Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:25

Украинанын эгемендигине, бүтүндүгүнө сокку урган Кремль келечекте ушундай эле саясатын башка өлкөлөрдө жүргүзбөйбү? Москванын саясий, экономикалык, маалымат үстөмөндүгү өкүм сүргөн Кыргызстанда жагдай кандай?

Борбор Азия чөлкөмүндө Крымдын аннексияланышы ар башка көз караш жаратты. Кыргызстан адегенде Украинанын эгемендигин сыйлай турганын билдирип, кийинчерээк аннексияланган Крымдагы референдум элдин эркин көргөздү деп кошумчалады. Башка коңшулардын пикири ушуга үндөш болгону менен, расмий Ташкен гана айырмаланып, Орусия менен Украина бардык маселени сүйлөшүү жолу аркылуу чечиши керек деп басым жасады. Москвалык тарыхчы, Орусиянын Бүткүл дүйнөлүк тарых институтунун бөлүм башчысы Артем Улунян Крымдын тегерегиндеги окуялар келечекте Борбор Азияга сөзсүз таасир этет деп эсептейт.

Артем Улунян: Бул эми азыркы чындык. Кремль үчүн Борбор Азия өлкөлөрүнө таасир эте турган жагымдуу жагдай түзүлдү. Өзбекстан, Кыргызстан, Казакстан, Тажикстанда ага бир топ шарттар бар. Түркмөнстанда кырдаал кыйла татаал. Кыргызстан, Өзбекстан, Тажикстандагы топтолуп келаткан саясий проблемалар, социалдык-экономикалык жагдай, Орусияда иштеп жан багып аткан мигранттар Кремлдин таасирин күчөтүүчү жагдай болсо, Казакстанда этникалык орустар, орус тилдүүлөр ошондой өбөлгө болушу мүмкүн. Айтор, Москва азыр ачык эле, ошол эле маалда жашыруун ыкмаларды колдонуп, бул чөлкөмдө таасирин арттырууга умтулат.

Азаттык: Эмне максатта? Мурдагы Советтер Союзу өңдүү баарын бир өлкөгө бириктирүү максатындабы?

Артем Улунян

Артем Улунян

Улунян: Азыр дароо эле чоң өзгөрүүлөрдү күтүүгө болбойт. Бирок соңку окуяларга көз чаптырсак, Москвада 1991-жылы кыйрап жок болгон чоң мамлекетти реанимациялоо, же кайра түзүү аракети көрүлүп жатканын байкоого болот. Жакынкы убакта болбосо да, өтө алыс эмес келечекте Борбор Азия өлкөлөрүнө карата ушундай саясат, кандайдыр аракеттер жасалаары шексиз. Азыркы учурда Москва Батыш тарапка басым жасап атат. Украина, Беларус, Молдова биринчи кезекте бутага алынчудай. Бирок Борбор Азия өлкөлөрүнө келсек, ал жактагы коррупция, социалдык-экономикалык көйгөйлөр, бийликтеги тууган-жердешчилик, ар кандай потенциалдык чыр-чатактар, өз өлкөсүндө жан багалбай, башка жактарда жашап-иштеген мигранттар, жалпы калк арасындагы нааразылык – ушунун баары ар бир өлкөдө Орусияны колдоп кетчүлөрдүн катарын арбытышы мүмкүн.

Азаттык: Ошентсе да, Орусия өз максатына жетиш үчүн, келечекте кайрадан мурдагы советтик өлкөлөрдү өзүнө кошуп алыш үчүн кандай ыкмаларды колдонушу мүмкүн?

Улунян: Ал ыкмалар жөнөкөй эле. Борбор Азиянын кийинки өнүгүүсү кризиске алып келиши мүмкүн. “Түшпөс хандардын” мөөнөтү эртедир-кечтир аяктайт. Сырткы күчтөрдүн жардамы менен мамлекеттик төңкөрүш, же бийликти кулатуу аракети жасалышы ыктымал. Ал үчүн азыртадан бул өлкөлөрдүн бийлик структураларында, бизнес чөйрөсүндө, маалымат каражаттарында, бардык тармактарда акырындап өз кишилерин жогору түртүү саясаты колго алынат, ошол ишеничтүү адамдар анан Москва каалагандай окуяларды жасоого жардам берет. Экинчиден, элдин нааразылык маанайын көкүтүү, андай маанайды тымызын күчөтүүгө аракет жасалат. Же болбосо, үчүнчү, буга чейин сыноодон өткөн ишеничтүү ыкма – кайсы бир өлкөдө чыр-чатакты тутантып коюп, аскердик кийлигишүү зарыл болгон жагдайды түзүү.

Москвалык тарыхчы, эксперт Артем Улунян атаган үч фактор Кыргызстанда барбы? Тактап айтсак, өлкөнүн бийликтен баштап, бардык тармактарында Москванын ишенген адамдары тапталып даярдалып атабы? Элдин нааразылык маанайын көкүтүү, же тымызын ортодо чыр-чатак уюштура коюп, Орусиянын аскердик кийлигишүүсүн талап кылчу жагдай түзүлүшү мүмкүнбү? Бул 3 суроого тең “жок” деп жооп берүү мүмкүн эмес. Бул үч фактор тең Кыргызстандын жагдайында оңой эле колдонулушу толук ыктымал. Кыргызстанда Орусиянын атайын долбоор, программалары кандай иштеп атканын Бишкектен Кубаныч Жолдошев иликтеп көрдү.

Москвада негизи мурдагы советтик өлкөлөрдүн баарын болбосо да, бир бөлүгүн жакындатуу, келечекте кайрадан бир кошунга бириктирүү аракети соңку жылдары ургаалдуу жүргүзүлө баштаганы жашыруун эмес. Андай аракеттерди Орусия кандай программалар, же платформалар аркылуу жүргүзөт? Ушул суроону көп жылдардан бери New York Times басылмасынын Орусия, Украинадагы кабарчысы болуп иштеген Эндрю Крамерге узаттык.

Крамэр: Орусияда жана анын тегерегиндеги маалыматтарга таянсак, негизи мурдагы советтик аймакта борбору Москвада жайгашкан орток экономикалык система, маданий жактан орус тилдүү элдерди бириктирүү аракети жанданып жатканы байкалат. Экономикалык жактан Орусия Евробиримдикке окшош уюшма түзүп, Советтер Союзу кулагандан кийин ортодо пайда болгон соода тоскоолдуктарын алып салууну, Евразиялык Биримдик, Бажы Биримдигин түзүүнү көздөп жатат. Бул долбоор Украинада ишке ашпай калды.

Азаттык: Крым, Абхазия, Түштүк Осетияда Орусия аскерлерин киргизип, бул аймактарды де-факто өзүнө каратып алды. Башка өлкөлөрдө мындай саясат жүргүзбөсө да, “жумшак таасир этүү” саясатын жүргүзүп, маалымат майданында, саясий чөйрөдө катуу иштеп атканы байкалат. Соңку кездери мындай долбоорлор кеңейтилип, күчөтүлдү деп айтсак болобу?

Крамэр: Ооба, менимче, “Соотечественники” программасы аркылуу этникалык орустарды колдоо иштери, Орусиянын идеологиялык программаларын жайылтуу аракети президент Путиндин 2-бийлик мөөнөтүндө күчөтүлдү. Орус тилин, маданиятын, улуттук өзгөчөлүгүн пропагандалап жайылтуу, аскердик кудуретин даңазалоо жагын айтсак болот.
Орусиянын Тышкы иштер министрлиги алдында АКШнын Мамлекеттик Департаментине караштуу ЮСАИДдей эле атайын “идеоогиялык иштерди” жайылтуу аракетин көргөн уюмдар бар. Алар Орусиянын кызыкчылыгындагы билим берүү программаларын, Москваны колдогон бейөкмөт уюмдарды каржылоо иштери менен алек. Андан башка Кремль Кыргызстандын саясаты менен экономикасында таасирин арттырууга кызыкдар экени талашсыз. Ал эми Кыргызстан үчүн, албетте, Орусияга жакын болуунун жакшы жактары да бар – илим, экономика тармактарын алалы.

Бирок Кыргызстан саясий көз карандылыгын жоготпой, өзү басып өткөн жолду унутпай, демократиялык жетишкендиктерин баалай билсе деген эле тилек. Кыргыз парламенти көп партиялуу, ачык талкуу-талашка тыюу салбаган, жаманбы, жакшыбы, сөз эркиндиги өкүм сүрүп жатат. Элдик толкундоолор, коомдук кыймылдардын күрөшү аркылуу келген ушул эркиндиктерди, жетишкендиктерди жоготпой, ошол эле маалда Орусия жана башка өлкөлөр менен пайдалуу кызматташтык орното алса, Кыргызстан үчүн дал ошондой жагдай баарынан жагымдуу болмок деп ишенем.

Азаттык: Грузия, Молдова, эми Украина калкынын бир бөлүгү де-факто Орусияга кошулуп, жоготууга учурап отурат. Бул өлкөлөрдүн өкмөттөрү кандай ката кетирди? Башкаларга кандай кеңеш берет элеңиз?

Крамер: Сиз атап өткөн өлкөлөр – жабырлануучулар болуп атпайбы, бул жерде алардын катасы эмес, Орусиянын “жумшак таасир этүү” саясаты жүзөгө ашпай, айласы кеткенде аскердик кийлигишүүгө барды деп айтсак туура болчудай. Грузияны алсак, Орусия танктары, аскерлери менен басып кирип, аймакты өзүнө каратып отурат. Эми келечекке карасак, Кыргызстанда мисалы, орус тилин, маданиятын жерип, аларга тыюу салуунун эч зарылдыгы жок деп ойлойм. Кыргызстандай көп улуттуу өлкөдө орус тилдүү калкты жерип, кодулабай аларды колдоо саясатын жүргүзүү туура болот. Бул менин жеке пикирим. Ошондо айталы, Москва кыргыз өкмөтү орус тилдүүлөрдү кысмактап атат деп айта албайт. Экинчи жагынан, орус тили аркылуу элдин жалпы билими, маданияты байып өнүгөт деп ишенем. Ошондо гана мурдагы Советтер Союзунун жакшы жактарын өздөштүрүп, таасирдүү жана күчтүү коңшулар менен жылуу мамиледе болууга жол ачылат.

Gallup эл аралык сурамжылоо уюму өткөргөн соңку изилдөөлөргө ылайык, мурдагы советтик өлкөлөр ичинен Орусияны колдоп-жактаган, же калкы эң орусиячыл аймак катары Кыргызстан менен Армения эң алдыңкы орундарды ээлешти. Эмне үчүн дал ушул эки өлкө баарынан орусиячыл маанайда? – деген суроону биз армян кызматынын жетекчиси, журналист Харри Тамразянга узаттык.

Харри Тамразян

Харри Тамразян

Тамразян: Эң биринчи эле себеби – экономикалык көз карандылык. Армения менен Кыргызстанда табигый кен байлыктары жокко эсе, элдин далайы жумушсуздуктун айынан Орусияга көчүп кетип атат. Акыркы үч жылда эле Армениядан 140 миңдей адам Орусияга биротоло көчүп кетишти. Советтер Союзу кезинде деле армяндар негедир ошол жакка көп жер которгон. Кыргызстан, Тажикстанда да ошондой. Жумуш издеп кайда барышат? Тилин түшүнгөн, визасыз бара алган баягы эле Орусия болуп атпайбы. Жаратылыш байлыктары көбүрөөк Азербайжан менен Казакстан бизчелик көз каранды эмес.

Азаттык: Кыргызстанда Крымдагы окуялардан улам активдүү коомчулук эки келишкис лагерге бөлүнүп калгандай. Бир тарабы Орусия туура кылды, ал жердеги орустарды коргоду десе, экинчи тарабы Москва мындай саясаты менен бардык экс-советтик жумурияттарга реалдуу коркунуч жаратты деп эсептейт. Арменияда кандай кабыл алынды бул окуялар?

Тамразян: Бизде деле ошондой. Армян коомчулугунун бир бөлүгү Орусияны колдоп “туура кылат, Крымды кошуп алганы туура” дешсе, экинчи бөлүгү “Украинанын жерин басып алды” деп айыптап жатышат. Улуураак муундагылардын көбү орусиячыл маанайда болсо, жаштар, тескерисинче, Москвага каршы пикирде. Кимиси көбүрөөк экенин айтуу кыйын. Баарынын кооптонгону – жалпы чөлкөмдөгү бейстабилдүүлүк. Крымдагы окуялардан улам дагы эмне болуп кетет деген чочулоо күчөдү. Орус аскерлери андан ары Украинанын чыгышына киргизилсе, Азербайжан да карап турбай Тоолуу Карабакта согуш баштайбы деп кооптонгондор көп. Эл андайдан аябай коркуп калган, эл бир гана тынчтык, бейпилдик болсо экен деп тилек кылууда.

Кесиптешибиз Харри Тамразян Крымдагы окуялардан улам Армениянын калкы бейстабилдүүлүк жайылып, Тоолуу Карабак тарапта тирешүү чыгып кетпейби деп чочулап турганын айтты эле, 28-мартта Азербайжан чек арада эки кишини армян аскерлери атты деп айыптады.

Чет элдик басылмалар жана эксперттер Орусиянын кыргыз экономикасындагы стратегиялуу мааниси бар долбоорлорду башкарууга алып жатканын тизмектеп, эмитеден эле Кыргызстандын эгемендүү өлкө катары келечеги күмөн туудура баштаганын жазышууда. Негизи эле Орусиянын Украинанын эгемендигине, бүтүндүгүнө олуттуу сокку урган Крымдагы аракеттери андан ары жайылбайбы, жалпы эле Борбор Азия, анын ичинде Кыргызстандын эгемендигине коркунуч жаралчу жагдайлар кайсылар деген суроолорду терең анализдеп, жыйынтык чыгарчу мезгил бышып жетилгендей.
  • 16x9 Image

    Венера Сагындык кызы

    Эркин Европа/Азаттык радиосунун Кыргыз кызматынын жетекчиси. 1995-жылдан тарта "Азаттыктын" Кыргызстандагы кабарчысы, IWPR уюмунда журналист болуп иштеген. Кыргызстан жана региондогу окуялар тууралуу макалалары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыяланган. КМУУнун тарых факультетин, аспирантурасын аяктаган.

     

  • 16x9 Image

    Кубанычбек Жолдошев

    "Азаттыктын" иликтөө журналисти. Ош мамлекеттик университетин бүтүргөн.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG