Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:43

Москванын мурдагы мэри Лондондо


Москванын мурдагы мэри Юрий Лужков жакында Британиянын визасын алып, Лондондо үй-бүлөсүнө барып кошулду. Айрымдар Лужков өлкөдөн биротоло кетип жатат деп баалашууда. Бирок мурдагы шаар башчы Орусиядан эч жакка кетпей тургандыгын айтты.

Ал арада өткөн аптанын башында Орусиянын Эсеп палатасы Юрий Лужков кызматта турган маалындагы ишин текшерип, 230 миллиард рубль акча жетпей жатканын айтып чыкты. “Коммерсант” гезити жазганга караганда, Лужков жана анын чөйрөсү ал акчаны транспорттук чарбага жумшоодо каалагандай пайдаланган.

Мурдагы ордо калаа башчы Юрий Лужков виза сурап Латвияга кайрылган. Бирок расмий Рига январдын этегинде Лужков көрсөткөн көп акчадан шек санап, виза бербей койгон. Мунун алдында Лужковдун жубайы, миллиардер Елена Батурина эки кызын алып Лондонго сапар тарткан. Айласы кеткен Лужков Англияга кайрылып, үй-бүлөсүн бетке кармап, виза сураган. Акыры Лондон уруксат берип, ошондо Лужков четке чыгып, жүрөгү ордуна келгендей болду. Лондондогу юристтер тобунун жетекчиси Дмитрий Гололобов:

- Лужковдун Британияга баруусуна мыйзам укук берет. Эми кокустан Орусия тараптан кандайдыр бир кысымга алуу башталса анда ал Англиядан саясий баш паанек табууга укуктуу.

Орусиянын Эсеп палатасы чыгарган бүтүмгө ылайык, Юрий Лужков шаар башчы болуп турган жылдары 230 миллиард рублди максатсыз пайдаланган. Ошондой эле шаар бийлигине баш ийген “Банк Москвы” да катуу текшерүүгө алынууда.

2010-жылдын ноябрында Москванын жаңы мэри болуп Сергей Собянин дайындалган. Мунун алдында Кремль Лужковду “өз арызың менен кызматтан кет” дегенде, ал буга көнгөн эмес. Ошондон кийин “ишенимден кетти” деген жүйөө менен президент Дмитрий Медведев аны кызматтан өзү четтеткен.

Эксперт Алексей Малашенко мындай кармаштын артында сасий тиреш болгонун айтат:

- Эгерде бул кандайдыр бир сапаты башка курска карай жол болсо анда бир жөн. Анда 230 миллиард рублди табуу – шайлоо алдындагы кампаниянын башталышы, анда Медведев утушка ээ болот.

Саясатчы Дмитрий Катаев:

- Азыр бийлик байлыкты түшүндүрөт. Бул күндөрү Лужковдун айланасында болуп жаткан окуялар адегенде саясат, ошол эле учурда бийлик үчүн күрөш. Бул эки көрүнүш тең турат.

XS
SM
MD
LG