Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:35

Ходорковскийдин жаза мөөнөтү бир жылга кыскартылды


24-майда Москва шаарынын соту ЮКОС компаниясынын мурдагы эгеси Михаил Ходорковскийдин доо арызынын карап, анын жаза мөөнөтүн бир жылга азайтты. Салык төлөбөдү деп айыпталып, сегиз жыл абакта отурган Ходорковский 2010-жылы декабрда ЮКОСтун миллиарддаган долларын уурдап алды деп, 2017-жылга чейин эркинен ажыратылган эле.
Ходорковский соттун экинчи өкүмү жөнүндө мындай деди:

- Өкүм чыгаргандар Орусияда уурулуктан жапа чеккендер уурдалган товарды сатуудан пайда көрөт деп, өздөрүн жана Орусиянын сот системасын маскара кылды.

Ходорковский 2003-жылы соттолгон кезде Владимир Путин Орусиянын президенти болчу.

XS
SM
MD
LG