Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:46

НАТОнун баш катчысы Орусияны сынга алды


НАТОнун башкатчысы Йенс Столтенберг жана орус президенти В. Путин.
НАТОнун башкатчысы Йенс Столтенберг жана орус президенти В. Путин.

НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг Москва Украинанын чыгышындагы козголоңчуларга курал жиберип, аскерий ишмердигин күчөтүүдө деп айтып чыкты.

Йенс Столтенберг Чыгыш Украинадагы гуманитардык абалды жакшыртуу үчүн жикчилдерди жана Орусияны Минск келишимин бузбай аткарууга чакырды. Москва өз кезегинде НАТОну аскерий машыгуу өткөрүп, Түндүк Европаны бейстабилдештирүүдө деп күнөөлөдү.

НАТОнун баш катчысы 1-декабрда Брюсселде кезектеги маалымат жыйынын өткөрдү. Баш катчы Йенс Столтенбергдин кабарчыларга билдиришинче, Орусия жана жикчилдер Чыгыш Украинадагы ок атышууну токтотуу боюнча сентябрда Минскиде кол коюлган келишимди аткарбай жатат. Ал атүгүл Москва жикчилдерди курал менен камсыздоодо деди:

- Тынчтыкты сактоо аракети улантылып жатканда, Украинанын өзүндө жана тегерегинде аскерлердин кубаты олуттуу көбөйтүлгөнүн, зулум жикчилдерге көп сандагы Орусиянын курал- жарагы, жабдуулары менен аскерлери берилгенин, Европада жана андан тыш жактарда Орусиянын аскерий аракети катуу өскөнүн көрүүдөбүз.

Быйыл апрелден бери Чыгыш Украинадагы куралдуу калабада төрт миңден ашык адам өлдү.

Украин тарап Орусиянын атайын күчтөрүн Донецк аэропортуна жикчилдер менен бирге чабуул жасады деп күнөөлөп чыкты. "Жикчилдердин артиллериялык аткылоосунан соңку бир күндө үч украин солдат өлдү",- деп билдирди Украинанын улуттук коопсуздук жана коргонуу кеңешинин өкүлү Андрей Лысенко. Ал эрегишчилердин активдешүүсүн 30-ноябрда Орусиядан чоң кербен жардам келгени менен байланыштырды.

Москванын айтымында, ондогон машине гумжардам Украинанын чыгышындагы оор гуманитардык жагдайды жеңилдетүү үчүн жөнөтүлгөн. Расмий Киев Москваны жардамга шылтап, жикчилдерге каруу-жарак жөнөтүүдө деп айыптады.

Йенс Столтенбергдин сөзүнө караганда, Чыгыш Украинадагы гуманитардык абалды жакшыртуунун эң жакшы жолу - эрегишчилердин жана аларды колдогон Орусия тарабынан Минск келишимин аткаруу болмок. Азыр Донецк жана Луганск облусунун чоң бөлүгү жикчилдердин колунда. Расмий Киев жана НАТО аларда Орусиянын жикчилдерди колдогонун тастыктаган айныгыс далилдер бар экенин айтса да, Москва аны танууда. Мындан улам Орусия-Батыш мамилеси Кансыз согуштан кийинки эң төмөнкү деңгээлге түшүп кеткен.

НАТОнун башкатчысынын билдиришинче, Балтика мамлекеттеринин аба мейкиндигин орусиялык аскерий учактар былтыркыга салыштырмалуу 50 процентке көп бузган жана аларды кармоо үчүн НАТОнун истребителдери абага 400дөн ашык көтөрүлгөн. Андан улам альянс чыгыш бөлүгүндөгү күчтөрүн аргасыз көбөйткөн.

- Абада азыр учактарыбыз беш эсеге көбөйдү. Биздин күчтөр ар күндө машыгуу өткөрө баштады. Балтикадагы жана Кара деңиздериндеги кемелерибиздин санын да көбөйттүк, - деди Столтенберг кабарчыларга.

НАТОнун Европадагы күчтөрүнүн жана АКШнын аба күчтөрүнүн командачысы Филип Бридлав 26-ноябрда Киевде болгондо Орусия Крымга ядролук куралдарын жылдырышы мүмкүн экенин, мартта аннексиялап алынган жарым аралды милитаризациялоо Вашингтонду өтө кабатыр кылганын билдирген.

Өз кезегинде Кремл НАТОну Балтика деңизиндеги абалды курчутууда деп сындады. Орусиянын тышкы иштер министринин орун басары Алексей Мешков 1-декабрда Интерфакс агенттигине берген интервьюсунда Москва НАТО аскерий маневрларды өткөрүп, Түндүк Европадагы кырдаалды бейстабилдештирүүдө жана Балтика мамлекеттерине ядролук куралды алып жүргөн учактарды берүүдө деп билерин айтты. Ошол эле учурда Орусия - НАТО мамилеси олуттуу келишпестикке карабай, оңолбос абалга жетпегенин кошумчалады.

XS
SM
MD
LG