Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:40

Болгариялык профессор Татьяна Дронзина радикал исламчыларга кошулган казакстандыктарды жихадчы деп тырмакчага албай атоону сунуштайт. Дронзинанын Азаттыктын казак кызматына берген маеги кыргызчага которулду.

София университетинин саясий илимдеринин доктору аларды Сириядагы согушка аттанууга түрткү берген себептер менен факторлорду иликтеп келет. Татьяна Дронзина менен “Азаттыктын” казак кызматынын кабарчысы Светлана Глушкова маектешти.

"Азаттык": Демек сиздин сереп салууңуз боюнча, казакстандыктардын Сириядагы "жихадчыларга" кошулуусуна эмне түрткү берүүдө? Себептер катары экономикалык же социалдык проблемаларды айтууга болобу?

Татьяна Дронзина: Иликтөө натыйжалары азырынча толук чыга элек, андыктан жообум да толук болбой калышы мүмкүн. Бирок кээ бир нерселер тууралуу эскертип кетейин. Көпчүлүк терроризмди кедейчилик менен байланыштырат, ал эми иликтөө экөөнүн ортосунда түздөн-түз байланыш жок экенин көрсөттү. Антпесе кедей өлкөлөр же аймактар нагыз террорист болуп чыгат эле, бирок андай эмес да.

Бул жерде ойлондурган бир нече жагдай бар. Биринчиден, эч ким “жихадга” өз ыктыяры менен кеткен жери жок, аларга кимдир бирөө “көмөктөшкөн”. Демек, эл арасында мыкты уюмдашкан үгүт-насаат түйүнү бар.

Экинчиден, Казакстандан барган согушкерлерди кедей же бечара адамдар деп айта албайбыз. Алардын арасында жогорку же орто билимдүүлөрү, жакшы жумушу барлар да бар. Кай бирлери элиталык мектепти бүтүргөн, чоң шаарда жашаган. Маргиналдар гана кетип жатат деп айтууга болбойт.

Үчүнчүдөн, көбү бала-бакырасын, бир тууганын алып кеткен, аялдары күйөөлөрүнүн айтканын эки кылбастан ээрчип барган.

Адамдын жеке чечим чыгаруусуна социалдык, экономикалык, маданий факторлордун жыйынтыгы таасир этет. Бул «Терроризмдин аял келбети» деген китебимдеги дагы бир гипотезаны ырастайт. Мындай типтеги терроризм эски баалуулуктар кыйрап, жаңысы али калыптана элек жерде пайда болот. Казакстан коому азыр дал ушундай абалда.

"Азаттык": "Терроризмдин аял келбети" деген китебиңизде теракт жасаган аялдардын көбү эч кандай дин тутунбаган, аларды бул аракеттерге барууга кандайдыр бир жагдайлар түрткү берет деген ой айтылат. Сиз бул оюңузду Сирияга "жихадга" аттанган аялдар тууралуу маалыматтарга таянып айтасызбы же социалдык тармактар аркылуу "жихадга" чакырып жаткан үндөөлөр негизинде ушундай корутундуга келдиңизби?

Дронзина: Аялдарды суицидди тандоого түрткү берген негизги фактор дин эмес. Анткени жанкечти аялдардын арасында мусулман, христиан, же эч кандай динди карманбаган атеисттери да бар. Ал аялдардын көбү социалдык стигмага туш болгондор. Бул - бала төрөй албоо, ажырашуу, бөтөн эркек менен катнашта болгон, турмуш курууга жол бербей турган кандайдыр бир оору сыяктуу жагдайлар. Жанкечти аял өзүн өзү жардырып жиберүү аркылуу мурунку стигма статусун баатыр аял мартабасына өзгөртөт. Алар бул макамга ажал аркылуу гана жете алышат.

Бул божомолумду жаңыдан ачылган жагдайлар да тастыктап отурат. "Ислам мамлекети" деген радикал уюмдун чакырыгына баш ийип, "жихад-ал-никах", башкача айтканда “махабат жихадына” баргандар согушкерлерге күйөөгө тиет же "жихадчылардын" жоокердик духун көтөрүү үчүн алардын жыныстык муктаждыктарын канааттандырган аялдарга айланышат.

"Азаттык": "Казакстандыктардын Сирияга согушка тартылуусунун себептеринин бири – алардын диний көз карашы үчүн кодулоого туш болушу" деген пикирге кошуласызбы?

Дронзина: Терроризм – диний эмес, саясий кубулуш. Мында кодулоого туш болгондуктан кетип жатканын эч ким айта алган жок жана андай ойду четке кагышууда. "Ислам мамлекети" деген радикал уюмга кеткен аялдарды иликтөө убагында андай себепти байкай албадым.

"Азаттык": Өлкөгө кайра келген "жихадчыларды" Казакстанда эмне күтөт деп ойлойсуз?

Дронзина: Кайтып келгендер Казакстан мыйзамына ылайык сот жообуна тартылат деп ойлойм жана муну туура деп эсептейм. Көбү өкүнгөнүн айтканы менен, алардын дилинде эмне бар экенин билбейсиң да. Чын эле өкүнүп кайра келдиби, же үгүтчү, же жеткен террорист болуп кайрылдыбы - анысын билбегендиктен, бул жерде да адилеттүүлүк болушу керек. Алдагы "жихадчылар", алардын үй-бүлөсү менен диалог жүргүзүү зарыл, бирок алар Казакстанда жазасын алууга моюн сунушка аргасыз.

"Азаттык": Сирияга агылып жаткан аялдарды жана эркектерди бир нерсе кылып токтотууга болобу? Алар тек динчил адамдар элеби же акча табуу үчүн кеткендер да барбы?

Дронзина: Мен мындай чараларды сунуштаар элем. "Ислам мамлекети" деген радикал уюму жана анын кылмыштык аракеттери тууралуу чындыкты ачык жазып, ачык айтуубуз керек. «Жихад баатырларынын» 190 адамдын өмүрүн кыйып, миллиондогон үй-бүлөлөрдү бозгунга айландырганын, мусулман эмес үч миң аялды жыныстык күңдүккө алганын ачык айтышыбыз керек.

Согушкерлер басып алган шаарлардагы мусулман үй-бүлөлөр 14 жаштан ашкан кыздарын "махабат жихадына" жиберүүгө милдеттендирилген. "Ислам мамлекети" радикал уюму кулчулукту расмий түрдө мыйзамдаштырып, аялдарды сатуунун прайс-барактарын (баалар жазылган барак) бекиткен. "Ислам мамлекети" радикал уюмунун чыныгы ислам менен эч кандай тиешеси жок экенин элге түшүндүрүү зарыл.

Светтик мамлекет негиздерин бекемдөө, жаштарды өз алдынчалыкка, жеке өзүнүн, үй-бүлөнүн жана мыйзамдын алдында жоопкерчиликти сезе билүүгө үйрөтүшүбүз кажет.

Ал эми суроонун экинчи бөлүгү боюнча айтарым, Сирия согушуна динчилдер же акча тапкысы келгендер гана тартылып жатат дегенге болбойт. Аларды бул кадамга эмне түрткөнүн менин иликтөөм эле эмес, Казакстанда жүргүзүлүп жаткан дагы башка изилдөөлөр аяктаган соң биле алабыз.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG