Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:43

Кар көчкүдөн жабыркаган он адам ооруканага жаткырылды


Чоң-Алай районунун Жаш-Тилек кыштагындагы кар көчкүдөн жаракат алган он бир киши райондук ооруканага жеткирилип, алардын ичинен ону жаткырылды. Бирөө үйүнө чыгып кеткен.

Дарыгерлердин айтымында, жаракат алган эки кишинин акыбалы орто, сегиз кишиники канаттандырарлык. Саламаттыкты сактоо министрлиги алардын баары дары-дармектер менен камсыз болуп, медициналык жардам алып жатышканын кабарлады.

Мындан тышкары калкка жеринен жардам көрсөтүү үчүн хирург, травматолог, фельдшерден турган адистер Жаш-Тилек айылында нөөмөттө туруп жатышат. Жаракат алгандардын эң кенжеси 2016-жылы, эң улуусу 1952-жылы туулган.

Бүгүн таңга жуук Ош облусунун Чоң-Алай районундагы Жаш-Тилек айылында эки үйдү кар көчкү басып калып, эки өспүрүм каза тапкан. Кар астында калган үйлөрдөн 11 киши куткарылган. (BCh)

XS
SM
MD
LG