Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:09

Путиндин жеңиши КМШ үчүн эмнени билдирет?


Путиндин сүрөтү түшүрүлгөн сувенир чөйчөктөр. Москва, 6-март, 2012.

Путиндин сүрөтү түшүрүлгөн сувенир чөйчөктөр. Москва, 6-март, 2012.

Владимир Путин президент болуп шайланаардан мурда КМШнын ордуна Евразия биримдигин түзө турганын жарыялаган.

Азыр эми Путин шайлоодо уткандан кийин аймактагы жумурияттарда Путиндин ал сөзү чынында эмнени билдирээри тууралуу түрдүү ойлор айтылууда.

Орусияда Владимир Путин бул ирет кайрадан биринчи жолу шайлоого катышкан талапкердей алты жылдык мөөнөткө шайланды. Бул жолку мөөнөтү бүтсө, азыркы Конституция боюнча экинчи жолу шайланууга да укугу бар. Анткени мурдагы эки жолку президенттигинен кийин танаписти кармаш үчүн төрт жылга ордун Дмитрий Медведевге калтырып турган.

Ошондуктан алдыда 12 жыл Путин президенттикте калаары дайын экенин эске алганда, ал былтыр шайлоо өнөктүгү жаңы эле башталганда берген убадасы бул президенттигиндеги негизги милдеттеринин бири болушу мүмкүн. Бул – Евразия биримдигин түзүү милдети.

Ушул күндөрү Көз карандысыз мамлекеттердин шериктештигине (КМШга) кирген өлкөлөрдүн жетекчилеринен Путинди шайлоодогу жеңиши менен расмий куттуктаган каттар түшүп жатат, бирок чынында ал өлкөлөрдө болочоктогу биримдиктин маани-мазмуну тууралуу камтамачылык аз эмес.

Негизи КМШдагы интеграция Путин үчүн өтө маанилүү долбоор. “Известия” басылмасында былтыр октябрда ал тууралуу алгач жарыяланган макаласында жазгандан кийин Путин Санкт-Петербургда Армения, Беларус, Кыргызстан, Казакстан, Молдова, Тажикстан жана Украинанын өкмөт башчыларынын жыйынында сүйлөп жатып, бир нече жылга созулган майнапсыз сүйлөшүүлөрдөн кийин Бирдиктүү эркин соода аймагы түзүлгөнүн жарыялады.

“Биз бири-бирибиздин товарлар үчүн өз базарларыбызды ачабыз. Демек, базарларыбызда буюм-тайымдар бир топ эле арзандатылган баада сатылат, жаңы кооперативдердин түзүлүшүнө да шарт болот, - деген Путин. - Мунун баары биздин экономикалардын атаандаштыкка туруштук берүү мүмкүнчүлүгүн жогорулатат”.

Кыргызстандык саясат таануучу Марс Сариевдин ишениминде, Путин азыр Евразия биримдигин түзүүнү “Орусиянын эл аралык статусун бекемдөөнүн жолу катары” карап жатат.

“Менимче, азыр Орусия өзүнүн айланасында КМШдагы өлкөлөрдү топтоп, биримдикти түзгөнгө аракет кылып жатат. Ошон үчүн бизге аябай жакшы мамиле кылып, жардамын аябай, Кыргызстанда Бажы, Евразия биримдиктерине киргизе турганын айтышты, - деген саясат таануучу, - Эгерде Орусия постсоветтик аймактагы мамлекеттерди өзүнүн бооруна тартып, ушинтип чогултпаса, өзү жоголуп кетет, - деп түшүндүрдү. - Эгер биримдикти түзө албаса, ал же Европанын “арткы эшиги”, же Кытайдын “стратегиялык тылы” болуп калуу коркунучу бар. Орусияда башка айла жок”.

Бирок Путиндин бул “интергациялык планынан” өзүнүн жеке улуттук кызыкчылыктарына коркунучту көргөн коңшулары да жок эмес. Расмий Москва жакында эле Украинадан сыр сатып алганга тыйуу салганда, көпчүлүк муну “Орусия улам Евробиримдикке жакындаган Украинага басым жасап жатат” деп кабыл алган.

Орус-украин парламенттер аралык тобунун өкүлү, украиналык депутат Олег Зарубинский: “Акыркы жылдары Кремлде Дмитрий Медведев иштегени менен, Орусиянын тышкы жана ички саясатын де-факто Владимир Путин башкарып турду. Ошондуктан алдыда чоң өзгөрүүлөр болуп кетет деп ойлобойбуз. Путин менимче, өзүнүн катуу, прагматикалык, кээде тышкы мамилелерде да орой саясатын уланта бермекчи”, - деди.

Сырга тыйуу салуу чынында, Киев үчүн жумшак эле белги болсо керек. Анткени буга чейинки окуяларга назар салсак, Орусия чындап жини келсе, кыштын ызгаарында жаратылыш газын бербей коёрун көрсөтпөдү беле.

Путиндин Кавказ боюнча көз карашын тактоо да оңой болбойт. Региондо мунайга бай Азербайжанда көпчүлүк эл Медведевди Армения менен Тоолуу Карабак проблемасын чечкенге мыкты адам катары таанып калышкан. Путин болсо бул конфликтти да эки өлкөгө тең Орусиянын үстөмдүгүн арттыруунун инструменти катары колдонот дешет.

“Известиядагы” макаласында Путин жаңы биримдикти аймакта Советтер союзунан калган мурастын негизинде түзүлө турган, аймактагы улуттардын тил, маданият, илим жаатындагы биримдигин сактай турган мүмкүнчүлүк катары атады. Бирок СССРдин мурасы Путин өзү жана анын планы боюнча кабатырланып жаткан өнөктөштөрү ойлогондон да терең мааниге ээ болушу ажеп эмес.
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG