Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:45

“Өнүгүү-Прогресс” Жалал-Абаддагы кырдаал боюнча БШКга кайрылат


"Өнүгүү-Прогресс" партиясы.
"Өнүгүү-Прогресс" партиясы.

“Өнүгүү-Прогресс” партиясы Жалал-Абад шаардык кеңешине ат салышып жаткан КСДП тизмесине байланыштуу жагдайдан улам Борбордук шайлоо комиссиясына кайрылат. Парламенттеги аталган фракциянын өкүлү Мирлан Бакиров “Азаттыкка” билдиргендей, аймактык шайлоо комиссиясы өзү кабыл алган чечимди өзү жокко чыгарып, мыйзам нормаларын бузду:

-Аймактык шайлоо комиссиясы өз чечимин кайра карай албайт. Аны БШК карап чыгышы керек. Эгер жогору жактан да мыйзам бузуу болсо, анда сотко кайрылабыз.

Жалал-Абад аймактык шайлоо комиссиясы КСДП партиясынын талапкерлерин каттоодо гендердик норма сакталган эмес деп, тизмени жокко чыгарган эле. Бирок маселе убагында каралбай, тийиштүү чечим кечигип кабыл алынган деген негизде, ал кайра жокко чыгарылган.

Ал тапта КСДП 24 талапкерди чакыртып алып, тизме мыйзамга ылайыктуу жаңы түзүлгөнү расмий кабарланды. Муну серепчилер мыйзамсыз деп атоодо. (SE)

XS
SM
MD
LG