Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:18

Орусия-Беларус: газдын баасы чечилбеди...


Минск, 8-июнь, 2016-жыл
Минск, 8-июнь, 2016-жыл

Беларус жана Орусиянын президенттери газдын баасы боюнча талашты чече алышкан жок. Орус президенти Беларусту айыл чарба товарын көбүрөөк өндүрүп, орус рыногунан азыртан орун табууга үндөө менен чектелди. Беларустун башчысы Александр Лукашенко экономикалык биримдиктеги алака-катышка ичи чыкпай жатканын билдирди. Бул арада Минскиде Путинге каршы “Орусия – бул согуш” деген акция өттү.

8-июнда Беларус борбору Минскиде Орусиянын маданият күнү өттү. Ага орус президенти Владимир Путинди бараандуу делегация коштоп барды. Арасында Орусиянын Федералдык кеңешинин төрайымы Валентина Матвиенко, "Газпромдун" жетекчиси жана бир катар министрлер жүрдү.

Беларус президенти Александр Лукашенко Орусия менен тарых-тагдыры бир, ага-ини мамлекет экенин айтып, эки өлкө мамилелери мындан да жакын болушун кааларын белгиледи. Бирок орус президенти Владимир Путин Беларусту айыл чарба товарларын көбүрөөк өндүрүп, орус рыногунан ордун табууга чакыруу менен чектелди.

- Беларус КМШ өлкөлөрү арасынан Орусияга товар экспорттоо боюнча биринчи орунда турат. Биз бул көлөмдүн мындан да көбөйүүсүн каалайбыз. Бирок Орусияга Европанын эмес, силер өндүргөн товар кириши керек. Ошол эле эт, сүт жана башкалар. Бул өзүңөр үчүн пайдалуу.

Беларустагы маданий форумдун алкагында эки өлкө ортосунда 300 миллион долларлык келишимдерге кол коюлду. Бирок Беларус президенти Александр Лукашенко бул жолу да Евразия экономикалык биримдигиндеги жылыштарга ичи чыкпай жатканын айтып алды.

- Тилекке каршы, орус-беларус алакасындагы жагымсыз фактыларды айтууга туура келип жатат. Дүйнөлүк экономиканын чакырыктарына каршы биз өз-өзүбүзчө күрөшүп атабыз. Орусия көп учурда бир гана өзүнүн улуттук кызыкчылыгын алдыга чыгарып алууда. Биз мамлекеттик деңгээлде макулдашкан келишимдер иш жүзүндө аткарылбай калып жатат. Ушуга окшогон кемчиликтерди жоюшубуз керек.

Орусия Беларуска сатып жаткан газ баасы боюнча орток пикир бул жолу да табылган жок. Өлкө башчылар газ баасы тууралуу талашты эки өлкө министрлеринин деңгээлинде чечилет деген пикирге токтолушту. Беларус Орусиядан алып жаткан газдын баасы боюнча жаңы келишим түзүлүшү керек деген жүйө менен газ акысын төлөбөй келет. Расмий Минск Орусиядан алынган газдын баасы өтө эле кымбат деген оюн билдирип жүрөт. "Газпром" болсо карыз төлөнбөсө, Беларуска берилип жаткан газ токтотулат деп коркутуп келет.

Орусиянын Беларустагы маданият күндөрү да тынч өткөн жок. Беларус активисттери орус-беларус союзуна каршы митинг өткөрүшүп, "Орусия бул – согуш, Путин бул – Гитлер" деп кыйкырып турушту.

Акыркы маалыматтар боюнча Беларустун "Газпромго" карызы 125 миллион долларды түзөт. Адистер болсо Беларус өз аймагына орусиялык аскер база куруу сыяктуу долбоорду сунуштаса, газ боюнча карыз кечилет деп боолгошот.

XS
SM
MD
LG