Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:15

Орусия - Грузия согушундагы кылмыштар иликтенет


Баш кеңсеси Гаагада жайгашкан Эл аралык кылмыш соту (ICC) Орусия-Грузия согушу учурундагы ыктымал аскерий кылмыштарды иликтей турганын жарыялады. Грузия бул чечимди кубаттады.

Эл аралык кылмыш сотунун судьялары прокурорлорго 2008-жылы Орусия-Грузия ортосундагы беш күндүк согушта “Түштүк Осетиядагы жана анын айланасындагы” ыктымал аскерий кылмыштарды иликтөөгө буйрук берди.

Соттун 27-январдагы билдирүүсүндө көрсөтүлгөндөй, иликтөөгө 2008-жылдын августунда аскерий аракеттер жүргөн бир нече күн эле эмес, ошол жылдын 1-июлунан 10-октябрына чейинки мөөнөт алынат.

Бул баш кеңсеси Гаагада жайгашкан соттун Африканын сыртындагы аскерий жаңжалдар боюнча алгачкы териштирүүсү болот.

Расмий Тбилиси Эл аралык кылмыш сотунун бул чечимин кубаттоодо.

“Биздин кызыкчылык - иликтөө объективдүү жана толук кандуу жүрүшү”,- деди бейшемби күнү кабарчылар менен маегинде грузин парламентинин адам укуктары боюнча комитетинин башчысы Эка Беселия.

Ал эми Грузиянын юстиция министри Теа Цулукиани 28-январдагы басма сөз жыйында белгилегендей, эл аралык иликтөө Грузия үчүн “Москва жана анын Түштүк Осетиядагы жикчил күчтөрү грузиндерге этникалык тазалоо жүргүзгөнүн” далилдөө үчүн мүмкүнчүлүк.

Цулукиани мурдараак иликтөөнүн Тбилиси үчүн мааниси тууралуу мындай деген эле:

- Биз, албетте, Гаага прокурорлору менен кызматташабыз. Анткени, биз үчүн Гаага трибуналы, Эл аралык кылмыш соту 2008-жылдын августунда Орусия - Грузия согушу учурунда Түштүк Осетияда грузиндерге каршы этникалык тазалоо жүргүзгөн фактыларды тактап, тааныганы маанилүү. Ал кезде этникалык гана тазалоо болбостон, грузиндердин мүлкү талкаланып, үй-бүлөлөрү бузулуп, көп аскерлер камакта кыйноого алынып, айрымдары өлтүрүлгөнү биздин баарыбыздын эсибизде. Биз бул фактыларды тактап, ага жоопкерлерди жазалоо үчүн оккупациялык деп аталган тилкеден ары чыга албайбыз. Биз эл аралык иликтөөнүн аркасында фактылар, аскерий кылмыш жасагандар аныктап, жазаланат деп ойлойбуз.

Эл аралык кылмыш сотунун билдирүүсүндө иликтөө учурунда орус же грузин, же эки өлкөнүн тең аскерлеринин аракеттерине көңүл бурулары ачыкталган эмес.

Болгону “адам өлтүрүү, калкты мажбурлап көчүрүү жана куугунтуктоо, жайкын тургундарга кол салуу, атайылап өлтүрүү, бейпилдик сактоочу күчтөргө атайын кол салуу өңдүү” кылмыштар тергелери айтылган.

Сотко 6335 жабырлануучунун көрсөтмөлөрү келип түшкөн.

Эл аралык кылмыш сотунун прокурору Фату Бенсуда грузин-орус согушу учурунда жасалган кылмыштардын белгилери Гаага сотунун юрисдикциясына туура келери билинген соң иликтөө баштоону былтыр октябрда эле суранган болчу.

Сотко келип түшкөн материалдар боюнча Түштүк Осетиянын бийликтери тарабынан 18,5 миң адам күч менен көчүрүлгөн, этникалык грузиндердин 113ү өлтүрүлгөн. Жаңжалдан кийин аймактагы этникалык грузиндердин саны кеминде 75% кыскарган.

Түштүк Осетиядан жана Орусиядан реакция

Түштүк Осетиянын 2008-жылдагы башчысы Эдуард Кокойты бейшемби күнү “Интерфакс” менен маегинде “Эл аралык кылмыш соту эң биринчи кезекте грузин саясатчылары менен аскерий кызматчыларын жазалоосу, Грузиянын түштүк осетиндерге каршы геноцидин кароосу керек”,- деп айтты.

Ал эми Орусиянын Тергөө комитетинин башчысы Александр Бастрыкин Эл аралык кылмыш сотуна алар да 2008-жылы Түштүк Осетиядагы куралдуу жаңжал учурундагы кылмыштар боюнча иштин материалдарын бергенин маалымдады.

Бастрыкиндин айтымында, Тергөө комитети грузин тарап жасаган кылмыштарды “кылдат иликтеген”.

Грузия Эл аралык кылмыш сотун түзүүнү караган 2003-жылкы Рим келишимине кошулуп, ратификациялаган. Орусия болсо ага кол койгону менен ратификациялаган эмес:

- Грузия Рим статусуна катышкан өлкө. Андыктан, биз Грузиянын аймагында жасалган ыктымал кылмыштардын баарын аны жасады деп шектелгендердин жарандыгына карабай иликтөө жүргүзүүгө укуктуубуз”,- деген эле былтыр октябрда Тбилисиде болгонунда Эл аралык кылмыш сотунун прокурору Фату Бенсуда.

Чабуул жана контрчабуул

Грузия-Орусия ортосунда кыска согуш чыккан кезде Грузияны батышчыл жана европачыл багытты карманган президент Михаил Саакашвили башкарчу.

2008-жылы 7-августтан 8-августка караган түнү ал Тбилисинин көзөмөлүнөн 1990-жылдан тарта чыгып кеткен Түштүк Осетияны кайтаруу үчүн чабуул баштаган.

Саакашвили бул кадамга Орусиянын жана жикчилдердин чагымынан улам барганын билдирген.

Орусия болсо контрачабуул менен жооп берип, Түштүк Осетия эле эмес, Грузиянын ичкерки аймактарына чейин кирип келген.

Москва өз операциясын Грузияны “Тынчтыкка мажбурлоо” деп атаса, Тбилиси агрессия деп баалаган.

Беш күндүк согуштун арты Орусиянын Грузия жикчил аймактары катары санаган Түштүк Осетияны жана Абхазияны көз карандысыз өлкө катары таанышына алып барган эле.

Орусия андан бери Түштүк Осетияда, Абхазияда өз аскерлерин кармайт. Алардын көз карандысыздыгын саналуу эле өлкө тааныган.

  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG