Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:54

AI: Эгемендик адам укугун бузууну актай албайт


Орусияда эркин жыйналууга укук барган сайын көп бузулуп жатканы айтылат
Орусияда эркин жыйналууга укук барган сайын көп бузулуп жатканы айтылат

“Эл аралык мунапыс” уюму адам укугу бузулган учурларга анализ камтылган жылдык докладын бүгүн жарыялады. Анда 159 өлкөдөгү кырдаал талданган.

Отчетто кыйноолор, түрмөлөрдөгү катаал шарт, адам укугун коргоочу активисттерди кысмактоо жана сөз эркиндигине чабуул менен байланышкан окуялар документтештирилген.

Докладда дал ошол адам укугу деп безилдеген активисттер жагдайды өзгөрткөнгө канчалык таасир эткени да айтылды.

"Эл аралык мунапыс" (Amnesty International) корунун баш катчысы Салил Шетти видео кайрылуусунда: “Зөөкүр өкмөттөр өздөрүнүн былык иштерин мындан ары эгемен экени менен актай албайт”, - деп билдирди.

"Өкмөттөр өз элинин укугун коргош үчүн түзүлгөн, бирок азыр алардын айрымдары тетирисинче өз жарандарынын жана өзүндө жашаган башка адамдардын укугун тепсеп жатат. Бүгүнкү күнү биз жашап жаткан калымда “бул биздин ички ишибиз” деген өңдүү шылтоо - такыр кабыл алынгыс нерсе", - дейт уюмдун башчысы.

Аталган кордун Жакынкы Чыгыш жана Түндүк Африка боюнча программасынын директору Филип Лузер “Азаттыкка” Ирандагы абал жөнүндө айтып берди.

"Биздин уюм былтыр жана быйыл да Иранда улантылып жаткан камоолордун толкундарын каттап жүрөт. Юристтер, студенттер, журналисттер, саясий активисттер менен алардын жакын туугандары, кино тарткандар жана чет мамлекеттер менен байланышы бар адамдар камалды. Маселен, Би-Би-Синин Перси кызматы менен байланышы барлар жөнүндө айта алабыз. Ондогон киши камалып, кыйноолорго алынды. Алардын арасында абийир туткундары бар, дагы бирөөлөргө чет өлкөгө чыгууга тыюу салынды", - деди Лузер.

Уюмдун Ооганстан боюнча изилдөөчүсү Хория Мосадык “Азаттыктын” суроосуна жооп берип жатып, бул өлкөдө аялдардын абалы начарлап кеткенин белгиледи.

"Баяндамада аялдарга каршы зомбулук жөнүндө да айтылган. 2012-жылдын жети айынын ичинде эле аялдарга кордук көргөзгөн 4000ден ашуун окуяны каттадык. Бул ага чейинки жылдарга салыштырганда, зомбулуктун бул түрү 28% өстү дегенди билдирет", - деп белгиледи изилдөөчү.

Докладдын авторлору эл оюн эркин билдиришине каршы бийликтердин аракеттери ар кандай деңгээлде Азербайжан, Армения, Казакстан, Өзбекстан жана Түркмөнстанда байкалганына көңүл бурушат.

Орусия боюнча бөлүгүндө алар тынч саясий демонстрациялар “репрессияны” жаратканын, анын ичинде эркиндикке каршы мыйзамдардын кабыл алынышын, активисттер менен журналисттердин жана юристтердин кодуланышын айтышты.

“Азаттык” менен сухбатында уюмдун Европа жана Борбор Азия боюнча программасынын директорунун орун басары Давид Диаз-Жожекс кыргыз бийликтери үч жыл мурдагы июнь окуяларынан кийин өзбектерди дискриминациялоо үчүн айыптаганына токтолду.

"Өзбектер ошол июнь окуялары менен байланышкан кылмыштар үчүн ашыкча камалып, айыпталып жатканынын мисалдары тууралуу кабарладык", - дейт ал.

Жожекс Грузиядагы абал жөнүндө да сүйлөп, азыркы жаңы өкмөт өтө кылдат саясий тең салмактуулукту талап кылган жолдо турат деди.

"Азыркы өкмөт, бир чети, сот системасын реформалоону каалайт. Экинчи жагынан, буга чейинки администрациянын былык иштерин иликтөөдө өзүнүн саясий оппоненттеринен өч алгандай аракет болбошун камсыздашы керек", - деп белгиледи.

“Эл аралык мунапыс” кору Беларусту ырайымсыз, таш боор жол менен ишке ашырылып жаткан өлүм жазасынан баш тартууга чакырды. Молдованы болсо сексуалдык азчылыктардын дискриминациясынын алдын алуу үчүн жетиштүү аракет көрбөй жатат деп сындады.
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG