Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 23:26
Орусиянын учу-кыйры жок мейкиндерин, руханий күчүн, сөөлөтү менен сүрүн Пушкин менен Толстой баштаган адабият алптары сөз күчү менен чагылдырса, Глинка менен Чайковский баштаган композиторлору музыканын күүсү менен туюндурушту деп келебиз.

Ал эми биз сөз кылганы турган улуу ырчы Федор Шаляпин өзүнүн аябагандай кооз жана күчтүү үнү менен ошол орус жүрөгүнүн, орус жанынын тереңи менен кененин, ички драмасын ачып берди десек эч бир жаңылбас элек.

Шаляпин орус вокалынын, деле орус ырларынын ажарын ачып, орус операсынын көркүн чыгарды. Ошону менен бирге дүйнөлүк музыкага зор таасирин тийгизип, ырчы катары бир катар маанилүү жаңылыктарды киргизди. Орусиянын дүйнөгө таанымал эң алгачкы маданият ишмерлеринин бири болуп тарыхка кирди. Бекер жеринен Максим Горький Шаляпиндин музыкадагы маанисин адабияттагы Пушкин мааниси кандай болсо, кудум ошондой деп баалабаган чыгаар.

Макаланын аудиосун бул жерден угуңуз:



Федор Иванович Шаляпиндин (1873-1938) чыгармачыл биографиясы өтө кызык. Өзүнүн эскергенине караганда, ырдаганга жөндөмү бар экенин өзү да кокусунан байкаптыр. Эскергенине караганда тээ бала кезинде тартип бузгандыгы үчүн атасынан таяк жеп, ызасына чыдабаган бала далайга чейин өңгүрөп ыйлай бериптир. “Ээн жерде, жанымда эч ким жок болгондуктан акыры өзүмдү өзүм соороттум, - деп эскерет Шаляпин. - Анан өзүмдү өзүм жубатыш үчүн эмнегедир ырдай баштадым. Ошондо биринчи жолу өз үнүмдү өзүм таңшап, акыры үнүмдү катуу чыгарып ырдаганга көнүп кеттим”.

Адегенде чиркөөдөгү хорлордо ырдап, деле музыка дегенде эт-бетинен кетип, өз алдынча болсо да кыякта, скрипкада ойногонго аракетин катуу жасап жүрүптүр.

Казанда жүргөндө эң биринчи жолу театрдын эшигин аттап кирип, көзүнө театр кандайдыр бир керемет сыяктуу таасир калтырып, ошондон кийин бүт өмүрүн театр менен, ырчылык менен тыгыз байланыштырган экен Федор Шаляпин.

Адегенде Казанда, андан кийин Уфанын, Тифлистин театрларында иштеп, катардагы жумушчудан операда ырдаган ырчыга чейин өсүп жетилиптир. Акыры жүрүп Москвада атактуу меценат Савва Мамонтовдун менчик театрында солист болуп орношуп, ошол жерде ырчылык таланты ар тарабынан ачылып, өзүнө өзү толук ишенип, акыры уккан адамдарды таң калтырган опера ырчысы, орус романстарынын чебер аткаруучусу, чет өлкөлүк опералардын ажарын ача ырдаган артист болуп чыга келген экен.

Деле Федор Шаляпин башынан эле жолдуу киши болуптур. Себеби ошол замандагы орус маданиятынын эң эле ирдүү чеберлери менен жакындан таанышып, достошуп, ар дайым чыгармачылык байланышта жашаптыр. Маселен, орустун атактуу сүрөтчүлөрү Васнецов, Левитан, Серов, Врубель менен жакын таанышып, Максим Горький менен өтө ысык дос болуп, композиторлордун ичинен Сергей Рахманинов менен узак жылдар бою абдан жакын чыгармачылык байланышын эч качан үзбөптүр.

Ал эми чет өлкөлөргө чыкканда улуу дирижер Артуро Тосканини менен кызматташып, Миландагы Ла Скалада атактуу Энрике Карузо менен чогуу бир спектаклде ырдап, Иван Бунин сыяктуу орустун чоң жазуучусу менен сырдаш болуп, айтор, Шаляпин орус жана дүйнө маданиятынын таанымал өкүлдөрүнөн чоң таалим алып, өзү да аларга зор таасирин тийгизген экен.

Шаляпиндин ырчылык өнөрүн изилдеген адистер, маданияттын тарыхчылары баарыдан мурун анын тубаса талантын, укмуштуудай кооз, ошону менен бирге ар түрдүүчө кубулган күчтүү үнүн баса белгилешет. Ал кезде эч кандай микрофон же аудио аппараттар болбосо да, не бир чоң залдарды жаңырта ырдаганы, театрлардын люстралары титирегендей кылып арияларды аткарганы чынында Шаляпинге табият зор талант ыроологонунан кабар берет го.

Бирок Федор Шаляпин жалаң эле ырчы катары эмес, артист, актер катары да таланты өтө чоң болгон. Бул же тигил арияны аткарганда Шаляпин ролго биротоло кирип, гримди да өзү жасап, образды да өзү ойлоп таап, ал үчүн сүрөтчү катары талантын жакшы пайдаланчу экен. Анын үстүнө Шаляпиндин денеси чың, бою да олбурлуу келип, демондукундай сыйкырдуу көздөрү уккандарга да, көргөндөргө да абдан катуу таасир калтырчу дешет анын замандаштары.

Федор Иванович Шаляпин өз мекенин, Орусияны абдан жакшы көрсө да, Совет бийлигинин маданият тармагындагы саясатына эч качан канааттанган эмес. Айрыкча репрессиялар, партиялык контроль, тынымсыз отчет атактуу ырчыга жат учураптыр. Ошон үчүн биринчи эле мүмкүнчүлүк болгондо бүт үй-бүлөсү менен чет өлкөгө кетип, ошол боюнча кайтып келбей койгон.

Америкадан тартып Жапонияга чейин концерт берип, опера өнөрүндөгү эң атактуу ырчы, азыркыча айтканда супержылдыз катары таанылыптыр. Баарынан да үнүн граммофонго жаздырып, артына калган жүздөгөн пластинкалар улуу ырчынын үнүн азыркыга чейин сактап калды.

Албетте өз мекенинен сыртта калуу Шаляпин үчүн абдан оор болгон, бирок эгер СССРде калып калса, анын тагдыры легендарлуу Лидия Русланова же Всеволод Мейерхольд сыяктуу түрмө, трагедия менен бүтүшү да толук мүмкүн эле.
XS
SM
MD
LG