Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:29

"Орусия ойгонду"


Москва, 10-декабрь, 2011
Москва, 10-декабрь, 2011

Ишембиде Орусиянын Ыраакы Чыгышынан Москвага чейинки ондогон шаарларында нааразылык демонстрациялары өттү.

Он миңдеген эл 4-декабрда өткөн парламенттик шайлоонун жыйынтыктарын тааныбай тургандыгын билдирип, кайра шайлоо өткөрүүнү талап кылды.

Орусиянын ордо калаасы Москванын Болотная аянтында оппозициянын митинги аяктады. Ага полиция 20 миң адам катышты десе, акциянын уюштуруучулары кеминде 100 миң адам келди деп жатышат.

Болотная аянтындагы митингдин катышуучулары резолюция кабыл алышты. Демонстрацияга чыккандар БШКнын жетекчиси Владимир Чуровду кызматтан кетирүүнү, анын ишмердүүлүгүн иликтөөнү, 4-декабрда өткөн парламенттик шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарууну, кайра шайлоо өткөрүүнү, саясий партияларды каттоо тууралуу мыйзамга өзгөртүү киргизүүнү талап кылышты.

Оппозиция бийликке 2 апта берди. Кийинки демонстрация 24-декабрга белгиленди.

Москвадагы кабарчыбыз Аида Касымалиева Болотная аянтынан эл таркагандан кийин кечки саат 8де буларды билдирди.



Бүгүнкү демонстрациянын таржымалын бул жактан көрүңүз.


Тасмада: Москвадагы митинг

Москвадагы митинг: 10.12.11.
please wait

No media source currently available

0:00 0:07:40 0:00
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

  • 16x9 Image

    Аида Касымалиева

    Азаттык+ телепрограммасынын алып баруучусу, продюсери (2005-2009), Москвадагы кабарчысы (2011). 2012-жылы "Москвада калган ый" даректүү тасмасы "Бир дүйнө" кинофестивалында "Ачылыш" наамына татыган. Бишкек гуманитардык университетинин журналистика бөлүмүн 2005-жылы аяктаган.

XS
SM
MD
LG