Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:54

Рене Магритт 20-кылымдын көрүнүктүү сүрөтчүлөрүнүн көч алдындагы жоон тобуна кирет.

Магриттин ысымы сүрөтчүлөр чөйрөсүндө фантастикалык сюрреализмдин лөгү Сальвадор Дали менен кошо айтылат. Бирок Рене Магритт өзү картиналарымды магиялык сюрреализм стилинде тартам деген.

Магриттин карама-каршылыктуу жан дүйнөсү

Рене Магритт. Белгиянын борбору Брюсселде бул инсандын ысымын алган эки музей бар. Магиялык же сыйкырдуу сюрреализмдин опол тоодой алтаны деп таанылган Рене Магритт, бүгүнкү тил менен айтканда, ар кандай сый чогулуш, шаан-шөкөттүү салтанат, ызы-чуудан оолак жүрүп, 1967-жылы 70 жашында дүйнөдөн көчкөн. Сүрөтчүлүк өнөрүндө бельгиялык художниктин аты фантастикалык сюрреализмдин лөгү - испаниялык Сальвадор Далинин ысымы менен кошо айтылат. Магритт Дали сындуу серпилген муруту өйдө кайкалаган келишкен сылаңкороз эмес. Эгер Далинин акылды айран кылган картиналарынын сыры жети кабат жердин алдында катылса, Магритт өз полотнолорунда бизди курчаган реалдуу дүйнөнүн сиз мурда эч элестете албаган же байкабай жүргөн ажайып сүрөттөрүн тарткан. Магритт чагылдырган дүйнөнү, адамдарды, заттарды көргөндө анын чындыгына ишенгиңиз келбейт. Бирок музейден көчөгө чыккан соң дүйнөгө бир таңыркап карап, художниктин сүрөттөрүнөн көргөн элестерди байкаганга аракет кыласыз.

"Сүйүшкөндөр". Рене Магритт. 1928.

"Сүйүшкөндөр". Рене Магритт. 1928.

- Рене Магриттин сюрреалисттик картиналарынан күнүмдүк турмушта пайдаланып жүргөн заттар менен буюмдарды көрөбүз ,- дейт Брюсселдеги Рене Магриттин үй-музейинин жетекчилеринин бири Клорэ Тибо (Chloré Thibault) айым.

- Художник ал нерселерди көрүүчүнү ойлонтуунун механизминин ырааты катары пайдаланат. Магрит реалдуу дүйнөнү көрүүнүн бир жолун бизге сунуш кылат. Ал үчүн 1933-жылы elective affinities деген усулду ойлоп табат. Ал усул боюнча биз канчалык өзүбүздү эркин сезбейли, акыл-эсибиз менен көзөмөлдөй албаган күчтөр же эркибизге моюн сунбаган жагдайлар болот. Рене Магриттин сүрөтүн көргөндө сүрөттөгү объектти реалдуу дүйнө менен салыштырып, алардын айырмачылыгы жөнүндө сөзсүз ойлоносуз. Магриттин полотносу айлананы дагы бир жолу каратып, эмне үчүн мындай деп суроо бергенге түртөт. Бир мертебе художниктин зайыбы Жоржеттен интервью алып жаткан кабарчы: “Асман чынында эле Рене Магритт тарткан асманга окшош экен”, дейт. Ошондо: “Рене асман кандай экенин кылдат байкап, дал өзүндөй кылып тарткан. Ашыкча эч нерсе ойлоп тарткан эмес. Рене Магритт өз эмгектеринде айлана-чөйрөнү байкоонун жаңы жолун көрсөтөт ”,- деп айтат Магритт айым. Бул сөз Рене Магриттин чыгармачылык өзгөчөлүгүн мага таамай түшүндүрөт.

Радиоэфирден сүрөт жөнүндө жеткиликтүү айтып өтө берүү оор иш. Ошентсе да, көк асманда учуп бараткан көгүчкөндү, анын тулку боюна тартылган булуттарды; булут көчкөн көгүлтүр асман астында караңгы жамынган үйдү, дубал бетин жарык кылган электр панарды; көк жашыл шиберде жаткан жана ар мүчөсү ар башка өңдөгү айдай сулууну элестетиңизчи! Же эшиктин адам боюндай жери оюлуп жок, бирок караңгы бөлмөгө кире албайт, анткени жарык аны артка түртүп туру. Бир жуп кончтуу кара ботинка. Анын баш жагы адамдын бутуна айланып калган. Мунун баары Рене Магриттин кыл калеми менен тартылган сүрөттөр. Алар кээде кадимки фотографияга да окшоп кетет.

- Магритт “Адамдын тагдыры” деген сүрөтүндө кадимки айнектен көрүнгөн пейзажды тартат, - деп түшүндүрдү Брюсселде эмгектенген художник-дизайнер Ибрагим Бакиров. - Көрүүчү аны карап жатып, пейзаждын бир бөлүгү үйдүн ичиндеги картина экенин, ал үйдүн ичиндеги мольберттеги картина экендигин байкайт. Пейзаждын мольберттеги бөлүгүн иллюзия деп билсек, - эшиктеги көрүнүшүн реалдуу дүйнө деп түшүнөбүз.

"Адамзаттын тагдыры". Рене Магритт. 1933

"Адамзаттын тагдыры". Рене Магритт. 1933

Бирок реалдуу пейзаж турган дарак мольбертте турган сүрөттө тартылган жана сыртта турган дарак үйдүн ичинде туруп калган. Алыстан карасаң полотнодон пейзаж да, мольберттеги картина да иллюзия. Рене Магритт көрүүчүнү биз көргөн дүйнө балким жалган же толук чындык эмес, толук чындыкты билүү үчүн иллюзиянын артын карашыбыз керек деген ойго түртөт, - дейт.

Художник өзү: “Мага бир нерсенин үстүнөн ой жүгүртүү чексиз рахат тартуулайт. Мен өз сүрөттөрүмдө поэтикалык шокту (нес болуп таң калууну) жаратып, көрүүчүнү терең ойго салгым келет. Көзгө жагымдуу, бирок маңызы жок живописке сары чака да бербейм” деп жазган. Арийне Рене Магритт алдына үлкөн жана татаал максат койбосо, алдагыдай чеберчиликке жетет беле?!

Сүрөт өнөрүндөгү сыйкырдуу жана фантастикалык сюрреализмдин изин кыргыз поэзиясынан да кездештиребиз.

Талаада кайкалап Күз,

үйүлгөн саманы да,

үңкүйгөн сарайы да чалкаят бүт,

жамбашы талыгандан жантаят түш.

- - - - - - - - -

Кулактары калак болуп калдайып,

жатат күлдө топ эшек,

жыргап, оонап, дардайып,

Күн төбөдө күлүп турат жалжайып, - деп сүрөттөйт “Чак түштү” Шайлообек Дүйшеев сюрреалисттик ырында.

Рене Магритт тууралуу видео материал бул жерде:

Ибрагим Бакировдун айтуусунда, Рене Магриттин картиналары бизди курчаган чөйрөнүн ак-карасын, жакшы-жаманын биримдикте караганды үйрөтөт.

- "Жарыктын империясы” деген сүрөттө калың бактын арасындагы түнкү пейзаж, үй тартылган. Үйдүн терезеси жарык. Сырттагы көлмөнүн бетинде кечки бейпил түн чагылып турат. Бирок картинанын өйдө жагын карасак, күндүзгү асманды, учуп бараткан ак булутту көрөбүз. Бул сүрөттө Магритт бири-бири менен эч кездешпес күн менен түндү чогуу тарткан жана бул дүйнөнүн эки кырдуу жагын бир картинага сыйдырат. Биз бир нерсени эстегенде аны бир көз ирмем катары эстебейбиз, бүт баарын аралаш эстейбиз. Бул картина бизди жашоонун эки кырын таанып билгенге түртөт. Турмуштун оң жагына көз чаптырганда, сол жагын да байкашыбыз керек жана тескерисинче. Ошондо биз реалдуу чындыкка жакындайбыз деп ойлойм. Магритт ушундай ой жоруганга түрткү берет.

Ибрагим Бакировдун айтуусунда, Рене Магритт мазмуну жана стилдик жактан 15-кылымда өткөн Иероним Босх мифологиялык поэтикалык багытка жакын. Босх (1450-1516) Батыш искусствосунда эң табышмактуу живописчилердин бири деп саналат.

Жоржет Бергер - сүрөтчүнүн музасы

Рене Магритт болочок жары Жоржет Бергер менен алгачкы жолу 1913-жылы мектепте окуп жүргөндө таанышат.

"Ажайып мамиле". Рене Магритт. 1967.

"Ажайып мамиле". Рене Магритт. 1967.

Ал Брюсселдеги Падышалык адеми искусство академиясын окуп бүтпөйт. 1922-жылы Рене эркектик сезимин алгач ойготкон жана колунун табы али эсинен өчпөгөн Жоржет менен жолугуп калып, экөө көп узабай баш кошот. Рене өзүн аялына камдуу эркек катары көрсөтүү үчүн плакат, реклама тартып, акча табат. Кагаз фабрикасында дубалга жабыштырылчу туш кагаздардын сүрөттөрүн ойлоп табат. 1926-жылы художниктин алгачкы демөөрчүлөрү пайда болгондон кийин ал бүт убактысын сүрөт тартканга арнайт. Ошон үчүн, Рене Магриттин атактуу художник болуусунда Жоржеттин эмгеги чоң, - дейт Клорэ Тибо.

- Аялы Рене Магриттин негизги таянычы, финансылык колдоочусу болгон. Күйөөсү башка нерсеге алаксыбай сүрөт тартуусу үчүн Жоржет Магритт дүкөндө иштеген. Ал дайыма күйөөсүнө ал тарткан сүрөттөр тууралуу өз пикирин айткан сынчы, көргөзмөлөрүн уюштуруучу, сүрөттүн баасын коюучу адам, кеңешчи болгон. Жоржет күйөөсүнө өмүр бою психологиялык жактан да жакшы жардамчы болгон деп ойлойм. Бул да абдан маанилүү.

Келбеттүү жана ак жуумал жүздүү Жоржет күйөөсү үчүн сүрөттүн модели катары да баа жеткис кызмат кылган. Рене Магритт аялынын табигый сулуулугун “Кара магия” деген сериядагы картиналарында түбөлүктүү кылган. Ал сүрөттөрдөн Жоржеттин аялдык назы, акылы даана сезилет. “Адамды сүйүүдөн артык эмне толкундатат... Мен махабаттын мазмунун, сезимдин жаныңа тынчтык бербеген уйгу-туйгу абалын картинада чагылдырганды ар дайым каалачумун,” - дейт художник бир эскерүүсүндө.

"Шедевр же горизонттун табышмагы". Рене Магритт. 1955.

"Шедевр же горизонттун табышмагы". Рене Магритт. 1955.

Жоржет айымдын 1948-жылы тартылган жылаңач сүрөтү Магриттин Брюсселдеги үй музейинен 2009-жылы 29-сентябрда уурдалган боюнча табыла элек. “Гардиан” гезитинин жазышынча, “Олимпия” деп аталган бул сүрөттүн базар баасы 3 миллион евро болчу.

Бул музейдин Билим берүү бөлүмүнүн башчысы жана долбоорлор боюнча координатору Рене Магриттин Брюссель шаарында эки музейи болушунун себебин мындайча түшүндүрдү:

- Бул ырасында эле сюрреалисттик аңгеме. Рене Магриттин Брюсселдеги үйммузейи бельгиялык жеке адамдар менен жеке коллекционерлер тарабынан түзүлгөн. Аларга өкмөт, бийлик көмөктөшпөгөн. Себеби улуттук күчтүү идентификация, улуттук уңгу жок болчу. Ошондуктан художниктин үй музейи ачылган учурда жарандар Рене Магритт менен сыймыктанчу да эмес. Рене Магриттке эл аралык кызыгуу өсүп, анын таланты чар тарапта таанылган соң гана бельгиялыктар атактуу художнигибиздин музейин түзүшүбүз керек, деген жыйынтыкка келишти. Алты жыл мурда Падышалык көркөм өнөр музейинин бир канаты Рене Магриттин эмгектери үчүн бөлүнүп берилди. Мен Магритти Бельгиянын эң даркан сүрөтчүсү деп билем жана ал эки музейге татыктуу деп ойлойм.

Жазуучулар Магриттин магиялык сүрөттөрүнө шыктанып, эчен-эчен чыгарма жаратса, композиторлор музыка жазышкан. Кинорежисерлор фильм тартышкан. Анын сүрөттөрү эчендеген китептерди же музыкалык альбомдорду көркөмдөйт, компаниялардын логотибинде пайдаланылган. Мисалы, CBS компаниясынын логотибиндеги булут чагылган көз Рене Магриттин “Жалган күзгү” деген сүрөтү.

“Таймс” журналынын версиясына ылайык, Рене Магритт 20-кылымдагы эң мыкты 200 художниктин тизмесинде 32-орунда турат. Орун маанилүүбү же художниктин сизди курчаган реалдуу дүйнөнүн сыйкырдуу табышмагын көрүүгө түрткөнүбү?

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG