Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:04

Украина: ок атышууну токтотуу боюнча жаңы келишим макулдашылды


Украин президенти Петро Порошенко (солдо) жана АКШ вице-президенти Майк Пенс, Мүнхен, 18-февраль 2017-жыл.
Украин президенти Петро Порошенко (солдо) жана АКШ вице-президенти Майк Пенс, Мүнхен, 18-февраль 2017-жыл.

Орусия, Украина, Франция жана Германиянын өкүлдөрү Мүнхенде Украинанын чыгышындагы кырдаалды жөнгө салууга багытталган жаңы ок атышпоо келишимине жетишишти. Тынчтык келишими 20-февралдан тарта иштеп баштайт деп кабарланды. Бирок Орусия колдогон айрым жикчилдер кармашты токтотоорун же токтотпостугун так айтышкан жок.

Орус тышкы иштер министри Сергей Лавров макулдашууну оң жылыш деп баалап, бирок жыйында чоң секирик жасалган жок деди. Германиянын Тышкы иштер министрлиги “эбак эле макулдашылып, бирок иштебей турган” келишимдерди ишке ашыруу негизги максат экенин билдирди.

Украин өкмөтү жана жикчилдердин ортосунда 2014-жылдын жазында тутанган кармаштан баш-аягы оң миңдей адам мерт болду.

XS
SM
MD
LG