Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:10

Санкт-Петербургда мигрант кыз-келиндер үчүн гезит чыга баштады


“Гүл” деп аталган гезитте орусча эле эмес, кыргызча, өзбекче жана тажикче материалдар бар. “Мемориалдын” грантын утуу менен басылманы чыгарып жаткан жамаат акча үнөмдөө максатында редакцияга ижарага имарат алган эмес. Гезиттин редактору Юлия Алимова басылмада документтерди толтуруу, мигранттардын укугу, жумуш жана бюрократия жөнүндө макала-маалыматтар бардыгын, ден соолук темасы өзүнчө экенин белгиледи:

- Биз аялдардын ден соолугу жөнүндө, эмчек, жатын рактарынын алдын алуу, боюнда бар кезинде өзүн кароо жөнүндө жаздык. Бул темалар салттык коомдордо көбүнчө ачык талкууланып, айтылбайт эмеспи. Биз аны ачууну көздөдүк.

Гезит мигранттарга бекер берилет. Жаңы сандар метро, кафе, базар, миграциялык борборлордо таратылат. Редакциянын байкоосу боюнча, өз тилиндеги маалыматка көбүнчө Өзбекстандан келген мигранттар муктаж. (AiT)

XS
SM
MD
LG