Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 17:16

Абортко каршы мыйзам: мигрант аялдар кантет?


Москвадагы абортко каршы акция - символикалык түрдө жасалган мүрзөдө "айдоочу", "башкы редактор", "архитектор" деген сөздөр жазылган. 2008-жылдын 28-январы.

Москвадагы абортко каршы акция - символикалык түрдө жасалган мүрзөдө "айдоочу", "башкы редактор", "архитектор" деген сөздөр жазылган. 2008-жылдын 28-январы.

Орусияда бойдон алдырууну сунуштаган жарнамаларды кескин азайтуу боюнча мыйзамга кол коюлгандан бери аборт жасалчу жайлар улам-улам текшерилип жатат.

Бул мыйзам өлкөдөгү демографиялык начар абалды жакшыртуу боюнча кадамдардын бири болуп, орус православ чикрөөсүнө тиешелүү демилге. Орусиядагы бул тенденция ал жакта жүргөн кыргызстандыктарга да таасир этип, мыйзамсыз бойдон алдыруудан былтыр бир келин көз жумган.


Абортко каршы алгачкы кадам


Чиркөөнүн кызматкери Максим Обухов абортко каршы өнөктүгүн 18 жыл мурун баштаган. Ал анда көчөдө туруп, кагаздарды таркатчу.
Медициналык борборлор үчүн канчалык көп аборт жасалса, ошончолук жакшы – көп акча түшөт. Ошондуктан, алар бул кызматты ашкере жарыялашат.


Бирок ушуга чейин абортту эң көп жасаткан өлкөлөрдүн тизмесин баштаган Орусияда Обуховдун демилгеси ишке ашпай келген, бирок жаңы мыйзамдын иштеши менен, анын бүт мүдөөлөрү аткарылып жаткандай.

Президент Дмитрий Медеведев жакында мыйзамга кол коюп, ага ылайык жарнамага чектөөлөр киргизилип, аборт “кош бойлуулук аялдын өмүрүнө коркунуч келтирет” деген медициналык көрсөтмөнүн негизинде жасалышы зарыл.

Бул мыйзам абортко каршы кадамдардын биринчиси катары каралып, учурда мыйзам боюнча 12 жумага чейин бойдон алдырууга уруксаат берилген.

- Учурда медициналык борборлор үчүн канчалык көп аборт жасалса, ошончолук жакшы – көп акча түшөт. Ошондуктан, алар бул кызматты ашкере жарыялашат. Бул көп адамдарга жакчу эмес жана менин оюмча, мыйзамды чын дилинен колдогондор көп болду, - деди Максим Обухов “Азаттыкка”.


"Туулбай туна чөккөн" ымыркайлар


Бойдон алдыруу Орусияда Советтер Союзу түптөлгөндө калыптанып, ошол бойдон адатка айланган. Жыныстык тарбиянын жетишсиздигинен улам жана сактануу кеңири тарабагандыктан аборт жолу оңой көрүнчү.

Коомдук пикирлерди иликтеген “Левада” борбору берген сандар боюнча, Орусиядагы 55 жашка чейинки аялдардын 61 пайызы аборт жасатышкан.
Орусияда 2009-жылы эле 1,3 миллион аборт жасалган.


Акыркы жылдары сактануу боюнча жаңы жана жеңил ыкмалар кеңири тарагандыктан аборт жасатуу азайган.

Күзүндө болсо Мамлекеттик Думада абортко байланыштуу эки мыйзамдын каралышы күтүлүүдө. Алар жактырылса ооруканалардагы бекер бойдон алдыруу, 12 сааттын ичинде иче турган күчтүү гормоналдык дарылардын дарыканалардын рецептсиз сатпашы жана бойдон алдыруу үчүн бир жума мурун арыз жазуу эрежелери киргизилет. Үй-бүлө курган айымдар жолдошунан, ал эми жашы жете электер ата-энесинен уруксаат сурашы керек деген пункттар да жолугат.

Орусиянын демографиялык абалы акыркы он жылдыкта кескин начарлаган. Орусиянын калкы азыр 141 миллион адам. Баланын аз төрөлүшү калктын өсүшү үчүн жетишсиз болууда. Саламаттыкты сактоо министринин маалыматына таянсак, 2009-жылы 1,3 миллион аборт жасалган.

Мыйзам күчүнө кирген соң, чиркөө менен феминист аялдар ортосунда тирешүү күч алды. Өлкөдөгү феминисттик кыймылдар бул мыйзам аялдардын укугун чектеп, кыз-келиндердин ден-соолугу боюнча чыныгы камкордук эмес экендигин айтышууда.


Кыргыз кыз-келиндери кантет?

Жаңы төрөлгөн ымыркайын таштаган келиндер, наристесин көп кабаттуу үйдөн ыргытып жиберген кыздар, мыйзамсыз бойдон алдыруулар учурда Москвадагы эмгек мигранттарынын арасындагы эң курч проблемалардын бири...


Ал арада, мыйзам иштей баштаса Орусияда жүргөн кыргызстандык кыз-келиндердин арасында күчөп кеткен бойдон алдыруу маселеси башкача өнүгүшү мүмкүн.

Биринчиси – аборт жасатуу азайышы мүмкүн, экинчиси – мыйзамсыз бойдон алдыруу көбөйүшү ыктымал, дешет эксперттер.

Жаңы төрөлгөн ымыркайын таштаган келиндер, наристесин көп кабаттуу үйдөн ыргытып жиберген кыздар, мыйзамсыз бойдон алдыруулар учурда Москвадагы эмгек мигранттарынын арасындагы эң курч проблемалардын бири.

Москвадагы “Улукман” медициналык борборун ачкан Дүйшө Алиев - хирург. Анын айтуусунда, бул жерге күнүнө он чактыдай кош бойлуулар кайрылат. Алардын ичинде бойдон алдыргысы келгендери дагы арбын.

- Биз медициналык көрсөтмөсү бар болсо гана аборт жасайбыз. Бирок мына караңызчы (гезитти ачып), метронун оозунда бекер таратылган бул гезиттердин бардык беттеринде “аборт” деген жарнаманы табасыз. Мыйзамсыз аборттор ушул көптөгөн борборлордо жасалышы мүмкүн.

Кыргызстандык Гүлзат Эгембердиева былтыр жайында 6 айлык боюнда бар кезинде боюнан алдырам деп Москвадагы борборго кайрылып, көз жумган. Келиндин денеси шаардагы парктан табылган. Жакында эле Гүлзатка операция жасаган дарыгер 2 жылга абакка кесилип, маркумдун үй-бүлөсүнө 500 миң рубль төлөп бермек болду.

Консулдуктун юристи Алмаз Абдисияев болсо, соттун чечими колго тийери менен элчилик Орусиянын Жогорку Сотуна кайрылаарын билдирген.
  • 16x9 Image

    Аида Касымалиева

    Азаттык+ телепрограммасынын алып баруучусу, продюсери (2005-2009), Москвадагы кабарчысы (2011). 2012-жылы "Москвада калган ый" даректүү тасмасы "Бир дүйнө" кинофестивалында "Ачылыш" наамына татыган. Бишкек гуманитардык университетинин журналистика бөлүмүн 2005-жылы аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG