Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:02

Радикал исламчылар Пальмирадагы көөнө храмды талкалашты


Пальмирадагы байыркы имаратка илинген ИМдин желеги.
Пальмирадагы байыркы имаратка илинген ИМдин желеги.

Биздин доордун 1-кылымына таандык делген Баал-Шамин храмы ант доорунун акыркы эстеликтеринин бири катары саналчу. Маалыматтарга караганда, жардыруу учурунда храмга жакын турган Байыркы Рим түркүктөрүнүн да бир нечеси жабыркады.

ИМ тобунун согушкерлери ЮНЕСКОнун мурастар тизмесиндеги Пальмира шаарын май айында басып алышкан. Бир нече күн мурун алар шаардагы байыркы архитектуралык комплекске баш-көз болуп келаткан 81 жаштагы археолог Халед Асадды өлтүрүшкөн.

XS
SM
MD
LG