Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:53

Москвада сот орус жигитти өлтүрдү деп шектелген азери жаранын 10-декабрга чейин тергөө абагына камоону чечти.

Бирок Орхан Зейналов мурда жарыяланган көрсөтмөлөрүнөн сотто баш тартып, күнөөсүз экенин айтып чыкты. Орус жигиттин чет элдик мигранттын колунан бычак жеп каза табышы, Москвада мигранттарга каршы өнөктүктүн кезектеги толкунун жараткан эле.

Азери бийликтери алардын жаранынын укугу орой түрдө бузулганын айтышууда. Анткени Орхан Зейналовду кармоо учурунда орус полициясы кылмышка шектүүнүн колу-бутун кайрып, телеге тартып, ички иштер министринин алдына чейин жетелеп барып, басмырлашса, орус маалымат каражаттарында ал сотко чейин эле киши өлтүрүүчү деп жарыяланган.

Мындан улам азери Тышкы иштер министрлиги, мекеменин басма сөз катчысы Эльман Абдулдаевдин айтымында, бейшембиде орус тышкы иштер министрлигине нааразылык нотасын жолдоду.

Азербайжандын Москвадагы элчиси Пулат Бүлбүл оглы расмий нотанын максаты Зейналовдун укугу бузулбашын камсыздоо экенин айтат:

- Абдан жагымсыз сезим жаралды. Биринчиден, сот-процессуалдык мыйзамдын бардык эрежелери бузулуп отурат. Интернетте баары камактагынын укугу тебеленгенин жазып жатышат. Ал чет өлкөлүк, андыктан ага ошондой мамиле жасалуусу абзел. Эң биринчи кезекте консулдук жардам, адвокаттын жардамы жана тил жагынан жардам берилиши абзел.

Элчи Пулат Бүлбүл оглы Москвадагы “Дождь” интернет телеканалынан сүйлөгөн учурунда Орусияда турмуштук жүйөдөгү кылмыштан улам саясат жасалып жатканын кошумчалады:

- Бул тиричилик деңгээлиндеги мушташ, киши өлтүрүү. Дүйнөнүн Москва өңдүү ири мегаполистеринде ал күн сайын болуп турат. Полиция үчүн бул күнүмдүк иш. Көрүңүзчү эми мунун тегерегинде кандай чуу жасап жиберишти. Буга окшогон турмуштук жагдайлар болгон, мындан кийин деле боло берет. Бирок аны саясаттын деңгээлине чыгаруу, кайсыл бир элге каршы истерияга айлантуу, силер түшүнүп койгула, Орусия үчүн бул бумеранг. Анткени, ал көп улуттуу, көп конфессиялуу өлкө. Мындайды жасоо жарабайт.

Азери жараны Орхан Зейналов бейшемби күнү Москвадагы сот жараяны учурунда өзүнүн мурда жарыялаган көрсөтмөсүнөн баш тартып, күнөөсүз экенин белгиледи.

​Орусиянын Тергөө комитети ал москвалык Егор Щербаковду Бирюлево районунда өзүн-өзү коргоо максатында бычактаганын моюнга алганын айтышкан.

Бирюлеводогу тополоңдон кийин кармалган мигранттар, 14-октябрь, 2013-жыл

Бирюлеводогу тополоңдон кийин кармалган мигранттар, 14-октябрь, 2013-жыл

Москванын түштүгүндө, 10-октябрдын түнүндө болгон окуя үч күндөн кийин мигранттарга каршы тополоңду жараткан эле. Бул тополоңдун артынан Москва полициясы да мигранттарга каршы өнөктүк баштап, аларды жүздөп камоого киришкен.

Зейналовдун адвокаты Виктор Аникушиндин журналисттерге билдиргенине караганда, ал Москва райондук сотунун бейшембидеги чечимин апелляцияга берет:

- Мен иштин материалдарын дыкат иликтешим керек. Коргоочу тарап сотко Зейналовдун күнөөсүн көргөзгөн далилдер берилбегенин билдирди. Андыктан сотту 72 саатка жылдырып турууну да сурандык. Бирок сот атаандаштык принцибин бузду. Демек апелляцияга беребиз.

Орусиянын Тергөө комитети билдиргендей, Зейналовго айып расмий түрдө жакынкы он күн ичинде коюлат.

Москванын полициясы Бирюлеводогу кылмышка байланыштуу ал райондогу жашылча базанын эки кызматкерин камады, ал эми базага ээлик кылган компаниянын башчысы, теги кавказдык Алиасхаб Гажиевге издөө жарыяланды.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG