Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:45

Дини көп жерде билим болбойт


“Дүйнө эли террорчулуктан сактана баштады,- деп жазат "Фабула" гезитинде журналист Баратбай Аракеев.- Бизге караганда диндин тамырын терең сиңирген коңшу Өзбекстан менен Тажикстан өлкөлөрү жашабай жатып сакал коюп, Пакистандын дамбал, көйнөгүн кийип жүргөндөрдүн санын алып, бир тобуна тыюу салып жатат. Казакстанда да ушундай.

Бизде 25 жылдан бери сансыз мечит курулду, курулуп да жатат, эне сүтүнөн оозу жаңы эле бошонгон балдар мектеп эмес, түз эле медересеге барып билим алууда. Дүйнөгө атагы чыккан астрономдорду, медиктер менен математиктерди, улуу аыкндар менен ойчулдарды берген арабдардын өздөрү адегенде ар тараптуу билимдүү болуп туруп анан дин илимин өздөштүргөн. Бизде болсо мектепти чандырып, медресеге берүүдө. Бул жакшы эмес.

Мыйзамы көп болгон жерде мыйзамсыздык көп болгондой эле, дини көп жерде билим болбойт. Эгер ислам дини ар кандай радикалдуу агымдарсыз, радикалдуу топторсуз элге сиңсе анда дурус болбойт беле. Бул күндө көбүнчө радикалдуу исламдын окуусуна берилгендердин саны өсүүдө. Алардын тилеги дүйнөдө ислам диктатурасын орнотуу.

Дүйнөдө бир гана “халифат” болсо анда адамзаттын калган 80 проценттен ашыгын түзгөн буддисттер, христиандар, католиктер, протестанттар жана башка динди туу туткандардын кереги жок экен да!

Ислам дининин ашмалтайын кетирип ушинте берсе тигил 80 процент биригип келип, “исламдын кереги жок!” деп көтөрүлсө эмне болот? Анда эле “Ислам мамлекетин курабыз”, “Ислам халифатын курабыз” деп былжырап аткандар жер үстүнөн түп орду менен жок болору белгилүү.

Адам деген туткан динине, ишенимине карабастан, бул жашоодо бала өстүрүп, бейпил өмүр сүрүүгө укуктуу. Исламдын радикалдуу агымына тартуу азыр анча деле кыйын эмес. Ага билимсиздер, жеңил ойлуулар, иши жок темселегендер, иштегиси келбеген жалкоолор, акча көзүнөн учкандар, начар жашаганын өзүнөн эмес өзгөдөн, айрыкча дурус жашагандардан көргөндөр тартылат”,- деп жыйынтыктайт Баратбай Аракеев.

Автор андан ары өкмөт башчысы Темир Сариев күч органдарынын жетекчилерин жыйып, террордук иштерден алдын алуу, сак болуу чараларын көрүүнү тапшырганын, демек, биздин эл дагы баарын эле күч органдарына түртө бербей, ашкере исламдашкан экстремисттерден сак болуу керектигин эскертти.

Ушул эле санга журналист Үсөн Касыбековдун “Жашасын дүйнөдөгү эң калыс жана эң кынтыксыз биздин сот” деген макаласы жарык көрдү. Автор Биринчи Май райондук сотунун судьясы А. Боромбаев мамлекеттик айыптоочу 10 жыл катаал режимдеги абакка кесип, үй-мүлкүн конфискациялоону сурап жаткан Акматбек Келдибековдун коррупциялык кылмыш ишинин аягына чыгарган чекит койгон өз бүтүмүн жарыялаганын, судья Боромбаевдин чыгарган бүтүмү коомчулукту башка союл менен тартып жибергендей болгонун, социалдык тармактарда “боромбаевчил сот” ушу калыбында, ишин мындан ары да ушундай уланта берсе, коомдун ишеничинен биротоло кетерин, ал гана эмес чыдамы түгөнгөн эл толкундап, бир күнү көтөрүлүп чыгып, сот процесстерин Линч сотуна айлантып жибериши толук ыктымалдыгын жазып жатканын баяндады.

“Вечерний Бишкек” гезити журналист Бермет Маликованын “Ыйык жердеги ыплас оюндар” деген макаласын тартуулады. Макалада ар бир ажылыктан кийин айрым ишмерлер Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия менен Муфтиятка асылмай өнөрдү салтка айлантып алышканын, өткөн жуманын аягында болуп өткөн басма сөз жыйынында укук коргоочу Анварбек Төлөмүшов Кыргызстан мусулмандар башкармалыгынын башчысы Максат ажы Токтомушевдин жана Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын башчысы Орозбек Молдалиевдин отставкага кетишин талап кылып чыкканын, бул боюнча кандай сөздөр айтылып, эмне айыптар коюлганын аталган басылмадан окуп алсаңыздар болот.

Ушул эле гезит Оштун аэропортунан өзү башын айландырган адамдарды Сирияга жөнөтүп жаткан жеринен 19 жаштагы Ноокаттык жигит кармалганын, ал буга чейин Сирияга адам жөнөтүп гана тим болбостон, террористерди керектүү документ, акча менен камсыз кылуу жагын да чечип келгенин, үйүн тинтүүгө алганда колго жасалган жардыргыч куралдар, сим карталар, чөнтөк телефондор, тыюу салынган диний адабияттар, өрттөөчү бөтөлкөлөр чыкканын, атайын кызмат камакка алынган бул жигиттин буга дейре кимдер менен байланышып, Кыргызстанга жакын арада жасай турган террордук ишке кимдер менен даярдык көрүп жатканын иликтөөгө алганын жазып чыкты. Камакка алынган жигит Кыргызстанда тыюу салынган “Катибат аль-Имам Бухари” деп аталган террордук уюмдун активдүү мүчөсү болуп чыкты.

XS
SM
MD
LG