Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:49

Бразилия: спорт менен кошо кызыган саясат


Дилма Русеф
Дилма Русеф

Быйылкы жайкы олимпиада оюндары өтүп жаткан Бразилия спорттук таймаштар менен кошо ички саясий окуялары менен да дүйнө коомчулугунун көңүл чордонунда. Коррупцияга шектелип кызматынан убактылуу четтетилген президент Дилма Русефке мыйзам бузган деген айып расмий түрдө тагылды.

Шаршемби күнү Бразилиянын Сенаты өлкө башчыга карата импичмент процессин баштоо тууралуу чечим кабыл алды. Талдоочулар бул жараян аны кызматтан таптакыр алып түшүү менен аякташы ыктымал деп боолгоп жатышат.

Дээрлик 16 саатка созулган талкуу, талашып-тартышуудан кийин өлкө парламентинин сенаторлору басымдуу көпчүлүк менен импичмент жарыялоону чечти. 59 сенатор макул, 21и каршы деп добуш берген чечимде «Русеф Бразилиянын экономикасы кептелген чыныгы абалды жашыруу максатында мамлекеттик бюджеттин чыгашасы тууралуу маалыматты бурмалаган» деп жазылды.

Өлкө Баш мыйзамы боюнча мындай иш мыйзам бузуу катары эсептелет.

Дилма Русефге каршы пикет. 2015-жыл
Дилма Русефге каршы пикет. 2015-жыл

Русефге импичмент жарыялоо аракети быйыл жыл башында жалпы экономикалык абал терең кризиске кептелип, президенттин популярдуулугу кескин төмөндөп кеткен учурда башталган. Буга биринчи кезекте президенттик администрациянын айрым кызматкерлери Бразилияда мунай өндүрүүчү мамлекеттик ири ишкана - Petrobras компаниясындагы жемкорлукка аралашкан деген маалымат себеп болгон.

Русефтин тарапкерлери ага жана тегерегиндегилерге коюлуп жаткан айыптын баарын четке кагып келишет. Алар президент айымга жасалып жаткан басымды «мамлекеттик төңкөрүш, мыйзамдуу түрдө шайланып келген өлкө башчыны тактан күч менен кулатуу аракети» деп атоодо.

Ал өзү да коюлуп жаткан айыптын баарын негизсиз деп айтып келатат:

- Азыркы убактылуу бийлик мыйзамсыз, себеби аларды эл шайлаган жок. Биз кайтып келүү үчүн күрөшүбүздү уланта беребиз. Парламенттин ишенимин кайтарабыз, - деп айткан ал өткөн айда.

Рио-де-Жанейро
Рио-де-Жанейро

Бирок президенттин каршылаштары ал жүргүзгөн экономикалык саясат майнапсыз болгонун жүйө келтирип, Русеф мамлекетти башкаруу жөндөмүн жоготконун, ошонун айынан экономикалык кризис каптаганын айтууда.

Русеф кызматынан убактылуу четтетилгенден кийин бул милдетти аткаруу орун басары Мишел Темерге жүктөлгөн. Эгер ал чынында эле күнөөлүү экени далилденсе, президенттик кызматын таптакыр бошотуп берүүгө милдеттүү болот. Ордуна, мыйзам боюнча, Мишел Темер келет.

Ал арада саясий жана экономикалык кризис каптаган Бразилия төрт жылда бир келчү дүйнөлүк Олимп оюндарын түрдүү кооптонууларга карабастан орчундуу тоскоолдуктарсыз өтүшүн камсыз кылып жатат.

Белгилүү болгондой, оюндарды өткөрүүгө өтө көп сумма, 12 миллиард доллардан ашык каражат бөлүнүп жатканына нааразы тургундар Олимп отун күйгүзгөн күнү түрдүү каршылык акцияларын уюштурган. 20-августта жыйынтыктала турган олимпиада ортолоп калды, кандайдыр бир ири проблеманын чыгышына же үзгүлтүккө учурашына бийлик жол берген жок.

Кылмыштуулук, террордук чабуулдар, Зика вирусу сыяктуу коркунучтарга байланыштуу эскертүүлөргө карабастан Рио-де-Жанейрого күтүлгөндөй эле жарым миллион турист келди. Коопсуздукту 85 миң күч кызматкери камсыз кылууда. Буга чейин, 2012-жылы Лондондо өткөн жайкы олимпиадага салыштырганда бул эки эсе көп.

Бирок олимпиаданын 5-августта өткөн ачылыш салтанатына катышкан ардактуу коноктор, чет өлкө лидерлеринин саны, Лондон оюндарына караганда эки эсе аз болгон. Буга албетте, ачыкка чыккан ички саясий кризис биринчи себеп болду.

Эмгекчилер партиясынын өкүлү, 68 жаштагы Дилма Русеф президенттик кызматка 2011-жылы келген, 2014-жылы экинчи мөөнөткө шайланган.

XS
SM
MD
LG