Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:08

Дин эркиндиги бийлик ыкласындабы?


Баяндамада Кыргызстанда исламдан башка диндерге ишенгендер жана башка диний жамааттардын мүчөлөрү арасында чочулоолор бар экени белгиленген.

Баяндамада Кыргызстанда исламдан башка диндерге ишенгендер жана башка диний жамааттардын мүчөлөрү арасында чочулоолор бар экени белгиленген.

Вашингтон Эл аралык диний эркиндик тууралуу 2013-жылдагы баяндамасын жарыялады. Анда диний ишмердүүлүк катуу чектелген Түндүк Корея дүйнөдөгү эң репрессивдүү режим деп саналды.

Ошондой эле Иранда, Сауд Арабияда жана Суданда мусулманчылыктан башка динди туткан адамдар үчүн коммунисттик Кореядагыдай эле катаал чектөөлөр киргизилгени айтылат.

Дүйнөдөгү динзарлардын абалы же диний эркиндик жөнүндөгү изилдөөнү АКШнын Мамлекеттик департаменти жыл сайын жарыялап турат. Анын максаты - ар кыл ишенимдеги адамдардын көйгөйлөрүнө эл аралык коомчулуктун көңүлүн бурдуруу.

28-июлда мамлекеттик катчы Жон Керри Вашингтондо Эл аралык диний эркиндик тууралуу докладдын бет ачарында көптөгөн өлкөлөрдө диний теңчиликке жетишүү үчүн узак жол басуу керектигин айтып, династиялык башкаруудагы Түндүк Кореядагы абалга өзгөчө токтолду:

- Өкмөттөр адамдарды диний эркиндиги үчүн өлтүргөнүн, камаганын же кыйнаганын токтотуу үчүн биз дагы көп жолду басышыбыз керек. Түндүк Корея бул жылкы докладда кайра эле диний ишмердүүлүктү такай жана катуу куугунтуктаган өлкө катары өзгөчөлөнөт.

Постсоветтик Тажикстанда, Түркмөнстанда жана Өзбекстанда өкмөт мыйзамдуу деп тапкан диндин өкүлдөрү гана диний ибадаттарды эркин аткара алат.

Жон Керри Борбор Азия мамлекеттеринин ичинен Өзбекстанда динзарлардын абалын "өкмөттүн өз букараларын абакка салуусу, динзарлар чогулган жайларга рейд жасоосу, диний адабияттарды конфискациялоосу жана жок кылуусу уланууда,” - деп белгиледи.

Өзбекстанда диний адабияттарды алып кирүүгө, өкмөттөн уруксаты жок диний таалим-тарбия берүүгө да тыюу салынган. Дин жөнүндө 1998-жылы кабыл алынган мыйзам бардык диний жамааттардын каттоодон өтүүсүн талап кылат. “Хизб-ут Тахрир”, “Акрамийлер”, “Таблиги жамаат”, “Нурчулар” сыяктуу топторго жана вахабийлерге Өзбекстанда тыюу салынган. Баяндамада бул өлкөдө диний көз карашы үчүн 12 миңге жакын адам абакта отурганы да белгиленген.

Мамдепартаменттин докладында Тажикстан 18 жашка толо элек жарандардын диний ибадаттарга катышуусуна уруксат бербеген дүйнөдөгү жападан жалгыз өлкө экени көрсөтүлөт. Ошон үчүн 18ге чыга элек улан-кыздар мечитке жана ар кандай диний жөрөлгөлөргө бара албайт.

Кыргызстандын Конституциясы бардык жарандардын диний эркиндигин камсыздайт. Бийлик коопсуздукка коркунуч туудурат деген негизде кээ бир диний топторду каттоону чектөөнү улантууда. Исламдан башка диндерге ишенгендер жана башка диний жамааттардын мүчөлөрү арасында чочулоолор бар экени белгиленет.

Тажикстан, Түркмөнстан, Өзбекстандагыдай эле Кытай менен Кубада өкмөт уруксат берген гана диний ишмердүүлүк мыйзамдуу деп эсептелет.

Жон Керри 180 миллион калктуу Пакистанда жылына жүздөгөн адамдар диний араздашуунун курмандыгы болуп жатканына да токтолду:

- Пакистанда согушкерлер жаатташтык кан төгүүдө 500дөн ашуун шийит мусулманды өлтүрдү; былтыр чиркөөдөгү бомба чабуулунан 80 христиан мыкаачылык менен өлтүрүлдү. Пакистан өкмөтү жооптууларды соттоо үчүн тийиштүү кадамдарды жасоосу керек.

Докладда Орусиянын өкмөтү “экстремизмге” каршы жаңы мыйзамды диний азчылыктарды чектөө, чет өлкөлүктөрдүн диний уюмдардын ишине катышуусуна тыюу салуу үчүн пайдаланганы, бийлик орус ортодокс чиркөөсүнө артыкчылык бергени айтылат.

2013-жылы дүйнөнүн калабалуу бөлүктөрүнөн миллиондогон мусулмандар, христиандар, индустар жана башка диндердин өкүлдөрү өз ишеними үчүн там-жайын таштап көчкөнгө мажбур болгон.

АКШ Мамдепартаментинин Диний эркиндик жөнүндөгү иликтөөсүндө айтылгандай, Борбордук Африка Республикасындагы христиандар менен мусулмандар арасындагы жаатташуунун айынан эле 2013-жылы 1 миллиондон ашуун адам бозгунга айланган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG