыз, биздин агабыз Турсунбай Бакир уулу жума күндү биротоло дем алыш күн кылабыз деген. Ошон үчүн ага каршылык көп болгон. Биздин мыйзам көпчүлүктү түзгөн элдин талабы менен даярдалды. Азыр мамлекеттик мекемелерде иштеген кызматкерлер, жаштар жума намазды окуган учурда бири-бири менен катташып турушат. Биз болгону арзыбаган бир гана саатты Аллага ыраазылыгын билдирип, ибадат кылып, намаз окуусуна шарт түзүп берүүсү үчүн сурап жатабыз.

Жогорку Кеңеш ишин таштап жума намазга кете турган болсо, өлкөнүн башка аймактарында сөзсүз башаламандык пайда болот. Иш ыргагы бардык жерде бирдей болушу керек.
Кемел Ашыралиев

Угармандын пикири: Мен атым Замир, Бишкектен чалып жатам. Мен депутаттардын көтөрүп жаткан демилгесине таптакыр каршымын. Булар иш кылбай эле майрам күндөрү деле, иш күндөрү деле эс ала беришеби? Депутаттар элге пайдалуу мыйзамдарды кабыл алышы керек. Булар өздөрүнө керек, өздөрүнө шарт түзүү, ишкерлигине ылайык мыйзамдарды жазып жатышат. Эми эс алуу үчүн, намаз окуу үчүн мыйзам жазгандары кантип болсун? Кыргыз эли депутаттарды ушундай болбогон мыйзамдарды жазуу үчүн шайлаган эмес. Мындай мыйзамдарды жазгандарын токтотушсун.

Тазабек Икрамов: Бул жерде жакшы мыйзам деп ушуну айтуу керек. Ар бир адамдын Аллага болгон коркунучу болуш керек. Андан тышкары бизди шайлаган адамдардын укугун коргоп, аларга шарт түзүп берүү үчүн жазып жатабыз. Бир күнү бир гана саатка эс алууну узартып койсок жылына эки күн болот экен.

“Азаттык”: Кемел мырза, жумушчу саат СССРде медициналык жактан дыкат иликтенген ченемдердин негизинде белгиленген эмес беле. Кыргызстандын Эмгек кодексине да бир күндөгү, жумадагы жумушчу сааттын көлөмү ошол ченемдердин негизинде киргизилген да. Ошол жагдайдан алып караганда, төрт күн бир саат эс алып туруп, бешинчи күнү эки саат эс алуу адамдардын организминде жана коомдо башаламандыкты пайда кылышы мүмкүнбү?

Кемелбек Ашыралиев: Белгиленген иш күн мөөнөтүндө иштөө милдети ким болсо да, ал президент болобу, депутат болобу баарына бирдей. Эгер Жогорку Кеңеш ишин таштап жума намазга кете турган болсо, өлкөнүн башка аймактарында сөзсүз башаламандык пайда болот. Иш ыргагы бардык жерде бирдей болушу керек.

“Азаттык”: Тазабек мырза, сиздер бул демилгени Кыргызстандын калкынын 80% мусулмандар түзөт деп көтөрүп жатасыздар. Ал эми башка динди туткандардын, динди такыр тааныбагандардын, жума намазга барбагандардын укугун бузабыз деген ой келген жокпу?

Тазабек Икрамов: Бул жерде эч кимдин укугу бузулбайт, тескерисинче азчылык көпчүлүктүн укугун бузуп жатат десек болот. Мисалы, жекшемби күнү христиан динин туткандар эс алат, еврей улутундагылар ишемби күнү иштешпейт. Эмне үчүн мусулмандар үчүн арзыбаган бир саатты бере албайбыз? Жума намаз деген жамаат менен чоң мечитте окулат. Калган күндөрү намазды иштеген жеринде же башка жерлерде окуса болот.

Угармандын пикири: Менин атым Жолдошбек. Депутаттын демилгесин колдоп койсок болот, себеби жума намазда коомго пайдалуу, ыйманга чакырган эң көп маалыматтар айтылат. Анын эч кандай зыяны тийбейт.

Жума намазга эки саат бөлүү керекпи?
Жума намазга эки саат бөлүү керекпи?
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:43 0:00

“Азаттык”: Кемел мырза, ислам динин нечендеген кылымдар бою карманып келаткан Түркия менен Пакистанда жума күн иш күн жана иштегендер жума намазды иштеген жеринде эле окушат. Алар атайылап мечитке барып, намаз окуганын жарыялап көрсөтүүнүн зарылдыгы жок деп эсептешет. Кыргызстанда намазды атайы мечитке барып окуу өзүн-өзү сооротуунун, өзүн-өзү алаксытуунун формасына айланып бараткан жокпу?

Кемелбек Ашыралиев: Сөзсүз түрдө мечитке барып намаз окуу керек деп эч жерде жазылган эмес. Демек, муну менен мыйзам чыгаргандар сөзсүз мечитке барып намаз окушуң керек деп милдеттендирип калып жатпайбы. Кудайга ишенүү мечитке барып эле намаз окуу менен чектелбеши керек. Баарыбыз эле мусулманбыз, бирок намаз окуган адам эле таза болуп калбайт. Ар ким өзүнүн абийирин таза кармап, ушак айтпай, уруу кылбай жүрсө эле кудайдан корккон болот эле.

“Азаттык”: Тазабек мырза, Конституциянын 1-беренесинин 1-пунктунда Кыргызстан “...мамлекеттик башкарууга дин аралашпаган мамлекет” деп жазылып турат. Ушул эле Баш мыйзам боюнча Кыргызстан парламенттик башкаруудагы мамлекет, бирок, Жогорку Кеңеште бир эмес эки намазкана бар. Эл үчүн иштейбиз деп ант берген депутаттар эмне үчүн ошол Ак үйдүн ичиндеги намазканага барышпайт, атайын ишти таштап мечитке баруунун зарылдыгы эмне? Жөн эле модага айлантып алган жоксуңарбы?

Тазабек Икрамов: Сиздер бурмалап атасыздар. Мамлекеттик мекемелерде жана башка ишканаларда иштеген адамдар намазга барып келгиче машина тыгынга калып, ишинен кечигип жатышат. Мына ошолордун укугун коргоп, шарт түзөлү деп жатабыз. Мисалы, Британиянын парламенти ишин Библияны окуу менен баштайт.

Кемелбек Ашыралиев: Эгер бул мыйзам кабыл алынса, элдин баары ишин таштап мечитти көздөй агылып кетип бараткандыгын элестетип көргүлөчү. Ал биздин коомго кандай таасир алып келет. Менимче, бул маселени көтөрүү азыр бизге эртелик кылат.

“Азаттык”: Жыйынтыктап айтканда, бул мыйзам долбоорун кароодон мурун коомдун ар түрдүү катмарларынын катышуусу менен коомдук угууларды өткөрүү зарыл деген ой жаралды. Андан тышкары депутаттар бир гана топко шарт түзүү кызыкчылыгынан эмес, жалпы мамлекеттик, коомдук кызыкчылыктарды салмактап туруп, эгер аталган мыйзам долбоору Кыргызстандын өнүгүүсүнө өбөлгө түзө турган болсо гана кабыл алууга болорун эске алышыбыз зарыл.

  • 16x9 Image

    Бүбүкан Досалиева

    Журналист, устат, илимпоз, саясат таануучу, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер Бүбүкан Досалиева 1995-2010-жылдары жана 2017-жылдан кийин өмүрүнүн соңуна чейин «Эркин Европа/Азаттык үналгысынын» кыргыз кызматынын кабарчысы, мультимедиа жетекчиси, теле берүүлөрүнүн башкы редактору, телекөрсөтүү боюнча өндүрүш продюсери болуп иштеген. «Азаттыктын» телеберүүлөрүнүн далай ийгиликтери Бүбүкан Досалиеванын ысымы менен тыгыз байланыштуу.

    Ал 1958-жылы 1-ноябрда Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районуна караштуу Саруу айылында туулган. 1977-1983-жылдары Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетинин журналистика бөлүмүн окуп бүтүргөн. 2020-жылы 5-июлда 62 жаш курагында катуу оорудан каза болгон.

     

XS
SM
MD
LG