Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:10

Чехиялык сүрөткердин тамашасы же түрк дааратканасынын чатагы


Чехия Евробиримдикке төрагалык кылганына 15 күн болбой жатып, Болгариядан кечирим сурады. Буга Брюсселдеги Еврокеңештин имаратына орнотулган Европанын картасы кейпиндеги көркөм экспозицияда Болгариянын жерге тегиз жасалган түрк дааратканалары сыяктуу көрсөтүлгөнү себеп болду.

Евробиримдиктин картасы кейпиндеги мозаика-инсталляцияда уюмга мүчө ар бир өлкө символдор менен берилген. Румыния адам жегич Дракуланын сепили формасында жасалса, суу астына чөөкөн Голландиянын сөлөкөтү минареттерге жыш толгон. Литванын картасында Беларусту карай чыркап турган аскер адамдарына окшош бирөөлөр турса, Германияны каптаган тогуз кан жол свастиканы элестетет. Болгариянын сөлөкөтү түрк туалети сыяктуу кылып жасалган.

Бул, чех сүрөткери, инсталляциянын башкы автору Давид Черныйдын айтымында, Болгария узак жылдар Осмон падышалыгы астында болгонун билдирет. Болгария көркөмдөлгөн калып өлкөнү шылдыңдайт деп, аны алып салууну талап кылды. Чехия Болгариядан кечирим да сурады. Ошол эле учурда, чех вице-премьер-министри Александр Вондра «Ентропа» деп аталган көркөм композицияны эркин чыгармачылыктын символу, демократиянын бир принциби деп, коргоого алды:

-Биз өз оюбузду эркин билдирүү үчүн мейкиндик түздүк. Биз, ошондой эле, Темир коргон кулагандан 20 жылдан кийин Европада цензура жок экенин тастыктоону көздөдүк.

Вондра инсталляция Чех өкмөтүнүн көзкарашын эмес, европалыктарда калыптанган түшүнүктү чагылдырганын да белгиледи.

Болгариялык журналист Асен Индижев көркөм образга нааразы болсо да аны алып салууга каршымын дейт:

-Бүтүндөй экспозиция шылдыңдагандай жасалган деп ойлойм. Кээ бир өлкөлөр анча кытыкка саябай жасалган. Бельгияны шоколаддын кутусу билдирсе, Грекия алоологон жалын астында жасалган. Бирок, кумсалардын туусун жерге сайып жаткан диниятчылар Польшаны билдирет, ал эми Болгария жерге тегиз жасалган даараткана кейпи көрсөтүлгөн. Бул мага жакпайт. Инсталляциянын ар бир өлкө өзүн жакшы жактан көрсөтүүгө умтулган Министрлер кеңешинин имаратына орнотулганы мага жакпайт. Бирок эмне кылабыз?

Чех сүрөткерлеринин Словакияны бир кесим венгр саламиси сыяктуу же чочконун жука кесилген этиндей кылып жасаганы да словактарга жага бербеди. Муну менен алар Словакиядагы 800 000 чамалуу венгр азчылыгы улуттук өкмөт үчүн чоң баш оору экенине ишаара кылышкат. Маалыматтарга караганда, словак жетекчилиги көркөм чыгармага кандай мамиле билдирүү жагын ойлонуштуруп жатат.

Британия Евробиримдикке мүчө болсо да,өлкө уюмдун ишине жакшы аралашпайт деген чех сүрөткерлери килейген өлкөнү мозаикага кошпой койгон. Ошон үчүн инсталляцияда 26 гана өлкөнүн кейпи бар. Буга Лондон териккен эместей, үн чыгара элек.

Давид Черный «Ентропа» кайсы өлкөгө катуу тийсе, ал үчүн кечирим сурап, сүрөткерлер эч кимди шылдыңдагысы келбегенин билдирди:

-Биз кайсы бир өлкөнү кемсинтип койсок, ал үчүн кечирим сурайбыз. Биз кимдир бирөөнү шылдыңдайлы деп ойлогон эмеспиз.

Чыгармачыл топтун мүчөсү Томас Поспишилдин сөзүнчө, көргөзмө эл ичинде коңшу улуттар жөнүндө калыптанган пикирди гана билдирет:

-Мунун баары клише. Бул Европадагы былык пикир. Биз муну ойдон чыгарып, турумштан жолукчу көрүнүш, клише катары жараттык. Бул көркөм өнөр аркылуу адамдардын көңүлүн ачалы дедик.

Черный жана Поспишил да өз вице-премьер Вондранын артынан Болгариядан кечирим сурашып, эгерим болгарларды шылдыңдайлы деген ниеттери жок экенин айтышты. Черныйдын сөзүнчө, береги чыгарманын үстүнөн иштеп жатканда, бала кезинде Болгарияга барып, чехиядагыдай даараткана таппай калганы эске түшкөн жана ошол окуяны инсталляцияда көркөмдөп көрсөткөн.

Австриялык журналист Томас Шмидт мекени «Ентропада» атомдук станциялардын моорулары менен жасалгаланганына ыраазы жана «чех коңшуларыбыздын юморун түшүнөм» дейт:

-Ар бир адам бул экспозициядан Австрияны атомдук станциянын төрт моорусу деп көрөт. Бооруң эзилет. Себеби, бул биз Европадагы эң анти-атомчул элбиз. Бизди башка элдердей күлкүлүү кылып көрсөтүшпөптүр. Бул тамаша да.

«Ентропа» тамаша-экспозициясы эми ачылганы менен Брюсселге келген туристтердин сүйгөн жайына айланды. Көркөм композиция Чехиянын Евробиримдикке төрагалыгы бүткөнчө же 1-июлга чейин турат деп болжолдонууда.



XS
SM
MD
LG