Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:40

Росгвардия Путиндин жеке армиясына айланабы?


Орусия президенти Владимир Путин Росгвардиянын башчысы Виктор Золотов менен жолугушууда. Кремль, 5-апрель, 2016-жыл.
Орусия президенти Владимир Путин Росгвардиянын башчысы Виктор Золотов менен жолугушууда. Кремль, 5-апрель, 2016-жыл.

Орусия президенти Владимир Путин 3-июлда Ички иштер министрлигинин базасында Улуттук гвардия түзүү боюнча жарлыкка кол койду. Мындай жаңы аскер түзүмгө муктаждыкты ал терроризмге каршы күрөш деп негиздесе, айрымдар Путиндин кадамын ушул жылы Орусияда өтө турган парламенттик шайлоодогу ыктымал башаламандыктардын алдын алуу аракети деп сыпатташууда.

Аталган мыйзам долбоорду Владимир Путин ушул жылдын апрель айында демилгелеп, ал эми 22-июнда Дума аны акыркы окууда колдоп берген. Мыйзамга ылайык, Улуттук гвардиянын же, Росгвардиянын аскерлери унааларды текшерүү, турак жайларга кирүү укугуна ээ болот. Алар ошондой эле жарандарга же жоокерлердин өзүнө коркунуч жаралган учурда эскертүүсүз эле күч жана курал колдонууга акылуу.

Жаңы түзүмдүн башчысы болуп Орусиянын ички иштер министринин мурдагы орун басары Виктор Золотов дайындалды. Ал мурун Путиндин жеке коопсуздук кызматынын башчысы болуп иштеп келген. Жаңы түзүлгөн Росгвардиянын курамы 180 миң кишиге чейин жетип, түздөн түз президентке баш иет.

Виктор Золотов Путиндин жеке жан сакчысы болуп иштеген
Виктор Золотов Путиндин жеке жан сакчысы болуп иштеген

Өзүнүн мындай чечимин Владимир Путин 2016-жылдын 5-апрелинде билдирген:

- Чечим кабыл алынды: биз Ички иштер министрлигинин ички аскеринин базасында жаңы федералдык орган түзүүнү чечтик. Улуттук гвардия терроризм жана уюшулган кылмыштуулук менен күрөшөт да СОБР жана ОМОНдун ыйгарым укуктарына ээ болуп, Ички иштер министрлиги менен тыгыз байланышта иш алып барат.

Путин күч түзүмдөрүн өзүнө жакындатып атканын акыркы иш-аракеттерден байкаса болот. Бул биринчиден, күч органдарынын милдеттеринин айкалышуусуна алып келет деген чочулоолорду жаратса, экинчиден, мындай өзгөрүүлөр ушул жылдын сентябрь айында өтүүчү парламенттик шайлоого даярдык деп сыпатталууда.

Жаңы аскердик түзүм жарандык полициядан айырмаланып аскердик орган катары мүнөздөлөт. Ал СОБР менен ОМОН гана эмес, ФСБ улуттук коопсуздук кызматына таандык укуктарга да ээ болот. Негизинен эки органдын милдеттери терроризм жана экстремизмге каршы күрөштө айкалышат. Укук коргоочу Валерий Борщев бул тууралуу оюн төмөндөгүдөй бөлүштү:

- Улуттук гвардия ФСБнын көптөгөн функцияларын аткара турган болду. ИИМдин милдеттерин алып атканында маселе жок, бул түшүнүктүү. Ал эми терроризм менен күрөшүү мурдатан эле ФСБнин милдети болуп келген да. Менин түшүнүшүмчө эми бул милдет Улуттук гвардияга тапшырылат.

Орусиянын Ички иштер министрлигинин аскерлери
Орусиянын Ички иштер министрлигинин аскерлери

Дмитрий Песков кошумчалагандай, Росгвардиянын жоокерлери “мыйзамсыз митингдерди” кысымга алат. "Эхо Москвы" жүргүзгөн сурамжылоодо суралгандардын 54 пайызы Улуттук гвардияны Путиндин жеке коопсуздугу үчүн түзүлгөнүн айтса, 34 пайызы аны “саясий оппозицияга каршы” түзүлгөн орган деп баамдаган.

Ej.ru сайтынын башкы редактору Александр Рыклин да Росгвардиянын түзүлүшүнүн себебин парламенттик шайлоо жакындап калганында көрөт.

- Шайлоого чейин аларды колдонбойт деп уктум. Бирок эгер шайлоо алдында 100 миң киши көчөгө чыкса, албетте колдонот. Алар андан башкага кереги жок. Улуттук гвардия Тверскойго чыгып катары менен бардык жарандарды тепкилеп баштабайт. Эгер массалык башаламандык башталса, анда албетте гвардия кийлигишет да өз ишин кылат. Антпесе Золотовдун кадыры кетет да. Ал Росгвардияны жетектөөгө өзүнүн кадрларына дем берип, генерал менен полковниктердин коркуп кетпөөсүн камсыздоо максатында гана дайындалды. Баары биригип, артка качпай нааразы элди тынчытуу милдеттерин аткарышат. Алар ошол үчүн акча алышат да. Эч башка нерсеге булардын кереги жок.

Росгвардия ошондой эле маңзатты мыйзамсыз жүгүртүүгө бөгөт коюп, эл аралык операцияларды да жүргүзүүгө да укуктуу болору жазылган.

XS
SM
MD
LG