Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:19

Орусия банкынын чечими рублге жардам берген жок. 1998-жылдан бери бир күн ичиндеги эң ири төмөндөөдөн кийин Борбордук банк кредиттеринин үстөгүн 17%га чыгарган эле. Бирок рублдин нарксыздануу шейшемби күнү жаңы рекорддук чектерди багындырды.

15-16-декабрды айрымдар Орусиянын валюта базарындагы “кара дүйшөмбү жана шейшемби” катары сыпатташууда. Анткени, 1998-жылдан бери биринчи ирет орус акчасынынын бир күн ичиндеги эң ири төмөндөөсү ушул күндөргө туш келди.

Шейшемби түштөн кийинки соодада бир доллар 80 рублга, евро 100 рублга чейин чаап барып, кайра доллар 72, евро 91 рублга чейин түштү. Валюта базарынын турукташуусуна Орусиянын Борбордук банкынын дүйшөмбү түнкү чечими да жардам бербеди.

Орусия банкынын Директорлор кеңеши анда өзүнүн кредиттер боюнча үстөгүн буга чейинки 10,5%дан 17%га көтөргөн эле.

Ал мындай чарага жыл башынан бери эле алты ирет барды. Быйыл январда Орусияда кредиттер боюнча чечүүчү үстөк 5,5% болчу.

Москвадагы акча алмаштыруучу жай.

Москвадагы акча алмаштыруучу жай.

​Борбордук банктын соңку билдирүүсүндө алар кредиттин үстөгүн көтөрүүгө “акыркы кездери кыйла өскөн девальвациялык жана инфляциялык тобокелдиктерди” чектөө максатында барганы айтылат.

Бирок каржы чөйрөсү боюнча эксперттер Орусия банкынын чечимин аргасыз чара, валюта базарындагы дүрбөлөңдү басуу аракети катары мүнөздөшүүдө.

Америкалык талдоочу, HWA каржы компаниясынын аткаруучу директору Грегори Грушко “Азаттыктын” орус кызматы менен маегинде:

- Борбордук банк учеттук ставканы 650 пунктка бир түн ичинде көтөрүү менен дүрбөлөңдү басууга аракеттенүүдө. Дүрбөлөң мындай жол менен токтотулбайт. Ставканы көтөрүү аркылуу Борбордук банк рублдин кескин нарксыздануусуна алып келген себептерди өзгөртө албайт. Мында, мунайдын нарксыздануусунан башка себептер да бар. Эң башкысы - өлкөдө жүргүзүлгөн экономикалык саясатка ишенимдин жоктугу.

Расмий маалыматка караганда, Орусия банкы декабрдын акыркы эки аптасында эле валюта базарына 8 миллиард 350 миллион долларга жакын интервенция жасады. Ал эми жыл башынан берки интервенциянын көлөмү 80 миллиард доллардын тегерегинде.

Банк төрайымы Элвира Набиуллинанын айтымында, жыл соңуна чейин өлкөдөн сыртка кеткен капиталдын көлөмү 120 миллиард долларга чейин жетет.

Орусия банкынын башчысы кредиттер боюнча үстөктүн көтөрүлүшүн капитал агымын жергиликтүү банктарга буруу чарасы катары да мүнөздөдү:

- Менимче биздин чечүүчү ставканы көтөрүүдө банктагы депозиттердин ставкасы жогорулашына алып барарына көңүл буруу керек. Жарандар үчүн акчасын рублдик депозитте кармоо пайдалуу болот. Акча жыйноо биздин ички, атамекендик инвесторду жаратуунун негизи.

Орусия банкынын төрайымы рубль кунунун качышын көбүнесе тышкы факторлорго байланыштырды.

Америкалык талдоочу, HWA каржы компаниясынын аткаруучу директору Грегори Грушконун пикиринде, Борбордук банк кредиттердин үстөгүн көтөрүшүнүн тикелей таасирин орусиялыктардын басымдуу бөлүгү сезбейт, бирок бул чара акча реалдуу экономикадан кетишине алып барат:

- Өсүш жоктугун, биз стагнация эмес, рецессия жөнүндө айтып жатканыбызды эске алганда, учеттук ставканын көтөрүлө бериши рецессияны эле эмес, анын терең жана узак болуу мүмкүнчүлүгүн кеңейтет. Аны жеңүү кыйыныраак болот.

2015-2016-жылкы Орусия экономикасына карата болжолун декабрдын башында Дүйнөлүк банк да начарлаткан. Банктын эксперттери Орусия үчүн 2015-жылга ыктымал сценарий катары рецессияны же улуттук дүң өндүрүштүн кыскарышын аташууда.

  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG