Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:23

Пакистанда оппозиция активисттери камакка алынды


Оппозиция лидери Имран Хан (ортодо).
Оппозиция лидери Имран Хан (ортодо).

Пакистан полициясы 27-октябрда оппозиция лидери Имран Хандын ондогон колдоочусун кармап кетти. Бийликтин демонстрацияларга тыюу салганына карабай, Хан бүгүн өлкө боюнча нааразылык акция өткөрүүгө чакырган. Исламабаддын бир нече жеринде тартип коргоочулар менен оппозиция активисттери ортосунда кагылышуу чыкты.

Өкмөт борбор менен Раванпилди шаарларында 2 ай бою саясий акцияларды өктөрүүгө болбойт деп жарыялаган. Имран Хандын Техрик Инсааф партиясы 2-ноябрда премьер-министр Наваз Шарифке каршы жүрүш уюштурууну көздөп жаткан. Хан баш калааны курчоого алып, премьерди кызматтан кетирүү ниетин билдирип келген.

XS
SM
MD
LG