Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:05

Мосулдун батыш тарабын бошотуу операциясы башталууда


Мосул шаарындагы өкмөттүк күчтөр.
Мосул шаарындагы өкмөттүк күчтөр.

Ирак бийлиги 19-февралда Мосул шаарынын батыш бөлүгүн “Ислам мамлекети” экстремисттик уюмунун согушкерлеринен кайтарып алуу операциясын баштады.

Бул тууралуу телеканал аркылуу жасаган кайрылуусунда өлкөнүн премьер-министри Хейдар аль-Абади билдирди.

Операцияны утурлай Ирак авиациясы тиешелүү райондордун үстүнөн кагаздарды ыргытып, жергиликтүү тургундарга операция башталары тууралуу эскертти.

Мосул- Ирактагы Багдаддан кийинки эле экинчи чоң шаар.

2014-жылдын жаз айларында “Ислам мамлекети” экстремисттик тобунун карамагына өтүп кеткен калааны согушкерлерден тазалоо операциясы өткөн жылдын октябрь айында башталган.

Учурда радикал уюмдун көзөмөлдөп турган бөлүктө ар кандай маалыматтар боюнча 650-750 миңдей адам бар.

XS
SM
MD
LG