Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:50

Кыргызстан Москва лидерлик кылган Бажы биримдигине Орусия Дүйнөлүк соода уюмуна кошулгандан кийин гана кирүүгө умтулса туура болмоктугун бир катар эксперттер айтып келе жатышат.

Орусия Дүйнөлүк соода уюмунун мүчөлүгүнө соңуна чейин өтүүнү мүдө кылганы менен бул жараяндагы акыркы тоскоолдук Грузия менен мунаса таба элек. Москваны бул маселени жөнгөрүү аракети АКШ менен Евробиримдикти оңтойсуз абалга кириптер кылуусу мүмкүн.

Дүйнөлүк соода уюмуна кирүүгө умтулганына он жети жыл болгон Орусиянын ага мүчөлүгүн азыр жалпысынан АКШ да, Евробиримдик да кызуу колдойт.

Бирок бул жараяндагы акыркы тоскоолдук катары каралып жаткан коңшусу Грузия менен Швейцария ортомчулук кылган сүйлөшүүлөрүнүн экинчи айлампасы да өткөн айдын соңунда жыйынтыксыз аяктады. Кийинки сүйлөшүүлөрүн тараптар ушул айдын соңуна белгилешти.

Грузиянын талабы

Тбилиси ал жикчил аймактары катары эсептеген, Орусия болсо көз карандысыз мамлекеттер катары тааныган Түштүк Осетия менен Абхазиянын Орусия менен чек арасындагы соодага мониторинг жүргүзүү укугу берилишин талап кылууда.

Грузиндер өз талабын Дүйнөлүк соода уюмунун эрежеси менен негиздеп жатат. Дүйнөлүк соода уюмунун уставдык документтеринде уюмдун мүчөлөрү өз чек араларын көзөмөлдөөсү керектиги көрсөтүлгөн.

Тбилисилик талдоочу, Грузиянын Коомдук мамилелер боюнча институтунун эл аралык маселелер боюнча координатору Бакур Квашилава мындай дейт:

- Биз Грузия Орусиянын мүдөөсүнө вето салуу мүмкүнчүлүгүнө алгачкы жолу ээ болгон кырдаалдабыз. Мурда мындай каршылык ЕККУда, Улуттар уюмунда көрсөтүлүп келинген. Азыр бул кичинекей өлкө жогорудагы механизмди максимум колдонууга умтулууда.

Орусия үчүн опурталдуу эмес

Бирок иш жүзүнө келгенде Грузиянын рычагы канчалык кубаттуу экендиги анык эмес. Эгер тарыхый жагын карасак, тиги же бул мамлекет Дүйнөлүк соода уюмуна анын бардык мүчөлөрүнүн бир добуштан колдоосу астында кирип келишкен. Ал эми уюмдун уставы мүчөлүктү анын курамындагы мамлекеттердин үчтөн эки бөлүгүнүн эле жактыруусун талап кылат. Дүйнөлүк соода уюмуна мүчө өлкөлөрдүн жалпы саны азыр 153түн тегерегинде.

Орус тышкы иштер министри Сергей Лавров жакында Абхазия менен Түштүк Осетияга жасаган сапары учурунда Орусия Дүйнөлүк соода уюмуна Грузиянын макулдугусуз эле кирүүнү көздөшү мүмкүндүгүн кыйытты.

Австриялык саясат таануучу жана талдоочу Ханс-Георг Генрихтин пикиринде, Москва мында Вашингтондун колдоосуна таянып жатат. Ал колдоо Тбилиси менен мунаса табууга ортомчулуктан же Грузиянын каршылыгына карабай Дүйнөлүк соода уюмунда жетиштүү добушту камсыздоодон көрүнүшү керек:

- Менимче орустар Грузиядан көп деле тынчызданган жок. Алар Грузияга кысым көрсөтүүнү АКШга таштап коюшкан, эгер мындан майнап чыкпаса, көбүрөөк добуш алууну көздөшөт.

АКШнын туруму

Ал эми Вашингтондун бул маселе боюнча коомчулукка ачыкталган туруму эки кырдуу чыгып келүүдө. АКШ президентинин Орусия жана Евразия иштери боюнча жардамчысы Майкл Макфолдун айтымында, Москванын Дүйнөлүк соода уюмундагы мүчөлүгү АКШнын улуттук кызыкчылыгындагы иш.

Экинчи жагынан ал Орусия менен Грузиянын сүйлөшүүлөрү эки тараптуу маселе экендигин белгилеп, Вашингтон Грузияга кысым көрсөтүп жатат деген ырастоолорду четке каккан.

Ал эми АКШ Мамлекеттик катчысынын Европа жана Евразия боюнча жардамчысынын орун басары Тина Кайданов жакында Тбилисиде болгонунда Вашингтон Грузиянын аймактык бүтүндүгүн колдоорун айтып, Орусияны ок атышууну токтотуу боюнча 2008-жылкы келишимди сактоого чакырды жана Грузиянын турумуна тилектештик да көрсөттү:

- АКШ Орусиянын Дүйнөлүк соода уюмуна кирүүсүн колдойт, бирок ошол эле учурда Грузиянын соода боюнча чечүүнү талап кылган маселелери мыйзамдуу деп эсептейт.

Грузияны мунасага тартуучу сунуштар

Вашингтондо Тбилисини мунасага шыктандыруучу сунуштар да жок эмес. Алардын эң маанилүүсү - Евробиримдик менен эркин соода боюнча учурда токтоп калган сүйлөшүүлөр. Бул багыттагы жылыш Грузияны кызыктырат.

Буга кошумча АКШ администрациясы Грузияга гранттардын топтомун даярдоодо. Мунун көлөмү 100-250 миллион доллардын тегерегинде.

Үчүнчүдөн, Тбилиси маанисин төмөндөтүп, экономикага олуттуу деле дем бербесин айтканы менен Вашингтон Москва Дүйнөлүк соода уюмуна кирсе грузин винолору менен минералдык сууларын Орусияга экспорттоого коюлган чектөөнү жойоруна кепилдик бериши мүмкүн.

Жүздү сактоо жана мунаса

Ушул өңдүү шыктандыргыч жагдайлар Тбилисинин турумун өзгөрткөн күндө деле сүйлөшүүлөрдө жүздү сактаган мунасаны кантип табуу жагы кала берүүдө. Мисалы Тбилиси Түштүк Осетия жана Абхазия боюнча дооматынан баш тартууга эч убакта көнбөйт. Орусия болсо чек ара боюнда Грузиянын турушуна караманча каршы. Буга чейин Москва аталган эки аймакта БУУ менен ЕККУнун байкоочулары жүрүшүнө да каршы чыккан.

Вашингтондогу Карнеги корунун Түштүк Кавказга адистешкен талдоочусу Томас де Ваал эки тарап мунаса тапкыдай мүмкүнчүлүктөр бар деп эсептейт:

- Грузиялыктар болбосо да кандайдыр бир эл аралык мониторинг жайгашуусу мүмкүн. Бул грузиялыктар үчүн символикалык жеңиш болот. Менимче бул жерде мунаса табылчыдай. Ага жетишүү кыйын, бирок күн тартибиндеги маселе да олуттуу болгондуктан, иш кыйрап калуусун эч ким каалабайт. Андыктан акырында мунаса табылуусу керек.

Орусиянын “Коммерсант” гезити маселен Берн шаарындагы соңку сүйлөшүүлөрдөн кийин эки тарап мунаса чечимге жакындап калганын, анда грузиялыктардын чек арада турбашы караларын жазып чыккан эле. Бирок грузин тарап бул маалыматты төгүндөгөн.

Айтор талдоочулардын болжолунда, Москва Грузия менен сүйлөшүүлөрдү жайдын соңу, күздүн башына чейин улантуусу мүмкүн. Эгер майнап чыкпаса, Дүйнөлүк соода уюмуна мүчөлүгү көпчүлүктүн добушуна салынышын талап кыла баштайт. Орус бийликтери бул маселени жыл соңуна чейин бир жаңсыл кылууну көздөп жаткандай.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG