Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 13:23

Кыргыз Республикасынын туусу жөнүндө пикир


Кызыл туу мурдагы президент К.Бакиевдин режимин кулаткан 2010-жылкы элдик ыңкылап учурунда да күрөш символу болду. 07.04.2010.

Кызыл туу мурдагы президент К.Бакиевдин режимин кулаткан 2010-жылкы элдик ыңкылап учурунда да күрөш символу болду. 07.04.2010.

Учурда Кыргыз Республикасынын туусу менен гербин алмаштыруу боюнча демилге көтөрүлүп, аны парламенттик комиссия карап жаткандыгы жөнүндө массалык-маалымат каражаттарында кеп-сөз боло баштады.

Албетте, мамлекеттик символдордун мааниси абдан чоң.

Алар саясий да, идеологиялык да, руханий да олуттуу мааниге ээ болуп, улуттун улуу максатын, идеясын, тарыхын жана келечегин чагылдырып турат.

Тарыхчы илимпоз, доктор, профессор Ташманбет Кененсариев.

Бирок, биздин оюбузча, Кыргызстандын социалдык-экономикалык абалы начар болуп турган азыркы күндө мындай маселелерди көтөрүүнүн зарылчылыгы жок эле. (Мисалы, Бишкекти Манас деп атоо, айрым көчөлөрдүн, элдүү пункттардын аттарын кыргызчалоо, мамлекеттик символдорду карап чыгуу сыяктуу).

Каражатты жана күчтү, демилгени жана интеллектуалдык акылды өлкөнүн алдында турган актуалдуу маселелерди чечип алууга жумшоо керек. Антпесе, “мамлекет катары жашай албай калышты” (несостоявщееся государство) деп дембе-дем сайрап жатышкан кай бир саясатчылардын пикирин таш каптыра турган абалга качан жетишебиз?

Суверендүүлүгүбүздү чыңдап, башка улуу-кичүүлөр менен тең ата мамиле кыла ала турган статуска жеткенден кийин гана буга окшогон маселелерди чечүүгө киришүүгө болор эле. Анын да убагы келер...

Ошондой болсо да, ырас маселе көтөрүлгөндөн кийин, менде тарыхчы катары айтайын деген айрым пикирлер пайда болду. Эмесе, сөздү Кыргызстандын символдорунун бири болгон ТУУга буралы.

“Асаба”, “Туу” терминдеринин маанисин саясатчылар, кай бир коомдук ишмерлер чаташтырып жатышат деп ойлоймун. Бир катар саясатчылар, анын ичинде окумуштуулар да “туу” деп жыгачын (таягын), ал эми “асаба” деп кездемесин (материалын) түшүндүрүшүүдө. Мен мындай түшүндүрмө бир жактуу, ал бир катар тактоолорду талап кылат деген пикирдемин:

Алгач “асаба” терминин талдап көрөлү. Бул термин көптөгөн оозеки жана жазма булактардагы материалдарда эки мааниде колдонулат экен.

Биринчиси – жумуру, узун таякка ашталган материянын (кездеменин, матанын) атайын белгилүү өлчөмдөгү кесиндиси. Мындай ойду академик А.Ч.Какеевден баштап бир катар окумуштуулар жана саясатчылар айтышат.

Урматтуу академик Кыргыз мамлекеттигинин 2200 жылдыгын окутууга арналган лекциялардын жыйындысында “Государственные символы Кыргызской Республики” деген темадагы лекциясын жарыялап (Б.,2002), анда “Полотнище – асаба – отрезок ткани во всю ширину сотканного куска. (“Полотнище флага”.С.И.Ожегов, с.480) деген пикирди келтирет.

Экинчиси - Түз жыгачтан даярдалган, учуна темирден, калайдан, жезден ашталган “учу” (острие) бар, учунун төмөнүрөөк жагына орнотулган түпөгү бар таяк. Бул биздин аныктама. Демек, «асаба» кездемеден даярдалган тууну аштап коюучу керектүү предмет - аса таяк.

“Асаба” деген терминдин этимологиясы (түпкү мааниси) “аса” деген сөздөн келип чыгат деп ойлойбуз. “Аса” сөзү кыргызда “таяк”, “келтек” деген маанини берет. Мисалы: “аса таяк”, “аса келтек”. Кыргыздар мурунку кездерде асамуса деген жыгачтын түрүнөн атайын таяк жасашкан (посох из абелии). Көбүнчө мындай таяктарды думаналар, бакшылар, жер кескен жолоочулар колдонушкан. “Шалдыркандуу аса таякчан думана” деген ылакап бар. Кээде жөн эле таяк таянган адамды “аса таянган адам” деп аташкан. Кыргызда “доо карыбайт, аса чирибейт” деген макал бар.

Демек, “асаба” сөзү кездемени эмес, ал кездеме тагылган таякчаны (шест, древо) түшүндүрөт. Кыргызча-орусча сөздүктө К.К. Юдахин “асаба” сөзүнүн орусчасын “флаг” деп берет (М.,1965,74-б.).

Бирок, бул туура эмес котормо болгон деп ойлоймун. Чынында ал “флагшток” деп которулуш керек эле. “Флагшток” деген сөз тууну (флагды) кармап туруучу жыгач-асаны (древо, шест) түшүндүрөт.

“Асаба” сөзү фольклордо да, практикада да бир беткей колдонулбай келет. Мисалы, Манаста “Көкөтөйдүн кызыл туу, көтөрүлгөн мына бу, айчыгы көктө жаркылдап, Асабасы жибектен, шамал тийсе жалпылдап” деген айкаштарда “асаба” туунун кездемеси (знамя, стяг, полотнище) катары берилсе, ошол эле Манаста кайрадан “Ойлоп көрсөң ушуну, тууга сайган жыгачы отуз кулач узуну” деп, асаба жыгач (шесть, древо) катары, ал эми кездемени “туу” деген түшүнүккө ыйгарат. (Сагымбай О.уулу. Манас, 3-китеп,-Ф.,1981.-51-б.).

Эгер “асаба” сөзү А.Ч.Какеев жазгандай, туунун кездемесин түшүндүрсө, анда “асабаны маңдайына тийгизип, ант берди”, “асабаны өөп антташты”, “асабаны жыйып алып бекитти” сыяктуу сөз айкаштары пайда болот эле го. Тескерисинче, тарыхый окуяларда “тууга маңдайын тийгизип, ант берүү”, “тууну өөп антташуу”, эгер мамлекетке коркунуч келсе, же согушта жеңиле баштаса баатыр уулдар “тууну жыйып алып бекитип” кеткен. Атүгүл туунун асабасы сынса, тууну найзага, башка бир таякка аштап алып көтөрүшүп, кайрадан чабуулга кирген.

Ошондуктан, биздин оюбузча “асаба” терминин тууну кармап туруучу жумуру жыгач – аса таяк деп түшүнүү туура. Бул пикир кийинки сүйлөдөрдө дагы да такталат.

Эми “туу” терминин талдоого өтөлү. Иш жүзүндө бул термин да эки мааниде колдонулууда.

Биринчиси – желбиреген кездемени аштаган жумуру жыгач (А.Какеев жана башкалар). Алар “туунун” орусчасын “древкодеп, «древко – длинная круглая палка, на которую насаживается острие копья, навешивается флаг”деген С.И.Ожеговдун “Словарь русского языка (М.,1986) деген китебинин 154-бетиндеги түшүндүрмөгө таянышат.

Экинчиси – биздин пикирибиз. Туубул эки мааниде колдонулган нерсе. Тар мааниде “туу” аса таякка (түз жыгачка) ашталган (тагылган) атайын токулган кездеме (флаг, знамя, стяг, полотнище). Анын белгилүү өлчөмү, түсү, бетине бойок менен тартылган, же жибек менен сайылган сүрөтү болушу мүмкүн.

Кең мааниде - аса таяктын өзү, анын металл ашталган (коло, калай) учу (острие), жылкынын куйрук жүнүнөн даярдалган түпөгү (бунчук) жана асага ашталган кездемеси, баары биригип жалпы жонунан «туу» деп аталат.

Расмий тексттерде жана адабиятта негизинен «туу» деп, көбүнчө анын кеңири маанисин колдонушат. Мисалы, «Өтмө кызыл туу» (переходящее красное знамя), «Кыргыз Туусу (гезиттин башкы бетинде кызыл түстөгү желбиреген туунун (полотнищанын) сүрөтү тартылган), «Кызыл Туу ордени» (бул ордендин төш белгисинде (значогунда) желбиреген кызыл туунун сүрөтү бар). Эгер кай бир окумуштуулар белгилегендей «туу» термини туунун жыгачын түшүндүрсө, анда гезиттин башкы бетине, же ордендин төш белгисине кызыл түстөгү аса таяктын сүрөтү тартылат эле да.

Фольклордон да мисал келтирели. Маселен, согушта башкы командачы «туу көтөргөн» баатырды дөңсөө жерге жайгаштырып, коркуп качып кетпесин деп, анын атынын алдыңкы эки бутун тушап коюшкан.

Душмандар күчтүүлүк кылып, «туучу жоокер» (белгилеп коюңуз – «асабачы жоокер» эмес) качууга камданган учурда «аттын бутун бошотуп, куржунга тууну тыккын» деген команда болгон. Же туучу жигиттин «батаңды бергин – турбайын, туу түбүнөн жылбайын» деген убадасы (Бул фольклор мисалдарын К.К. Юдахиндин “Кыргызча-орусча сөздүгүнүн (М.,1965) 272-бетинен караңыз.) “туу” термининин кеңири мааниде колдонулуп жаткандыгын тастыктайт.

Эгер желбиреген туу “асаба” деп гана түшүндүрүлүп, ал эми анын жыгачы “туу” деп аталса, анда узун жыгачты кантип эле “куржунга тыгып” же анын түбүндө тура алат. Ойлонуп көрүңүзчү.

Манастагы “Туу түбүндө турушуп, түнү-күнү урушуп” деген саптар, “туу сайуу” же боз үйдүн босогосуна “туу тигүү” деген сөздөрдө бир гана аса таяк эмес, “желбиреген туу” жөнүндө кеп болуп жатат.

Биздин оюбузча, “асаба”, “туу” терминдери иш жүзүндө бир беткей гана колдонулбастан, алар кээде орун алмашып да колдонулуп келгендиги жогорку мисалдардан далилденип жатат.

Ошондуктан академик А.Ч.Какеевдин “ орус тилинде “флаг” деген сөздүн “знамя”, “стяг”, полотнище” деген маанилеш синонимдери болгондой эле, кыргыз тилинде да “туу” деген сөзгө да “асаба”, “желек”, “байрак” деген терминдер көп учурда маанилеш синоним катары колдонулуп келген деген пикири туура эле айтылгандыгын белгилөөгө болот. (Караңыз: Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн 2200 жылдыгын окутуу боюнча жыйнактагы анын жогоруда көрсөтүлгөн лекциясынын тексти). Бирок, академик А.Ч.Какеевдин асаба - кездеме, ал эми туу – таяк деген жыйынтыгы негизсиздей көрүнөт.

Бул жерде А.Ч.Какеев К.К.Юдахиндин да, С.И.Ожеговдун да пикирлерин туура эмес колдонуп койгон деп ойлойбуз. С.И.Ожеговдун сөздүгүнүн жогоруда шилтенген бетинде (154-б.) “флаг” жумуру жыгачка ашталган кездеме катары эле берилип турбайбы. Чынында жумуру жыгачтын орусчасы флагшток ко. К.И.Юдахин өзүнүн “Кыргызча-орусча сөздүгүнүн 1-томунун 74-бетинде (М.,1965) асабаны флаг деп которгон. Бул котормо туура эмес болгон деп жогоруда айтып кеттик.

Ал эми ошол эле китептин 245-бетинде болсо “флагды” желек деп да которуп, “найзага таккан желегим, асылдан калган белегим” деген фольклордук саптар менен ал пикирин негиздеген. Ошол эле жерде желекти “наконечник флагштока” деп да берип, “желеги алтын туу” деген сөздү “знамя с золотым флагштоком” деп которгон. Бул жерде “знамя” деген сөз “флаг” менен синоним катары келтирилип, ал алтын жалатылган учу бар флагштокко (асага же асабага) ашталган тууну айтып жатканы даана байкалып турат.

Жогоркуларга кошумча айта кетчү нерсе, туу менен асабанын Манаста сүрөттөлүшү манасчылардын субъективдүү ой-пикирине, алардын дүйнө таанымы жана тилдик деңгээлине жараша айтылгандыгын да белгилөө зарыл. Алар эпосто туу менен асабаны, желек менен түпөктү кээде маанисин чаташтырып, уйкаштыкты кууп калганын да эстен чыгарбоо керек. Ошондуктан алардагы айкаштарды чындыктай жыйынтыктоо туура эмес.


Ошентип, жогорку айтылган пикирлерди жыйынтыктап келип, “туу” термини анын төрт элементин: асабаны, тууну, түпөктү жана асабанын металл учун (кээде адабияттарда желек деп да берилет) жалпылап атаган символду түшүндүрүп турарын корутундулоо зарыл.

Бул жерде “туу”, “байрак” жана “желек” терминдеринин өз ара карым-катнашын да айта кетүү ашыктык кылбас. “Туу” жалпыланган символ (ал желбиреп турат, бетинде тигил же бул сүрөт же жазуу болуп, мамлекеттин символун чагылдырат). “Байрак” – кичирээк туу, кээде түпөктү да түшүндүрөт. Ал эми “желек” – туунун кичинекей үлгүсү, кээде асабанын металл капталган учун да түшүндүрөт.

Манастагы “Желеги туудан бөлүнбөй, жердин жүзү көрүнбөй. Жер союлуп былкылдап, желеги алтын туу болду”, же “Алтын айчык кызыл туу, асмандата көтөрүп, Аягын жерге сайбасам” деген сөздөр муну таасын түшүндүрүп турат. Белгилей кетчү нерсе, бул саптарда асаба деген сөз колдонулбай берилүүдө. Демек, желбиреген туу жөнүндөгү бул саптарда, асаба (эгер аны кездеме деп түшүнсөк) жок.

Туу, асаба жөнүндөгү чаташ пикирлер менен катар эле туунун түсү жөнүндөгү ача пикир бир топ кескин. Угушубузга караганда азыркы туунун кызыл түсүн “легендарлуу парламент” 1992-жылы коммунисттик духка ылайыктап, туура эмес кабыл алып коюшкан деген “жүйөөлөр” менен аны көк же жашыл түскө алмаштырууну көздөгөндөр бар экендиги белгилүү. Биздин оюбузча бул демилге негизсиз. Аны түшүндүрүүгө аракеттенип көрөлү.

Кыргыз туусу Кышкы олимпиаданын салтанатында да желбиреди. Канада. Ванкувер. 2010-жылдын 12-февралы.

Байыркы замандардан, айрыкча орто кылымдардан бери кыргыздар кызыл түстөгү тууну (байракты) колдонуп келишкен.

Туу - алгач уруунун, кийин аскердин, мамлекеттин символу болуп, анын максатын жана рух-дүйнөсүн чагылдырган.

Кыргыздар кырк уруудан туруп, “кырк уруулуу кыргыз” деп аталган да, алар үч канатка бөлүнүшкөн.

Канаттардын оңу “ак уулдун”, солу “куу уулдун”, ал эми борбору (ичкилик) “кызыл уулдун” балдары деп аталган.

Жалпы кыргыз эли болсо “кызыл кыргыздар” делинип, бул аталыштын мааниси терең. Бекеринен алгачкы кыргыз тарыхчысы Белек Солтоноев өзүнүн эмгегин “Кызыл кыргыз тарыхы” деп атаган эмес.

Кыргыз элинин калыптануу башаттарынын бирин түзгөн байыркы усундар түндүгү Балхаштан тарта, түштүгү Бадахшанга чейин, чыгышы Жунгариядан, батышы Аралга чейин жайгашып, кыргыздардай эле үч канатка бөлүнгөн. Борбордук канаты Ысык-Көл, Иле, Чүй өрөөндөрүн туруктап, анын борбору азыркы Түп районунун чегиндеги (суу алдында калган) Чигучан “кызыл”, “кызыл шаар” деп аталган.

Кыргыздардын туусу кызыл болгондугунан орто кылымдардагы кыргыз-түрк жазууларындагы маалыматтар да кеңири кабар берет.

Демек, кызыл түс айрым бир саясатчылар (мисалы Казат Акматов) айткандай эч кандай “кандын түсүн” чагылдырбайт. Ал коомунисттердин идеологиясын уурдоо дагы эмес. Бул кыргыздар тандап алган байыркы символ, кыргыз аны коргоп, жанын берген түс.

Ошондуктан кыргыздар сый конок келгенде, салтанатта мүмкүн болушунча кызыл түстөгү кийимдерди (кызыл кымкап чепкен) кийишкен. Жаштар аш-тойлордо, майрамдарда кызыл түстөгү баш кийимдерди кийип, кыздары кызыл көйнөк жана кызыл жоолук салынышкан.

Демек, жогор жакта айтылгандай, кыргызда асаба гана ак же көк, же башка түстөрдө болгон.

Ошону менен катар асаба кайсыл бир түскө сырдалган же сырдалбаган болуп бөлүнүшү мүмкүн. Ак асаба деп кабыгы аарчылган же тазаланган, жуулган асадан (таякчадан) даярдалган предметти айтышкан. Бирок, ага ашталган туу (стяг, полотнище) кыргызда кызыл гана түстө болгондугу ырас.

Ошондуктан Манаста:

Ак асаба кызыл туу,

Айгайлаган ызы-чуу

Көк асаба кызыл туу,

Көк жаңырган улуу чуу.

Кыргыздардын коңшулар болгон көчмөн элдер жана уруулар туунун башка түстөрүн колдонушкан. Мисалы, Түрк каганатынын түрктөрү көк түстү, арабдар жашыл түстү алып жүрүшкөн.

Манаста “Көкөтөйдүн көк туусу, көтөрүлдү калкылдап” деген саптар бар.

Көкөтөйдүн туусу көк түстө болгондугунун себеби, анын көк түрктөрдүн (голубые тюрки) урпагы экендигинде.

Көк түрктөр көк түстөгү тууну колдонушкан. (Көкөтөй Манаста кең Түркстандын ири шаарларынын бири Ташкендин ханы деп берилет. Ошол эле учурда кыргыздардын кадырлуу адамы, карыясы катары сүрөттөлөт.

Акырында айтар пикирибиз “туу” менен “асабанын” маани-маңызы талаш болсо да, аны акырындап жөнгө салып алуу тарыхчылардын, фольклорчулардын, лингвисттердин иши.

Ал эми туунун түсү жөнүндөгү маселеде анын кызыл болушу кыргыздын тарыхына да, руханий көрөңгөсүнө да, келечегине да төп келген түс экендигин танбашыбыз абзел.

Урмат менен

КР билим берүүсүнө эмгек сиңирген кызматкер, тарых илимдеринин доктору, профессор

Ташманбет Кененсариев.

Бишкек шаары. Апрель айы, 2011-жыл. tashkg@rambler.ru

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG