Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:20

Волгадагы 100 ашуун адам өлгөн болушу мүмкүн


"Булгариядагы" 100 кишинин тагдыры беймаалым
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:09 0:00
Түз линк

Кечээ Татарстанда Волга дарыясына чөккөн кемедеги адамдардын 80 куткарылды. 41 адамдын жасаты табылды.

Алардын арасында беш жаш бала бар.

“Волгада 20 метрлик тереңдикке чөгүп кеткен “Булгария” кемесинен тирүү калгандарды табууга дээрлик үмүт калбады”, - деди бүгүн Орусиянын Өзгөчө кырдаалдар министри Сергей Шойгу. Анткен менен, адамдарды издөө дале улантылып жатат. Кемеде 208 адам болгон экен.

Соңку маалыматка караганда, дарыянын түбүнөн 41 адамдын өлүгү табылды, калгандардан дайын жок.

Куткаруучулардын бири “Рейтер” маалымат агенттигине сүйлөп жатып, азырынча иш натыйжасыз болуп жатканын жашырбады. “Биз жээкти бойлой текшерип чыктык, эч кимди таба албадык”, - деди ал.

Эреже сакталган эмес

Кеме жээктен үч чакырымдай алыста суунун түбүнө чөгүп кеткен. Ошондуктан куткаруу иштери да оңой болбой жатат.

Куткарылгандардын бири, 10-июль, 2011

Кырсыкка эмне себеп болгону белгисиз. Бирок жарым кылым мурда Чехословакияда курулган кеме чындап эле эскилиги жеткендигин, андагы жүргүнчүлөрдүн саны отурууга мүмкүн делген чектен алда канча ашып кеткени айтылды.

Анткен менен Чехиядагы гезиттер Прагадагы пароход корпорациясынын расмий өкүлүнө шилтеме жасап жазышканына караганда, бул өлкөдө тээ 1938 жылы курулган кемелер деле жакшы эле сүзүп жүрүшөт.

“Интерфакс” маалымат агенттиги туристтик бирикменин өкүлүнө шилтеме менен кабарлаганына караганда, Болгар шаарынан Татарстандын борбору Казанга жол алган жеринен сууга чөккөн кеменин техникалык абалын 1980-жылдан бери текшеришкен эмес экен. Анын үстүнө ал жүргүнчүлөрдү алып жүрүүгө лицензиясы да болгон эмес дешти.

Президент Дмитрий Медведев эми өлкөнүн транспорт тармагын толугу менен текшерүүдөн өткөрүүгө чакырды.

"Эгерде учурунда кемени колдонуунун эрежеси сакталып, техникалык абалы текшерилип турганда, аба-ырайы начар болгон күндө да мындай кырсык болмок эмес экени дайын болуп калды, - деди ал. - Кырсыктын себебин жакшылап териштириш керек. Эмне үчүн анын ээси кемени ушундай начар техникалык абалында колдонуп жүргөнүн аныкташ керек".

“Булгарияда” болгон жүргүнчүлөрдүн толук тизмеси Орусиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин сайтында жарыяланды. Алардын басымдуу бөлүгү Казан шаарынан чыккан болсо керек деп жатышат.

Кыргызстандыктар жок

Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин юристи Алмаз Абдисияев “Азаттыкка” бүгүн кабарлаганына караганда, азыркы берилген тизмеде кыргызстандыктар жок болуп чыкты.

Орус телеканалдары куткарылган адамдар туугандары менен көрүшкөнүн көрсөтүп жатышат. Алдан тайып, өтө коркуп калган адамдар кемедеги дале дайыны чыкпай башка жакындарынын тагдырына камтама болушууда.

Куткарылгандардын бири “Булгария” сууга чөгүп баратканда алардын жанынан өтүп бараткан бир нече башка кемедегилер жардам бербей коюшканын айтат.

“Эки кеме токтобой эле кетип калды, - деди ал. - Биз кол булгалап жатканыбызга да карабады. Жүк ташуучу чоң “Волганефть” деген кеме да, анан бир баржа да өтүп кетишти. Акыр аягында анан ушул кеме токтоду”.

Алардын жанынан сүзүп бараткан “Арабелла” деген кеме токтоп, айрым жүргүнчүлөрдү өзүнө салып калган экен.

Улуттук аза күтүү жарыяланды

Бийликтер дарыянын түбүндөгү кемени сууруп чыгышаарын айтышты, бирок ал качан болот – азырынча белгисиз.

Волга - Европадагы эң узун дарыя, туристтер үчүн өзгөчө жайкысын популярдуу аймак катары белгилүү.

Орусияда президент Дмитрий Медведев 12-июлду кырсыкта көз жумгандарды эскерүү, аза күтүү күнү деп жарыялады.
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG