Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:18

Барселонада мигранттарды коргоо боюнча акцияга 160 миң адам чыкты


Жакынкы Чыгыштан Европага агылган мигранттар.
Жакынкы Чыгыштан Европага агылган мигранттар.

18-февралда Испаниянын Барселона шаарында өткөн мигранттарды коргоо боюнча акцияга 160 миңге чукул адам катышты. Акция бозгундардын көбү Европага багыт алып, жетпей чөгүп өлгөн Жер ортолук деңиздин жээгинде жыйынтыкталды.

“Биздин үй-силердин үй” деген уюм уюштурган демонстрацияга шаар мэри Ада Колау да катышты.

Евробиримдик 2015-жылы кабыл алган квота системасына ылайык, Испания соңку эки жылда 17 миңдей бозгунду кабыл алышы керек эле. Бирок бул өлкө былтыр 1000дей гана мигрантты кабыл алган.

Барселона-Испаниянын Каталония автономдук аймагынын борбору.

XS
SM
MD
LG