Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 11:50

Орусияда парламент өткөн аптада талаштуу эки мыйзам долбоорун жактырды. Алардын бири чет мамлекеттерден акча алып, өлкөдө “саясий ишмердүүлүк” менен алектенген коммерциялык эмес уюмдарга талапты күчөтөт. Экинчисине ылайык, “ушак” кайрадан Кылмыш-жаза кодексинин алкагында жазаланат.

Орус парламентинин төмөнкү палатасы – Мамлекеттик дума – кабыл алган ал мыйзам долбоорлорун эми адегенде Жогорку палата жактырышы керек, анан президент Владимир Путин аларга кол коюшу зарыл. Ошондон кийин гана алар күчүнө кирет. Бирок байкоочулар дал ушундай болоорунан күмөн санашпайт.

13-июлда Мамдума өлкөдөгү бейөкмөт уюмдар жөнүндөгү мыйзам долбоорун көпчүлүк добуш менен жактырды. Аны 374 депутат колдоду, үчөө гана каршы чыкты.

"Агент"

Бул мыйзам долбоору сырт жактан акча алып иштеген уюмдарды каттоону эле татаалдатпай, аларга “чет өлкөлүк агенттер” деген макам берет. Дал ушул макамга азыр көпчүлүк бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү каршы болушууда.

Мыйзам аларды Юстиция министрлигине келип, өздөрүн атайын тизмеге киргизүүнү суранууга, анан интернетте эмне жарыялабасын, сөзсүз өздөрүнүн статусун, башкача айтканда, “биз чет өлкөлүк агентпиз” деп жазып турганга милдеттендирет.

Талапты аткаруудан баш тарткан "бейтартип" уюмдар 1 млн. рублга чейин айып пулга жыгылышы мүмкүн же анын өкүлдөрүн 3 жылга чейин түрмөгө отургузушат.

Андай уюмдар жылына төрт жолу финансылык отчет бериши керек, анан аларды тийиштүү күч органдары качан кааласа келип текшере беришет.

"Бирдиктүү Орусия" фракциясынын лидери Андрей Воробьев, Москва, 13-июль, 2012

"Бирдиктүү Орусия" фракциясынын лидери Андрей Воробьев, Москва, 13-июль, 2012

Парламенттеги “Бирдиктүү Орусия” партиясынан депутат Андрей Воробьев - мыйзады колдогондордун бири: "Балдардын укугун, айлана-чөйрөнү коргогон, кайрымдуулук менен алектенгендер жана диний уюмдар бул тизмеден чыгарылышкан".

Чынында, аларды дал ушул мыйзамдан чыгаруу сунушун президент Владимир Путин киргизген болчу. Президенттин сунушу унутта калган жок, бирок парламенттеги оппозиция сунуштаган бир да сунуш эске алынган жок.

"Крыша"

“Акыйкат Орусия” партиясынын депутаты Илья Пономарев аталган тармактардагы уюмдардын тизмеден чыгарылышы менен Кремль “өлкөдө кимдерге кол тийгизбеш керектигин аныктады” дейт.

"Биз азыр талкуулаган Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндөгү мыйзам чиркөө тарабынан түзүлгөн уюмдарга, мамлекет жана бизнес түзгөн уюмдарга эч тийише албайт деп чечтик. Ушуну менен биз өлкөдө кылмыш жоопкерчилигине тартылбаш үчүн ким универсалдуу калканч болуп бере алаарын аныктап койдук", - дейт депутат Пономарев.

Ал арада бүгүн Орусияга жөнөгөн Европа кеңешинин Парламенттик ассамблеясынын атайын өкүлү Адреас Гросс “Азаттыктын” орус редакциясына сүйлөп жатып, ал орус бийликтери менен жолугушууларда сөзсүз соңку мыйзамдарды талкууга аларын айтты.

Чакырык

Ал Владимир Путиндин президенттик жаңы мөөнөтү демократияга урулган катуу сокку менен башталганын, жакында эле өлкөдө уруксат берилбеген митингдерди уюштуруучулар жана анын катышуучуларын жазалоо, интернетке көзөмөл күчөгөнүн да кошумчалады.

Ушунун баарын, өзгөчө, “ушак” деген түшүнүктү Административдик кодекстен кайрадан Кылмыш кодексине көчүргөн мыйзамды Гросс Орусиянын юстиция министри Александр Коновалов, башкы прокурору Юрий Чайка менен талкуулоону пландап жатканын айтты.

"Бул мыйзамды “жактырбаган сынчыларыңды жазалоого чакырык” деп билсе болот. Мунун өзү - демократиялык коомдо бир нерсени үйрөнүшүң үчүн башкалардан сын угушуң мүмкүн деген фактыны урматтабагандык, - деди Гросс. - Мен Орусиянын эң жогорку бийлик өкүлдөрү менен ушуну талкуулагым келет, анткени алар эмнеге мынчалык боштугун көрсөтүп жатышканын түшүнбөй жатам. Орус бийликтери бир топ эле күчтүү жана мындай нерселерден коркпошу керек".
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG