Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:26

Орусия курал заводдору менен ЖККУну “цементтейт”


Орусиянын премьер-министри Дмитрий Медведев жаңы куралдарды сыноочу ишканада. Коломно шаары. 23-июль 2012

Орусиянын премьер-министри Дмитрий Медведев жаңы куралдарды сыноочу ишканада. Коломно шаары. 23-июль 2012

Орусия ЖККУга мүчө Кыргызстан, Казакстан, Тажикстан жана Арменияда аскерий шайман чыгарчу ишканаларды жарнакташып курууга камданууда.

“Известия” гезитинин жазышынча, Жамааттык коопсуздук келишими уюму - ЖККУга кирген өлкөлөрдүн аймагында аскердик маанидеги ишканаларды курууга зарыл документтер Орусиянын Өнөр жай жана соода министрлигинде даярдалууда жана жакында даяр болот. Орусия заводдорду Казакстан, Кыргызстан, Армения жана Тажикстан менен курат.

Мындай кабарды ЖККУнун маалымат катчысы В. Заниддинов “Азаттыкка” тастыктады.

Бул маалыматка караганда, саясий-аскердик уюмдун Кыргызстан, Армения жана Тажикстан сыяктуу каражатка зар өлкөлөрдө зарыл жаңы заводдорду каржылоону Москва өзүнө алат кейпи.


Игорь Корточенко - Москвада чыкчу “Национальная оборона” журналынын башкы редактору, отставкадагы полковник. Анын айтымында, Жамааттык коопсуздук келишими уюмуна мүчө өлкөлөрдүн территориясында курал-жарак өнөр жайынын ишканаларын куруу баарынан да ЖККУга кирген мамлекеттердин өз керектөөлөрүн канааттандыруу үчүн зарыл:

Кыргыз армиясынын жоокери машыгуу кезинде. Бишкек, 13-август, 2012.

Кыргыз армиясынын жоокери машыгуу кезинде. Бишкек, 13-август, 2012.

- Бул биринчи кезекте, ЖККУ мүчөлөрүн курал-жарак жана аскердик техника менен камсыздоо үчүн зарурат. Постсоветтик мамлекеттер менен аскерий-техникалык байланышты өнүктүрүүгө Батыштын бир топ өлкөлөрү кызыгып жатканын биз билебиз. Бул, албетте, Орусиянын көз карашынча, туура эмес. Ал үчүн Жамааттык коопсуздук келишимине кошулган мамлекеттердин аскерий техникага болгон талабына ылайыктуу курал жаракты чыгарчу теңорток ишканалар түзүлөт. Мунун баары саясий-аскердик альянстын катышуучулары арасындагы кызматташтыкты жакшыртат. Ошол эле мезгилде Орусия менен ЖККУ өлкөлөрү ортосундагы салттуу кооперативдик байланышты сактаганга өбөлгө түзөт.

Отставкадагы полковник Игорь Корточенко Орусиянын Коргоо министрлиги алдындагы Коомдук кеңештин төрагасы да болгондуктан аскерий өнүндүштүн бүгүнкү абалынан жакшы кабардар.

Өзбекстан ЖККУга мүчөлүгүн токтоткон. Ошондуктан Орусия башындагы уюмга Беларус, Казакстан, Кыргызстан, Армения жана Тажикстан болуп алты мамлекет кирет. “Известия” маалыматында каруу-жарак шаймандарын жасоочу ишканаларды курууга Беларустун катышарын жазган эмес.

Шабдолов: Адамдар иш менен камсыздалат

Шоди Шабдолов Тажикстан парламентинин мүчөсү. Совет заманында Тажикстан Компартиясынын Борбордук комитетинин катчысына чейин көтөрүлгөн. Ага дейре БКнын оор өнөр жай бөлүмүнүн башчысынын орун басары катары коргоо өнөр жай ишканаларынын ишин көзөмөлдөгөн.

Шоди Шабдолов ЖККУ өлкөлөрүнүн аймагында аскер куралдарын чыгарчу заводдорду курууну “эки колдоп” жактайт.

- Бул өтө туура багыт. Бүгүнкү аябагандай татаал дүйнөдө бир да мамлекет өзүнүн коргонуу кооопсуздугун жалгыздап камсыздай албайт. Бул баарынан мурда Орусияга тиешелүү. Мен, албетте, экономиканы милитаристтик нукка бурганды жактабайм. Бирок экс-советтик өлкөлөрдүн коргоо өнөр жай комплекси дүйнөлүк атаандаштыкка туруштук бергендей болуусу үчүн алар мурдагы байланыштарын калыбына келтирип, эскиден калган ишканаларын кайра ишке киргизиши керек. Курал-жарак чыгарчу ишканалар - бул жалаң гана коргоо тармагы эмес. Бул - адамдарды жумуш менен камсыздоо. Бул талап-тонолуп, токтоп калган же менчиктештирилген бойдон кыймылсыз турган заводдорду заман талабына ылайыктап, кайра иштетүү деген. Эл аралык рынокто айоо деген түшүнүк жок, атаандаштарды басуу системасы бар. Кыргызстан, Казакстан, Тажикстан, Өзбекстан, Түркмөнстан жана башка экс-советтик өлкөлөр өз ара кооперацияда иштеп, мурдагы потенциалын калыбына келтирип, анын пайдасын көрүүсү лаазим. Себеби алардын ишканалары СССРдин космоско учуусуна, ядролук держава болуусуна зор салым кошкон. Биз мунун баарын унутпашыбыз керек. Биз не атаандаштыктан, не кризистен коргобогон оюнчуктарды чыгарбашыбыз керек.


Борбор Азия мамлекеттеринин ичинен Казакстандын коргонуу өнөр жайы баарынан кубаттуу жана жакшы өнүккөн. Өлкө оор аскерий техникаларды, чакан сокуш кемелерин, курал-жарактын түрлөрүн, ок-дары, снаряддарды да чыгарат. Бул ишканалар мурдагы СССР кезинде курулган. Буга карабай, Астана ар жылы аскерий иштерге 1,4 млрд. доллар сарптайт. Бул, Лондондогу Стратегиялык изилдөөлөр боюнча эл аралык борбордун эсебинче, Тажикстандын коргонуу бюджетинен 20 эсе, ал эми Кыргызстандыкынан 45 эсе көп.

Орусия Ысык-Көлдө торпедо сынаганга кызыгат

Орусия ракеталык куралдарга болгон талабын толук бойдон өзү камсыздайт. Ал үчүн жетиштүү өнөр жай ишканалары бар. Ошон үчүн жаңы долбоор алкагында Кыргызстан Москваны эмнеси менен кызыктыруусу ыктымал? Бул суроого москвалык эксперт, отставкадагы полковник Игорь Коротченко баарынан мурда Орусия Ысык-Көлдөгү торпедолорду сыноочу базага куштар экенин айтты:

- Орусия стратегиялык куралдарды толук өз алдынча чыгарат жана анын өндүрүшү эч кимге көз каранды эмес. Кыргызстанга кайрылсак, биз Ысык-Көлдөгү аскердик техниканы сыноочу базаны сактаганга кызыкдарбыз. Мурдагы жылдары бул базада торпедолук куралдар, тактап айтканда, “Шквал” ракетасы суу астында сыналчу. Арийне, бул базаны сактап калабыз деп үмүт кылабыз. Анткени ал биз үчүн маанилүү. Бул маселеде биздин өнөктөштөрүбүз да өз кызыкчылыктарын таба алат.

Бирок америкалык серепчи Дмитрий Горенбург Орусиянын ЖККУга кирген төрт мамлекет менен биргеликте каруу-жарак шаймандарын жасоочу заводдорду куруу планы жүзөгө ашарына анча ишенбейт. "Москва акыркы жылдары курал чыгарууну Орусиянын өзүнө топтоп жаткан", - дейт атактуу Гарвард университетинин алдындагы Дэвис борборунун улук изилдөөчүсү, доктор Горенбург:


Гарвард университетинин алдындагы Дэвис борборунун улук изилдөөчүсү, доктор Дм. Горенбург

Гарвард университетинин алдындагы Дэвис борборунун улук изилдөөчүсү, доктор Дм. Горенбург

- Мунун баары сөз бойдон эле калат деп ойлойм. Мен айрым коллегаларым менен бул тууралуу сүйлөшкөнүмдө, алар кабардын али быша электигин же теңшерик ишкана куруу азырынча талкуу деңгээлинде турганын айтышты. Мен да ушундай пикирдемин. Себеби Орусия кийинки мезгилде коргонуу өнөр жайын өлкөнүн ичине топтоштуруп жаткан. Чек арада проблемалар көп болгондуктан, алар кечээ жакынга дейре Ташкенде транспорттук учактарды курууда көп түйшүк тартышты. Акыр аягында өндүрүштү Орусияга көчүрүштү. Балким бул долбоордун эки максаты бардыр. Биринчиси, Казакстандагы, балким Кыргызстандагы айрым ишканаларды түздөн түз көзөмөлдөөнү көздөйт. Жаңы заводдор орус компаниялары менен бирге иштетилсе, өндүрүшкө да ишеним көп болот. Экинчиси, булар техниканы ремонттоочу ишкана болушу мүмкүн. Мен алардын келечегине көп деле ишенбейм.

Доктор Горенбург Гарвард университетинде чыкчу Problems of post-communism журналынын редактору.

Орусия экс-советтик Кыргызстан, Казакстан, Тажикстан, Армения менен жарнакташып аскерий техникаларды чыгарчу заводдорду курууда, серепчилер айткандай, саясий-экономикалык максатты көздөгөнү талашсыз. Бул ошол эле учурда Москванын куралдуу күчтөрдү зарыл каруу-жарак шаймандары менен камсыздайбыз деген сөзү ойрон болгонун да күбөлөйт.

Москва мурдагы катасын оңдоого тырышууда

Украиналык аскерий эксперт Миколо Сунгуровскийдин пикиринче, Орусия 1990-жылдардын башында экс-советтик республикалардагы аскерий шаймандарды чыгарчу ишканалар менен байланышты үзүп салып жаңылган. Азыр эми ошол катасын оңдогонго аракет кылууда.

Бул иш СССР кыйраган кезде башталса, отставкадагы инженер-полковник Миколо Сунгуровскийдин пикиринче, инженердик-техникалык адистерди жана калыпка түшүп калган өндүрүш сакталмак:

Киевдик аскердик эксперт Микола Сунгуровский

Киевдик аскердик эксперт Микола Сунгуровский

- Экономикалык жактан алганда, согуштук техника жасачу ишканаларды куруу пайдалуу. Бул Орусия менен экономикалык камытты чогуу тартуу дегенди да түшүндүрөт. Ал эми өндүрүштүк жактан алсак, мындай келишимдерди жана кайсы бир долбоордун негизинде продукция чыгаруу тууралуу корпорациялар өздөрү макулдашат. Саясий жактан алсак, бул жөрөлгө Орусиянын 1996-жылкы курал менен өзүбүздү толук камсыз кылабыз, жабык өндүрүштүк цикл курабыз деген программасынын ишке ашпаганын далилдейт. Москва эми ал максатын ишке ашырганга мурдагы советтик республикаларда калган өндүрүштү тартууда. Бул ишти Советтер союзу кыйрагандан кийин баштоо керек болчу. Ал кезде өнөр жай ишканалары ырааттуу иштеп турган. Азыр кадрларды даярдоо керек. Зарыл кадрлар не Орусияда, не башка республикаларда жок.

Полковник Сунгурковский Киев шаарындагы Разумков атындагы изилдөө борборунун аскерий программаларын жетектейт. Техника илиминин кандидаты.

Шоди Шабдоловдун айтышынча, Совет доорунда Тажикстандагы коргоо өнөр жайынын 30дан ашуун ишканасы эл керектөөчү товарларды да чыгарган. Орто өнөр жай машинелерин чыгарчу жана Оор өнөр жай министрликтерине караштуу бул ишканалар непада уруш чыгып кетсе, тез арада каруу-жарак жана башка аскерлерге зарыл заттарды чыгара баштамак. Бирок алардын көбү бузулуп-бүлүнгөн, а менчиктештирилбегендерин москвалык ишмерлер ташып кеткен, дейт парламентарий.

- Кыргызстандагыдай эле, Тажикстанда да баары бүлүндүрүлгөн, уурдалган. Менчиктештирилбеген ишканаларды москвалык ишмерлер ташып-тоноп кетишти. Ал кезде биздикилер өлкөдө эмне ишканалары бар экенин билишчү эмес. Мисалы, андай татаал технологиялык ишканалардын бири тоонун тереңинде жайгашкан болчу. Оор өнөр жайдын негизин коргонуу комплекси түзчү. Бул комплекске кирген ишканаларды бир аз модификациялап, конвергенцияласа, алар ар кандай элге керектүү товарларды чыгара алат. Мисалы, Бишкектин электро-ваакумдук машинелерди чыгарчу заводунда жасалган кир жуугуч машине менин үй-бүлөмө кызмат кылганына 40 жыл болууда. Дүйшөмбү шаарында космостук кемелерге керектүү продукцияларды чыгарган "Фанон" ишканасы бар эле. Талкаланды. Тажикстандын түндүгүндөгү коргонуу тармагы жана атом өндүрүшүнө байланышкан ишканалар бүгүн жок. Советтик биринчи отуз атомдук бомбаны жасоого Тажикстанда өндүрүлгөн компоненттер пайдаланылган болчу. Тынчтык мезгилинде зыяндуу курт-кумурскаларды жок кылчу дарыларды чыгарса, согуш кезинде биологиялык курал жасачу химиялык өндүрүш да жок болду. Кыргызстанга совет мезгилинде баргам. Өлкөдө мыкты инженерлер, адистер, аскерий маанидеги кубаттуу өнөр жай ишканалары бар эле. Тилекке каршы баары азыр жок. Аларды кемпайлыгыбыздан жоготтук. Эң алды саясий майданга жаңы чыккан кремлдик демократ сөрөйлөрдүн кесепетинен жоготтук,-деди совет заманы кулар алдындагы жылдардагы Тажикстандын жетекчилеринин бири Шабдолов.

Борбор Азияга аскердик маанидеги ишканалар 1941-45-жылдары Экинчи дүйнөлүк согуш маалында СССРдин батыш тарабынан көчүрүлүп келген. Тажик саясатчысы Шоди Шабдолов айткан атомдук өндүрүшкө байланыштуу урандуу байытуучу ишкана - №6 комбинат СССРдеги атомдук бомбанын атасы Курчатовдун өтүнүчүнө ылайык 1944-жылы курулган. Мамлекеттик коргонуу комитетинин чечими боюнча ошондо Тажикстандын Ташбор жана Кыргызстандын Майлы-Суу шаарында уран байытчу завод иштей баштаган.

Долбоордун акчасын Орусия көтөрө алабы?

Игорь Корточенко аскерий шайман чыгарчу жаңы ишканалардын курулушун жана алардын жабдыктарын сатып алууга зарыл чыгымдар негизинен беш өлкө аралык сүйлөшүүлөрдө чечилчү маселе деп санайт:

Москвада чыкчу "Национальная оборона" журналынын редактору И. Коротченко.

Москвада чыкчу "Национальная оборона" журналынын редактору И. Коротченко.

- Финансылоо маселеси абдан маанилүү. Менин оюмча, Москва алдын ала өткөрүлчү өз ара масилеттешүүлөрдүн жүрүшүндө ОДКБнын каражаты таңсык өлкөлөрү ылайык көргөндөй кызматташуунун жолдорун табат. Казакстан менен Беларус коргонуу жана технологиялык потенциалы жагынан бир кыйла алдыда экени анык. Беларуста мурдагы СССРден калган аскер өнөр жайы абдан мыкты сакталган. Алар бүгүнкү талапка жараша жабдылган. Казакстан болсо кийинки жылдары коргонуу өнөр жай комплексин өнүктүрүү боюнча бир катар маанилүү кадамдарды жасады. Албетте жаңы курулчу ишканаларды каржылоодо бул эки өлкө менен эч кандай проблема болбойт. Ал эми дасмиясы жука өлкөлөр менен кооперациялашып иштөөнүн ар кандай формалары болушу мүмкүн. Мисалы, Орусия береги өлкөлөрдөгү аскердик объекттер үчүн ижара акыдан бошотулушу ажап эмес. ЖККУнун акча ресурсу жетишсиз мүчөлөрү сөз болуп жаткан программага мына ушундай жол менен өз салымын кошо алат деп боолгойм.

Ал эми М. Сугурковский ЖККУга мүчө өлкөлөрдө каруу-жарак шаймандарын чыгарчу ишканаларды куруу капчыкка көз каранды экенин айтат. Буга чейин КМШ алкагында мерчемделген аскерий-техникалык долбоорлордун бир тобу каражаттын жогунан улам план бойдон калган.

Орусиянын T-90 танктары Кызыл аянттагы Жеңиш күнүнө арналган аскердик парадда, Москва. 6-май, 2010

Орусиянын T-90 танктары Кызыл аянттагы Жеңиш күнүнө арналган аскердик парадда, Москва. 6-май, 2010

- Тилекке каршы, КМШ мейкиндигиндеги мерчемделген буга окшош долбоорлорду алчу болсок, алардын бардыгы эле ийгиликтүү болгон жок. Ошон үчүн азыркы иштин бүтүшү бюджеттен акча чегергенге жараша болот. Акча бөлүү жагына келгенде көптөрдүн көзү ачылат жана мындай пландарды жасаган адамдардын акылы тунуйт.

Америкалык талдоочу Горенбургдун боолгошунча, Орусиянын ЖККУга мүчө Кыргызстан, Казакстан, Армения, Тажикстан менен чогуу согуштук техника жасачу ишкана куруусу - аларга көбүрөөк таасир эткенге багытталышы мүмкүн.

- Балким бул долбоор жанагы мамлекеттерге ишенүү аракетин көрүп, аларды көбүрөөк көзөмөлдөөнүн маселесидир. Аскерий ишканаларды куруу Орусиянын коргонуу өнөр жайына олуттуу таасир этет деп ойлобойм. Бирок жаңы ишканаларды иштетип турганга алардын материалдык-техникалык ресурстары жетишсиз. Алар өндүрүштү иштетип туруу үчүн зарыл заттарды экспорттоосу керек. Мына ушундан келип, анын келечегине мен скептик көз караштамын.

Баса, М. Сугурковскийдин айтышынча, сөз болуп жаткандай долбоорлор НАТОго мүчө өлкөлөрдө жок. Алар аскердик технологияны берүү боюнча келишимди сакташат. Бирок Венгрия, Словакия өңдүү НАТО мамлекеттеринде мурдагы СССРден калган аскерий техниканы модернизациялоо боюнча долбоорлор бар. Ага жараша, тик учарлар, танктар жана башка техникалар модернизацияланат. Андан тышкары аскерий-техникалык кооперацияга бөгөт койгон тоскоолдуктар бар. Бул Украинанын коргонуу өнөр жайынын потенциалына тескери таасир этүүдө. Эгер Орусия же Украина НАТОдон кандайдыр бир техника сатып алчу болсо, алар анын технологиясын да сатып алышат. Бирок жасалган куралдарды экинчи бирөөгө сатканга жана экспорттоого укук берилбейт.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG