Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:18

1993-жылы 4-октябрда Орусиянын ошол кездеги президенти Борис Ельциндин буйругу менен Советтер үйү же Ак үй танктардан аткыланып, Жогорку Кеңеш төрагасы Руслан Хасбулатов жана вице-президент Руцкой башындагы оппозиция камакка алынат.

Ошентип 21-сентябрда Борис Ельциндин өлкөнүн Жогорку Кеңеши жана Эл депуттарынын съездин таркатуусунан кийин келип чыккан конституциялык кризиске чекит коюлду.

Бул окуя тууралуу кыргыз парламентинин ошол кездеги төрагасы Медеткан Шеримкулов эскерет.

“Азаттык”: Туура 20 жыл мурда Борис Ельциндин буйругу менен Москвадагы Ак үй аткыланган эле. Бул үч лидердин: президент Ельциндин, парламент спикери Руслан Хасбулатовдун жана вице-президент Александр Руцкойдун ортосундагы инсандык келишпестик болдубу же Орусиянын саясий-экономикалык өнүгүшү боюнча эки тараптын ортосундагы карама-каршылыктын натыйжасыбы?

Москва көчөсүндөгү баррикада, 1993-жыл

Москва көчөсүндөгү баррикада, 1993-жыл

Шеримкулов: 1993-жылдын октябрындагы Москвадагы саясий карама-каршылыктын эң негизги өзөгү ошол кездеги мамлекеттин өзгөрүшү, ошол өзгөрүү мындан ары кайсы багытта кетет деген талаштын негизи болчу. Ельцин, Руцской, Хасбулатов ортосунда мурдатан эле каршылык болуп келген. Күч менен токтотулбаса ал улана да бермек. Бул чатактын өзөгү системанын өзүндө тамыр алган. 1991-жылы Советтик империя кулагандан кийин Советтер союзунун курамына кирген республикалар өз эгемендүүлүгүн жарыялап, кайсыл жол менен алдыга жылып, мамлекетти кайсыл жол менен түзөбүз жана ошол мамлекеттин элин кайсыл жол менен өнүктүрүп, сактап калабыз деген маселе үстүндө ойлоно баштаган. Советтер союзунун түздөн-түз мураскору, анын милдетинин баарын моюнга алган мамлекет Орусия өзү эле. Ошол кезде менчиктештирүү, империялык башкаруудан демократиялык системага, базар экономикасына өтөбүз деген кыймыл башталды. Мен айткан системага кайсыл жол менен баралы деген суроонун негизинде дал ушул талаш-тартыш чыккан.

Маекти толугу менен ушул жерден угуңуз:



"Азаттык": 4-октябрдан кийин Ельциндин президенттик бийликти күчтөндүрүүсү Кыргызстанга да таасир этип, Аскар Акаевдин парламентти таркатып, баарын колуна алууга жеткирген деген да ой-пикир бар...

Орусиядагы парламент менен президенттин тиреши 200дөй адамдын өмүрүн алган. 1993-жыл, Москва.

Орусиядагы парламент менен президенттин тиреши 200дөй адамдын өмүрүн алган. 1993-жыл, Москва.

Шеримкулов: Бул туура, 1993-жылдын 12-декабрынан кийин полемика болуп Орусиянын кабыл алынган Конституциясы президенттин бийлигин өтө жогорку деңгээлде күчтөндүрдү. Бул көрүнүш Советтер союзунун курамынан жаңы эле чыккан республикалар үчүн, айрыкча алардын президенттери үчүн белги катары болуп, айрымдары өз бийлигин ачык эле чыңдап алды. Кыргызстанда 1993-жылдын 5-майында кабыл алынган Конституция дагы бир жыл өтпөй эле президент жана анын тегерегиндегилер тарабынан элге түшүнүксүз жагдайда өзгөртүлдү. Эч кандай референдум өткөн жок, талкууга да салынбады. Конституция ошондон кийин улам өзгөрүп олтуруп, 2005-жылы Акаев режиминин кулашына алып келди. Андан кийин 2006-жылы эки ай ичинде эки Конституцияны кабыл алуу оюндары жүрдү, мунун кесепети 2010-жылдын апрелиндеги кан төгүүгө себепкер болду.

Кепти кайра Орусияга бурсак, ошол 1993-жылы болгон парламенттик, президенттик кризис – кайсы мамлекет болбосун саясий келишпестикти күч колдонуу менен чечүү мамлекет жана элдин трагедиясы болорун күбөлөгөн факт катары тарыхта кала берди.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG