Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:32

Орусиянын түбүнө кара май жетеби?


Орусиянын каржы министри Антон Силуанов бир апта мурда жасаган билдирүүсүндө 2015-жылы Орусия мунайдын арзандашынан жана санкциялардан улам 150 миллиард доллар жоготорун билдирген.
Орусиянын каржы министри Антон Силуанов бир апта мурда жасаган билдирүүсүндө 2015-жылы Орусия мунайдын арзандашынан жана санкциялардан улам 150 миллиард доллар жоготорун билдирген.

Дүйшөмбүдө Москва биржасындагы соодада доллар 52 рублдан ашып, ал эми евро 66 рублга жетти. Бир күндүн ичинде орус акчасынын дээрлик төрт пайызга арзандашын Рейтер агенттиги 1998-жылдан берки эң чоң төмөндөө деп баалады.

Кара май өндүрүүчүлөрдүн картели - ОПЕКке мүчө өлкөлөрдүн мунай өндүрүшүн кыскартпоо боюнча өткөн апта соңундагы чечиминен кийин мунай баасынын арзандоо ыргагы күчөдү.

Бизнеске адистешкен Bloomberg агенттигинин эсебине караганда, кара майдын баасы быйыл 40% жакын арзандады, бул жараян дагы уланып, баррелине 40 долларга чейин түшүп кетиши ыктымал. Азыр баа 70 долларга жетип-жетпей турат.

Бюджет кирешесинин негизги бөлүгүн кара майдан жыйнаган Орусия акчасынын мунайдын арзандашына удаа наркын жоготуусун байкоочулар эки-үч себепке байланыштырышууда.

Маселен Еврошаркеттин расмий өкүлдөрү рублдин арзандашын санкциялардан көрөт. Европа биримдигинин кеңейүү иштери боюнча комиссары Йоханесс Хандын айтымында, орус рублинин кунунун качышы Батыш киргизген санкциялар иштеп жатат дегенди билдирет.

- Силер Москвадагы бүгүнкү валюта базарын көрсөңөр керек. Рубль кунунун качышы, Москванын фондулук рыногунун төмөндөшү жана жалпы экономикалык өнүгүү - мунун бардыгы санкциялардын таасиринин кесепети деп ойлойм. Бул көрсөткүчтөр Орусияны абалды (Украинанын чыгышындагы) нормалдаштырууга түртөт деген үмүттөмүн.

Бирок каржы чөйрөсү боюнча айрым талдоочулар орус рубли кунун жоготуп жатышына санкциялардан мурда да мунай баасынын таасири чоң деп эсептешет.

"Азаттыктын" орус кызматына курган маегинде каржы иштери боюнча америкалык таанымал аналитик Виталий Каценельсон буларга токтолду:

- Менимче кара майга болгон баа, санкцияларга караганда кыйла маанилүү. Дал ушул учурда керек болсо мунайдын баасы эмес, рублдин башка валюталарга карата катнашы маанилүү. Орусиянын карыздарына байкоо салсак, алар жакшы абалда. Себеби алардын долларлык резервдери кыйла көп. Бирок орусиялык көп компаниялардын доллар менен ири карыздары бар. 150 миллиард доллардык карыз бир нече жылдан кийин жабылышы керек.

Мурманскта төрөлүп, 1991-жылы Орусиядан үй-бүлөсү менен АКШга көчүп кеткен Каценельсондун айтымында, эгер мунайга болгон баа төмөндөсө, рубль да түшөт. Рубль түшсө, орус экономикасы чоң көйгөйлөргө кептелет жана компаниялар өз насыяларын жабууга кудурети жетпей калат.

- Менимче санкциялардан улам орус компанияларына чет жактардан карыз алуу кыйын болот жана бул жалпы процессти кыйла оорлоштурат. Мен Орусиядан кетип жатканда бул өлкөнүн келечеги жакшы болот деп үмүттөндүм эле, анткени эл билимдүү, базар экономикасы өз нугу менен өнүгүп келаткан. Бирок кара май Орусиянын түбүнө жетти. Анткени мунайдын баасы ушунчалык жогору болуп, Орусияда башка индустриянын өнүгүп кетүүсүнө мүмкүнчүлүк берген жок.

Ксения Юдаева
Ксения Юдаева

Ал эми Орусиянын Борбордук банкынын төрагасынын биринчи орун басары Ксения Юдаеванын болжолунда да жакынкы келечекте мунайдын баасы ылдыйлайт. Мына ушундан улам Борбордук банк өзүнүн стресс-сценарийин түзүп койду.

- ОПЕКтин акыркы чечими чыккандан кийин мунайдын баррелине 60 доллар экенин эске алып, 2015-2017-жылдарга атайын сценарий эсептеп койдук.

Орусиянын каржы министри Антон Силуанов бир апта мурда жасаган билдирүүсүндө 2015-жылы Орусия мунайдын арзандашынан жана санкциялардан улам 150 миллиард доллар жоготорун билдирген. Анын айтымында, 40 миллиардай доллар Москвага киргизилген санкциялардан улам жоголсо, 90-100 миллиарддай доллар кара майдын арзандашынан улам жоголушу мүмкүн.

XS
SM
MD
LG