Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:15

Кремл маалымат коопсуздугун чыңдайт


Интернет коопсуздугу боюнча Касперскийдин Москвадагы баш кеңсесинин айнек дубалы
Интернет коопсуздугу боюнча Касперскийдин Москвадагы баш кеңсесинин айнек дубалы

Президент Путин Орусиянын маалымат коопсуздугу боюнча жаңы доктринасына кол койду. Бул Орусиянын сырттагылардын “маалыматтык - психологиялык таасирине” каршы туруусун көздөөрүн билдирет.

Маалыматтык коопсуздук боюнча доктрина өкмөттү “интернеттин Орусияга туура келген тилкесин башкаруунун улуттук системасын” өнүктүрүүгө милдеттендирет.

6-декабрда Путин кол койгон жаңы документ мындан туура 16 жыл мурун кабыл алынган доктринаны алмаштырат.

17 барактан турган документ улуттук кызыкчылыктар менен маалыматтык коопсуздукка коркунуч жараткандарга каршы турууга артыкчылык берүүнү көздөйт.

Ошондой эле документте маалымат технологияларын башка өлкөлөр сыңары аскерий максатта колдонуу зарылчылыгы да айтылат.

Доктринада “Орусиянын мамлекеттик органдарына, илимий ишканаларга жана коргонуу-өндүрүш комплексине каршы техникалык чалгындоону” ишке ашырган чет элдик уюмдар өз ишин ыкчамдатканы белгиленген.

Дүйнөнүн ар кай жеринде саясий жана социалдык кырдаалды курчутуу үчүн айрым өлкөлөрдүн атайын кызматтары “маалыматтык -психологиялык таасирди” күчөтүп жатканы дагы сөзгө алынган. Соңку кезде “Орусия Федерациясынын калкына, эң оболу орустардын руханий-нравалык баалуулуктарын бузуу үчүн жаштарга таасирди” күчөттү деп жазылат.

Орусиянын улуттук кызыкчылыктары дегенде орустардын маалыматты эркин алуу укугу жана технологияны колдонгон кишинин жеке купуялуулугунун кол тийбестиги белгиленет.

Путин доктринага 6-декабрда кол койду.
Путин доктринага 6-декабрда кол койду.

Орусияга туура келген интернет сегментин "башкаруу" системасы жаңы доктринанын этегине киргизилип, бирок өркүндөтүлгөн эмес.

Ошол эле маалда бул Путиндин мамлекеттик органдар интернет эркиндигин чектебеши керек деген эскертүүсүнө карабай Кремлдин маалымат желесин көзөмөлдөөсүнө жол ачышы мүмкүн деген кооптонууга жем таштады.

Геосаясий көз карандылык

Путин кол койгон документте Орусияда маалымат технологиясын өнүктүрүүнүн бечелдиги белгиленет. Москва алдыңкы маалымат технологиясын четтен алат, андыктан Орусиянын социалдык-экономикалык абалы башка өлкөлөрдүн геосасяий кызыкчылыктарынан көз каранды болуп келатканы айтылат.

Доктринада Орусияда жасалган иликтөөлөрдүн эффективдүүлүгү жетишсиз деп сындалып, жергиликтүү инженердик-техникалык ойлоп табууларды ишке ашыруу менен орустардын технологиясын өнүктүрүү зарылдыгы белгиленет.

Анткен менен алдыдагы үч жылда технологияларды өнүктүрүү жана илимий ишмердикте мамлекеттик каржылоону кыскартуу каралган.

Жаңы документте улуттук кызыкчылыктардын катарында өлкө ичинде жана сыртында “Орусия жөнүндө туура маалымат жеткирүү” каралат.

“Чет өлкөлүк медиа каражаттарында Орусия Федерациясынын мамлекеттик саясатын бурмалаган маалыматтар көбөйгөнү”, аны менен катар эле “орусиялык маалымат каражаттары башка жерлерде ачык кемсинтүүгө кабылып, орусиялык журналисттердин иштөөсүнө тоскоолдуктар жаралып жатканы” айтылат.

“Орусиялыктардын руханий-нравалык баалуулуктарын бузууну көздөгөн маалыматтын таасирин жок кылууга” аракет көрүү каралат.

Маалыматтык коопсуздук жаатында жаңы комплекстүү чаралардын зарылдыгын Путин эки жыл мурун украин кризисинин тушунда козгогон​. Ушул жылдын жайында Мамлекеттик Думада антитеррордук мыйзамдардын топтому кабыл алынган. Укук коргоочулар менен бизнес өкүлдөрү ал мыйзамдар жарандын конституциялык укуктарын чектеп, анын ичинде жеке жашоонун купуялуулугуна шек келтирет деп сындап чыгышкан.

XS
SM
MD
LG