Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:25

Орусиялык жөө күлүктөр кабылган допинг доосу


Бүткүл дүйнөлүк допингге каршы күрөш агенттиги
Бүткүл дүйнөлүк допингге каршы күрөш агенттиги

Бүткүл дүйнөлүк допингге каршы күрөш агенттиги Орусиянын жеңил атлеттерин эл аралык мелдештерден четтетүүгө чакырды.

Сочидеги олимпиадада мына ушундай жол менен алтын медалдар камсыздалган болушу мүмкүн деген шек бар. Бул тууралуу аталган уюмдун иликтөө корутундусун ичине камтыган чуулгандуу баяндамада айтылган. Орусияда бул багыттагы мыйзам бузуулардын көп жылдан бери кеңири практикаланып келе жатканы себеп болгон. Бүткүл дүйнөлүк доппингге каршы күрөшүү агенттигинин көз карандысыз комиссиясынын мындай корутундусу 9-ноябрда жарыяланды.

Орусиянын мүчөлүгүн токтотуу талабы

Бүткүл дүйнөлүк допингге каршы күрөш агенттигинин комиссиясы чыгарган корутундуда Орусиянын жеңил атлетикасы допингдин түрлөрүн кеңири колдонуу, паракорчулук жана алдамчылык жагынан алдына ат салдырбаганы көрсөтүлгөн. Иликтөө корутундусунда допингди кеңири колдонуунун бир катар конкреттүү мисалдары келтирилген.

Сочи олимпиадасында орусиялык спортсмендер допинг колдонгон деп шектелүүдө
Сочи олимпиадасында орусиялык спортсмендер допинг колдонгон деп шектелүүдө

Допингди иликтөө боюнча көз карандысыз комиссиянын башчысы, олимпиадалык комитеттин мурдагы президенти Ричард Паунд эл аралык жеңил атлетика федерациялар бирлигиндеги Орусиянын мүчөлүгүн токтотуу сунушу менен чыкты:

- Бул жагдай биз ойлогондон дагы жаман иш болуп чыкты. Мунун бардыгы бийликтин макулдугусуз жасалышы мүмкүн эмес эле. Азыр биздин агенттик бул ишти мындан ары иликтөө үчүн Интерпол менен кызматташуу жаатында сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Интерполдун жетекчилиги бул маселе боюнча Франциянын укук коргоо органдары менен дагы биргеликте иштешүүгө багыт беришти. Француз изкубарлары учурда бул ишти андан ары иликтөөгө макулдугун беришти. Биздин инспекторлор иликтөө учурунда топтогон материалдардын бардыгын укук коргоо органдарына тапшырып беребиз.

Эл аралык жеңил атлетика бирлигинин президенти Себастьян Коу Орусиянын жеңил атлетика федерациясынын мүчөлүгүн токтотуу маселеси жакын арада карала турганын айтты.

Журналисттик иликтөөнүн арты менен...

Бүткүл дүйнөлүк допингге каршы агенттик былтыр Германиянын ARD телеканалы Орусиянын жеңил атлетикасындагы допингди колдонуу фактыларын ашкерелеген иликтөөсүнөн кийин атайын комиссия түзгөн болчу. Иликтөөдөгү 2014-жылы Сочиде өткөн олимпиада учурунда спортчулардын допинг колдонгонун текшерүү сырлары ачыкталган. Комиссия допинг колдонууну жашыруу, кандын анализин алардан мурун спортчуларга алдын ала эскертүү жана допинг колдонулганын жашыруу максатында эл аралык инспекторлорду тымызын сатып алуу фактыларын тастыктаган. Ричард Паунд журналисттик иликтөөнүн көпчүлүк фактылары ырасталганын белгиледи:

- ARD телеканалынын иликтөөсүндө келтирилген Орусияда жеңил атлетчилердин допинг колдонуу учурлары боюнча фактылардын көпчүлүгү биздин комиссиянын корутундусунда ырасталды. Биринчи жолу бул көйгөйдү ашкерелеп, дүйнөлүк коомчулуктун сынына алып чыкканы үчүн немис журналисттерин куттукайм. Спорттогу допингдин жүзүн ачууда бул журналисттик иликтөөнүн жыйынтыгы биз үчүн дагы чоң сейрек кездешүүчү күрөштүн түрү катары прогресс жасады.

Мындан сырткары баяндамада Москвадагы допингди текшерүү лабораториясына ар кандай көрсөтмө берүү максатында федералдык коопсуздук кызматынын өкүлдөрү дайыма келип турганы көрсөтүлгөн.

Виталий Мутко
Виталий Мутко

Орусиянын спорт министри Виталий Мутко маалымат агенттиктерине допинг колдонууга байланыштуу көйгөй бир эле Орусияда эмес экенин айтып, аны жалгыз бөлүп кароо адилетсиздик деди. Ошол эле кезде Орусиянын жеңил атлетика федерациясынын президенти Вадим Зеличенок эл аралык агенттик алардын мүчөлүгүн токтотуу сунушун киргизүүгө акысы жок болчу деп билдирди.

Иш козгоо алдында

Бүткүл дүйнөлүк допингге каршы агенттик Орусиянын мүчөлүгүн токтотуудан сырткары беш орусиялык жеңил атлетчини дисквалификациялоону сунуштаган. Алардын арасында олимпиада чемпиону Мария Савинова да бар.

Орусиялыктар допингди баарынан көп колдонгон деп айтылууда
Орусиялыктар допингди баарынан көп колдонгон деп айтылууда

Ошондой эле корутундуда Орусиядагы допингди текшерүү лабороториясынын эл аралык аккредитациясын жокко чыгаруу маселеси көтөрүлгөн. Комиссия агенттиктин инспекторлору келердин алдында Москвадагы лабораторияда 1400 допинг-тест жок кылынганын аныктаган. Мына ушуга байланыштуу бул ишти андан аны иликтөө жагы Интерполго тапшырылганы турат. Анткени эл аралык жеңил атлетика бирлигинин мурдагы жетекчиси Ламин Диак ошол учурда Орусиянын жеңил атлетчилерин коргоп келгени баяндамада көрсөтүлгөн. Франциянын укук коргоо органдары учурда Ламин Диакты орусиялык спортсмендердин допинг колдонгон учурларын жашыргандыгы үчүн 1 миллион евро пара алган деп айыптап, ишти иликтей баштады. Тергөөнүн купуялуулугун сактоо үчүн орус жеңил атлетчилеринин допинг колдонуу учурларын ашкерелеген иликтөө корутундусунун толук мазмуну жарыялана элек. Эл аралык агенттиктин статистикасы боюнча Орусияда 2013-жылдан бери 225 допинг колдонуу учуру катталып, дүйнө жүзүндө эң алдыга чыккан.

XS
SM
MD
LG