Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:25

Чоң спортко жол айылдан башталат


Спартакиаданын катышуучулары. 29-май, 2016-ж.
Спартакиаданын катышуучулары. 29-май, 2016-ж.

Чолпон-Ата шаарында “Дени сак улут, өнүгүп жаткан өлкө” аталышында республикалык спартакиада өтүп жатат. Бул мелдешке айылдык, райондук жана облустук мелдештерде жеңишке жетишкен чебер спортчу эмес жаштар катышып, спорттун жети түрүнөн таймашууда.

Разия Давранбекова Жалал-Абад облусунан келген волейбол боюнча команданын оюнчусу. Ал ойногон команда “Дени сак улут, өнүгүп жаткан өлкө” аталышындагы республикалык спартакиадада бир нече жолу байге уткан. Разия бул сапар дагы жеңишке жетүү үчүн оюнчулар талыкпай аракеттенип жатканын айтты.

- Бул спартакиаданын өткөнү жаштар үчүн жакшы мүмкүнчүлүк болду. Биз үчүн жакшы демилге көрсөтүлүп, ийгиликтерге жетүү үчүн талыкпай аракеттенип жатабыз. Волейбол боюнча мелдештерде Жалал-Абад облусунун кыз-келиндер командасы атаандаштарды ишенимдүү утуп, алдыңкы сапта баратабыз. Буюрса, биринчиликти алабыз деген ойдобуз.

"Дени сак улут, өнүгүп жаткан өлкө" аталышындагы республикалык спартакиаданын ачылыш аземи 29-майда өттү. Иш-чаранын жүрүшүндө мелдешке катышкан жети облустун өкүлдөрү салтанаттуу жүрүшкө чыгышып, жергиликтүү өнөрпоздордун концерттик программасы менен коштолду.

"Дени сак улут, өнүгүп жаткан өлкө" аталышындагы спартакиаданын "Ордо" боюнча оюндары. 30-май, 2016-ж.
"Дени сак улут, өнүгүп жаткан өлкө" аталышындагы спартакиаданын "Ордо" боюнча оюндары. 30-май, 2016-ж.

Айыл жаштарынын республикалык спартакиадасында байгелер ордо, жеңил атлетика, тогуз коргоол, кыргыз күрөш, кол күрөш, волейбол жана футбол боюнча спорттун жети түрүнөн ойнотулууда. Байге үчүн жети облустан келген 650дөн ашуун айыл жаштары таймашууда.

Мелдештин катышуучулары айылдык, райондук жана облустук мелдештерде тандалып алынып, жеңишке жетишкендери республикалык таймашка жолдомо алышкан. Спорт чеберлери жана шаар тургундары бул турнирге катыша алышпайт.

Тогуз коргоол боюнча Нарын облусунун командасынын машыктыруучусу Жумамидин Курмангалиев жаштарды спортко тартууга спартакиаданын салымы зор болгонун айтты.

- Спартакиада айыл жаштары үчүн өтө маанилүү. Себеби айыл жаштарынын көбү жумушсуздуктун айынан ичкилик ичип, туура эмес жолдорго түшүп кетиши ыктымал. Спорт менен машыгуу менен азиялык, дүйнөлүк мелдештерге катышууга жол ачылат. Ушул спартакиаданын катышуучуларынын арасында өлкө намысын чет жерлерде коргогон спортчулар чыгат деп ишенем.

Мелдештин башкы калысы Канат Арпачиев чоң спортто ийгилик жараткандардын көбү айыл жергесинен чыгарын айтып, дени сак улут өлкөнүн келечеги экенин белгиледи.

- Чоң спортто ийгилик жараткандардын көбү айылдан чыккан. Айыл жаштардын спортко тартуу үчүн, элибиздин саламаттыгы үчүн бул спартакиаданы уюштуруп келебиз. Өлкөбүздүн элинин дени сак болушун кааласак дал ушундай мелдештер арбын өтүшү зарыл.

Айыл жаштарын дене тарбия жана спортко үндөөгө багытталган бул спартакиада 2006-жылдан бери жыл сайын Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомунун негизинде жыл сайын өткөрүлүп келет. Быйыл мелдештер 11-жолу уюштурулуп жатат.

Быйылкы саамалык Тарых жана маданият жылына арналган. Жеңүүчүлөргө Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиги тарабынан диплом, медаль жана кубоктор ыйгарылат. Таймаштар 2-июнга чейин созулат.

  • 16x9 Image

    Эмилбек Чекиров

    2009-жылы К.И.Скрябин атындагы Кыргыз агрардык университетинин агрономия факультетин аяктаган. 2007-жылы УТРКнын алдындагы “ТВ Академия” эксперименталдык чыгармачылык борборунан оператор- режиссер курсун бүткөн.

XS
SM
MD
LG