Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:03

Орус президенти “ооган коркунучу” жөнүндө айтып чыкты


"Талибандын" колго түшкөн согушкерлери. Сүрөт 2012-жылдын 18-декабрында Ооганстандын Жалал-Абад шаарынан тартылган.
"Талибандын" колго түшкөн согушкерлери. Сүрөт 2012-жылдын 18-декабрында Ооганстандын Жалал-Абад шаарынан тартылган.

Орусия президенти “ооган коркунучу” тууралуу айтып чыкты. Путин өлкөнүн Коопсуздук кеңешинин отурумунда сүйлөгөн кезинде АКШ баштаган коалицияны Ооганстанда алгылыктуу ийгиликке жетише албады деп сындады. Бул аралыкта ооган президенти АКШ 2014-жылдан кийин Ооганстанда аскерий базадан тогузду калтырууга ниеттенип жатканын билдирди.

Путин ооган маселесине Орусия Коопсуздук кеңешинин Жеңиш майрамына утурлай өткөн жыйынында кайрылды.

Орус президентинин пикиринде, Ооганстанда НАТО баштаган күчтөр он жылдан ашуун убакыттан бери турганы менен бул өлкөдөн чыккан коркунучтардын тамырын кырка алган жок. Ооганстандын көйгөйлөрүнүн анын чегинен тышкары тароосу уланууда:

Путин Коопсуздук кеңешинин олтурумунда. 8-май, 2013-жыл.
Путин Коопсуздук кеңешинин олтурумунда. 8-май, 2013-жыл.
- Уюткусун америкалык аскерий кызматчылар түзгөн чет элдик аскерий контингент террорчул жана радикалдык топтор менен күрөштө чоң өзгөрүшкө жете албады. Андыктан жакынкы убактарда биз кырдаалдын курчушуна кептелишибиз мүмкүн деп айтууга толук негиз бар. Эл аралык террорчул жана радикал топтор бейстабилдүүлүктү башка жактарга да экспорттоо боюнча өз пландарын жашырышпайт. Алар бүлдүргүч иштерин коңшу өлкөлөрдө да жүргүзүүгө аракеттенишчүдөй.

Путин “эл аралык коалиция Ооганстанда наркозаттардын өндүрүшүн жок кылуу боюнча иш жүзүндө эч нерсе жасаган жок”, - деп сындады жана наркотрафик алдыда күчөөсү ыктымалдуулугун эскертти.

Өзү Орусия 2001-жылы АКШ баштаган НАТО күчтөрү Ооганстанга кирип, "Талибанга" каршы антитеррордук операция баштоосун колдогон. Бирок кийинчерээк АКШ Ооганстандагы операциялар үчүн Борбор Азия өлкөлөрүндөгү аскерий базаларды колдонуусуна каршы чыга баштаган.

Мындан улам эки жыл мурда Жамааттык коопсуздук келишиминин уюмунун уставына ага мүчө мамлекеттер аймагында чет элдик аскерий базаны жайгаштыруу чечимин өз бетинче эле кабыл албоосун караган өзгөртүү да киргизилген. Бирок Орусия ошол эле учурда АКШ баштаган НАТО күчтөрү Ооганстандан кетүүнү мерчемдеп жаткандыктан, коопсуздук коркунучтары күчөйт деген камтамачылыгын утур-утур билдирип келүүдө.

Путин Коопсуздук кеңешинин отурумунда Москванын алдында турган милдеттер катары буларды атады:

- Бизге түштүк стратегиялык багытында коопсуздук системасын, анын ичинде аскерий жагын бекемдөө керек. Бул үчүн өзүбүздүн алдын алуучу чаралардын бүткүл арсеналын, ошондой эле ШКУ менен ЖККУнун потенциалын тартуу зарыл. Мамлекеттик чек араны кайтарууну, миграциялык көзөмөлдү күчөтүү абзел. Ага катар Жамааттык коопсуздук келишиминин уюмунун ыкчам жайгаштырылуучу күчтөрүн заманбап техника менен жабдууну тездетүү, наркотрафиктин каналдарын тосуу боюнча иштердин натыйжалуулугун бир нече эсе көтөрүү керек.

Путин бул багытта Борбор Азия өлкөлөрү менен кызматташуу зарылдыгын кошумчалады.

Орусия түштүк стратегиялык багыт деп Тажикстан, Түркмөнстан, Өзбекстандын Ооганстан менен чек араларын эсепке алат. Бирок булардын ичинде Жамааттык коопсуздук келишими уюмуна Тажикстан гана мүчө. Өзбекстан былтыр уюмдан кайра чыгып кеткени маалым.

Орусиялык аскерий талдоочу Александр Гольц Орусиянын эл аралык коалициянын Ооганстандан чыгышына даярдык катары ЖККУнун алкагында ыкчам аракеттенүүчү күчтөрдү куроосуна Борбор Азиядан анча ишеним артпаган мамлекеттер да бардыгын белгилейт:

- Орусия буга даярданууда. Бул үчүн ыкчам аракеттенүүнүн коалициялык күчтөрүн курап жатат. Бирок Каримов бул планга абдан скептикалык көз караш менен карайт. Эмне үчүн ал ЖККУдан чыгып кетти? Мына ушул себептерден улам.

Карзай: АКШ тогуз базаны калтырууну каалайт

Буга чейин жарыяланган план боюнча АКШ баштаган күчтөр Ооганстандан чыгууну 2014-жылы аяктайт. Бирок андан кийин канча аскер калары - АКШ менен Ооганстандын учурдагы сүйлөшүүлөрүнүн предмети болуп жаткан маселе.

Ооган президенти Хамид Карзай 9-майда Кабул университетинин студенттери менен жолугушуу учурунда АКШ Ооганстанда аскерий базалардан тогузду калтырууга ниеттенип жатканын айтты:

- Алар бүткүл Ооганстандын аймагында тогуз базаны калтырууну каалашууда. Кабулда, Баграмда, Мазари –Шарифте, Жалал-Абадда, Гератта, Гардезде, Кандагарда, Гильмендде, Шиндадда. Биз алардын Ооганстанда турушу, АКШ, Европа, НАТОнун 2014-жылдан кийин да биз менен байланышта болушу өлкө үчүн жакшы деп эсептейбиз. Бирок мунун ордуна биздин шарттар боюнча АКШ Ооганстанда коопсуздукту чыңдоо аракеттерин күчөтүшү жана тездетүүсү керек, Ооганстандын күчтөрүн фундаменталдык жактан бекемдеп, экономикага олуттуу колдоо көргөзүүсү зарыл. Бул алар бизге экономиканын негиздерин: суу сактагычтарды, электр кубаты менен камсыздоо системасын, жолдорду куруу ишинде жардам берет дегенди туюндурат.

Маалыматтарга караганда, АКШ Ооганстанда 2014-жылдан кийин калтырууну көздөгөн тогуз базаны тейлөө үчүн 20 миңден ашуун жоокер талап кылынат.

Учурда Ооганстанда АКШнын 66 миң жоокери бар. Келерки жылдын башына чейин алардын 34 миңи калмакчы. Ал эми 2014-жылдан кийинки планынын чоо - жайын Вашингтон азырынча ачыктай элек.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG