Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 5-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:45

Олимпиада: качкындарга үмүт берген команда


Рио олимпиадасына катышып жаткан качкындар командасы.

Рио олимпиадасына катышып жаткан качкындар командасы.

Рио-де-Жанейродо 5-августта башталчу Олимп оюндарында тарыхта биринчи жолу Качкындар курама командасы катышат. Команда ар кандай кырдаалдан улам өз өлкөсүнөн журт которууга аргасыз болгон 10 атлеттен турат.

18 жаштагы Юсра Мардини мекенин таштап качууга аргасыз болгон миллиондогон сириялыктардын бири. Абадан урулган кезектеги соккудан үйү урап калганда ата-энеси Юсрага сиңдисин кошуп алыскы туугандары менен коңшу Ливанга жөнөтүшөт.

Секелек кыздар Ливан аркылуу Түркияга өтүшөт. Андан 6-7 киши бата турган кайыкка 19 адам менен бирге отуруп Грецияны көздөй сапар алышат.

Ашыкча салмактан улам кайыктын мотору иштебей, сууга чөгө турган болот. Аргасы кеткен Юсра Мардини сиңдиси экөө сууга секирип, кайыкты Грециянын Лесбос аралына чейин түртүп барышат.

- Кайыкта жакшы сүзө алгандардан сиңдим экөөбүз жана дагы бир бозгун аял бар экен. Биз белибизге жип байлап алып, бир колубуз менен кайыкты кармап, экинчи колубуз менен сүзүп бараттык. Толкундар өтө чоң эле, акыркы жарым саат абдан үшүп, кыйналып, жээкке зорго жеттик. Айланамдын баары боз деңиз болчу. Ошондон бери ачык деңизди жаман көрөм.

Сириялык спортчу Юсра Мардини

Сириялык спортчу Юсра Мардини

Ажалдан араң кутулган сириялык эже-сиңди акыры Бельгиядан башпаанек табышат. Юсра бул өлкөдө качкын макамын алып, спорт менен машыгуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болот. Ал учурда Олимпиадага катышып жатканына өтө кубанычта экенин Риодо өткөн маалымат жыйынында айтты:

- Бул мен үчүн чоң сыймык. Мен бактылуумун. Бул чоң сезимди жеткирүү абдан кыйын. Албетте мени колдогондорго - Эл аралык Олимпиада комитетине, эки машыктыруучума, үй-бүлөмө, досторума, командама жана дүйнөдөгү бардык качкындарга ыраазымын.

Мардининин жердеши Рами Анис болсо Сириядан 2011-жылы чыгып кеткен. Ал маалда Анистин жашаган Алеппо шаарында куралдуу жаңжал жаңы эле башталган эле. Рами Анис да Түркия аркылуу Европага келген. Көп өтпөй ал Бельгиядан качкын макамын алып, "Гента" сууда сүзүү клубунда машыгуусун уланткан:

- Албетте бул ар бир спортчунун кыялы. Мен бала кезимде Олимп оюндарына өз өлкөмдүн туусу менен катышсам деп кыялданчумун. Азыр качкын катары да катышып жатканыма сыймыктанам. Албетте мен өз мекеним Сирия тууралуу көп ойлоном. 2020-жылы өтчү Токио оюндарында качкындар командасы болбойт деп үмүттөнөм.

Биринчи жолу Качкындар курамасы тууралуу Эл аралык Олимпиада комитетинин башчысы Томас Бах 2016-жылдын январь айында сөз козгогон. Ал учурда көпчүлүк демилгени этибарга алган эмес. Атүгүл айрымдар Европада актуалдуу болуп жаткан качкындар көйгөйүнө байланыштуу айтылган популисттик сунуш катары кабыл алышкан.

Көп өтпөй Бириккен Улуттар уюмунан расмий түрдө качкын макамын алган, жайкы спорт оюндары боюнча мыкты жыйынтыктарды көрсөткөн спортчулар изделе башталган. Натыйжада 43 адамдан 10 спортчу тандалып алынды. Жакында эле өткөн жыйындардын биринде Эл аралык Олимпиада комитетинин төрагасы Томас Бах буларды айтты:

- Качкындар командасы башка спортчулардай эле мелдештерге катышат. Жөө күлүктөр алардын башынан өткөн ар кандай окуяларга карабастан өз таланттары жана кажыбас кайраттары менен коомго пайда алып келе аларын көрсөтүшөт. Качкындар командасы ар кандай жаңжалдардан улам мекен-жайын таштап кеткен миллиондогон адамдардын атынан катышат. Бул команда дүйнөдөгү бардык качкындарга үмүт берет.

Юсра Мардини менен Рами Анис машыгуу учурунда

Юсра Мардини менен Рами Анис машыгуу учурунда

Командадагы беш жөө күлүктүн окуялары бири-бирине куюп койгондой окшош. Алардын бардыгы Түштүк Судандагы жарандык согуштан баш калка издеп качууга аргасыз болушкан. Он миңдеген башка мекендештериндей эле бешөө тең коңшу Кениянын аймагында жайгашкан 180 миңден ашык качкынды батырган ири лагерде паанек табышкан.

Жөндөмдүү качкындарды Олимпиада чемпиону Тегла Лорупе байкап калып, ошол эле лагерде машыгуучу жай уюштуруп, даярдай баштаган.

Дзюдочулар Йоланде Букаса Мабика менен Пополе Мисенга Конго Демократиялык республикасында Букаву шаарында төрөлүшкөн. 2013-жылы мекениндеги жарандык согуш маалында жетим калган бул спортчулар балдар үйүндө тарбияланып, бала чагынан дзюдо менен машыккан. Кийин Бразилияга качып, ал жактан качкын макамына ээ болушкан.

Ал эми Йонас Кинде эфиопиялык атлетчи. Ал саясий себептерден улам мекенинен чыгып кетүүгө мажбур болгон. Йонас Люксембургдан 2012-жылы баш паанек тапкан. Ал Люксембургда такси айдап жан багат.

Качкындар командасы Олим оюндарынын туусунун алдында катышат. Ал эми алар жеңишке жетишсе, сыйлык тапшыруу маалында олимп оюндарынын гимни жаңырат. Спортчулардын бардык чыгымдарын Олимпиадалык комитетке караштуу “Олимпиадалык тилектештик” фонду көтөрөт.

Улуттар Уюмунун соңку маалыматтарына ылайык, 2015-жылы дүйнөдөгү качкындардын саны 65 миллиондон ашкан.

  • 16x9 Image

    Элиза Кененбаева

    "Азаттыктын" Прага шаарындагы кеңсесинин кызматкери, "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу (2011-2013). Кыргыз-Орус (Славян) университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG