Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:01

Чаткалга гумжардам жеткирүүдө түйшүк жаралды


Чаткалга кеткен жол
Чаткалга кеткен жол

Калың кардан жабыркаган Чаткал районунун тургундарына Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жөнөткөн гуманитардык жардам бүгүн, 21-февралда тургундарга берилет.

Аталган министрликтен кабарлашкандай, 17-февралда жөнөтүлгөн курулуш материалдары жана азык-түлүк катаал аба ырайынан улам дарегине жеткен эмес. Чапчыма ашуусундагы бороондон улам жүк машинелери артка кайтып, Таш-Көмүрдө жана Терек-Сайда калганга мажбур болушкан. Бүгүн Жалал-Абад облустук өзгөчө кырдаалдар башкармалыгынын жетекчиси Абдишарип Бекилов башында турган топ гумжардамды дарегине жеткирери кабарланды.

Өткөн жумада Чаткал жана Каныш-Кыя айылдарында кардын калыңдыгы эки метрге жеткен. Мындан улам аймакта чукул кырдаал жарыяланып, 17-февралда кайра алынган. Жергиликтүү тургундар азык-түлүк түгөнүп баратканын айтып, өкмөттөн жардам сурашкан. Кар басып калган бир үйдүн, алтын казган ишкананын ашканасынын чатыры кулаган.

20-февралда районду башка аймактар менен байланыштырган жол кардан тазаланган. (SE)

XS
SM
MD
LG