Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 08:21

Кыргызстандын хоккейчилери Кувейтти утту


Кыргызстандын хоккей боюнча улуттук курама командасы. 28-февраль 2014-ж. Бишкек.
Кыргызстандын хоккей боюнча улуттук курама командасы. 28-февраль 2014-ж. Бишкек.

Жапониянын Саппоро шаарында башталган кышкы Азия оюндарында шайбалуу хоккей боюнча Кыргызстандын улуттук курама командасы Кувейт курама командасын утуп алды. Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинин маалымат кызматы билдиргендей, 18-февралда болгон тайпалык тандоо оюндарынын биринчи беттеши кыргыз хоккейчилеринин пайдасына 5:0 эсебинде аяктады.

Кыргызстандык хоккейчилер Түркмөнстан, Малайзия, Кувейт, Макао, Индонезия, Катар, Филиппин жана Бахрейн курамалары менен биргеликте Кышкы Азия оюндарынын экинчи дивизионунда ойноп жатат.

Кыргыз хоккейчилери 21-февралда Филиппин, 22-февралда Бахрейн, 24-февралда Катар командалары менен беттешет. 26-февралда жарым финалдык жана финалдык таймаштар өтөт. Кышкы Азия оюндары Жапониянын Сапорро шаарында 18-февралда башталды.

Бүгүн, 19-февралда оюндардын расмий ачылышы болуп, мелдештер 26-февралга чейин уланат. Байгелер спорттун 11 түрүнөн ойнотулуп ага 31 өлкөнүн спортчулары катышууда. Кыргызстандан 33 спортчу барган. Алардын көбү хоккейчилер.

Кыргызстандын хоккей курамасы Азия оюндарына экинчи жолу катышууда. 2011-жылы Казакстанда болгон VII оюндарда премьер-дивизиондун жеңүүчүсү болгон. (ECh).

XS
SM
MD
LG