Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:28

Орусияда рублдин долларга жана башка чет элдик валюталарга карата курсу мунай баасынын арзандоосу менен бирге түшүүдө. Анткени Орусиянын экономикасы мунай экспортуна жана андан түшкөн кирешеге абдан көз каранды.

Мунайдын жана башка чийки заттын экспортуна байланган орус экономикасы азыр кош кысымга кабылгандай. Бир жагынан бюджет кирешесинин негизги булагы болгон мунай баасы арзандап кетсе, экинчи жагынан Орусиянын башкы соода өнөгү – Евробиримдикте карыз кризисинен улам экономика өспөй турат.

Мындан улам кечээ Санкт-Петербургда, Орусия – Евробиримдик саммити учурунда орус президенти Владимир Путин да камтамачылыгын жашырган жок. Анын айтымында, Евробиримдикте кризистин тереңдөөсү орус экономикасына да сокку урат:

- Албетте, эгер Европада азыр болуп жаткандардын баары рецессияга алып келсе, экономиканын кыскаруусу, Орусиядан энергоресурстардын, металлургия, химия жана башка өнөр жайдын продукцияларынын пайдалануу көлөмү азайышына алып барат. Бул бизге тикелей таасирин тийгизет. Европадагы кесиптештерибиз бүгүнкү кыйынчылыктарды жөндөй алат деп үмүттөнөбүз.

Орус президентинин бул сөздөрү улуттук акча - рублдин башка чет элдик валюталарга карата курсунун төмөндөөсү уланып жаткан учурда айтылды.

Арзандоо жана капиталдын сыртка агымы

Адистердин эсептерине караганда, май айынын башынан бери орус акчасынын америкалык долларга карата наркы 16%, ал эми еврого карата наркы 9% арзандаган. Маселен 4-майдагы 1 АКШ долларынын расмий курсу 34 рубль, евронуку 42 рублдан ашты.

Бул - орус акчасы үчүн акыркы үч жылдагы эң төмөнкү көрсөткүч. Адистер орус акчасынын нарксыздануусун тышкы жана ички факторлор менен түшүндүрүшүүдө. Москвадагы ФБК компаниясынын стратегиялык анализ департаментинин директору Игорь Николаев “Азаттыктын” орус кызматына буларды айтты:

- Мен бул ( улуттук акчанын арзандоосу) экспортко стимул берет деген жана башка ушул сыяктуу салттык аргументтерди келтирүүгө болорун түшүнөм. Бирок мен башка жактан баалоону сунуш кылат элем. Күчтүү экономикада алсыз валютаны элестетүүгө болобу? Мүмкүн эмес. Улуттук акчанын тездик менен нарксыздануусу экономикада баары ойдогудай эместигин каңкуулоодо. Бул инфляция үчүн чоң стимул. Анын үстүнө мунун бизде капиталдын сыртка агылуусу менен бир учурда болуп жатканы жакшы жышаан эмес. Бул акча таңкыстыгы жаралат дегенди туюндурат.

Капиталдын сыртка агымы демекчи Орусиянын Улуттук банкынын төрагасы Сергей Игнатьевдин жакында Мамлекеттик Думада билдиргенине караганда, быйылкы жылдын төрт айында эле өлкөдөн 42 миллиард доллар чыгарылып кеткен.

Орусиянын Улуттук дүң өндүрүшү быйыл мартта 3,9% өссө, апрелде өсүш 3,7% гана түзгөн. Ал эми жыл жыйынтыгы менен өсүш 4% жетпейт деп күтүлүүдө. Анткен менен талдоочу Игорь Николаев:

-Жакынкы мезгилге божолмол анча деле жакшы эмес. Анткени рубль долларга эле эмес, еврого карата да арзандоодо. Евроаймакта олуттуу проблемалар бардыгын эске алганда, рублдин еврого карата нарксыздануусу биздин улуттук валюта евродон алсыз экендигин көргөзүүдө. Бул - маселе тышкы экономикалык жагдайда эле эмес, Орусиянын ички экономикалык проблемаларында да жаткандыгы. Кыйынчылыктар алдыда али күчөйт. Акча азырынча бар, бирок анчалык көп эмес. Резервдик кордун көлөмү, төрт жыл мурда кризистин биринчи толкуну алдындагыдан эки жарым эсеге аз. Аларды азайтууга болбой турган милдеттемелерди аткаруу үчүн жумшоого туура келет. Балким бир жылга жетет.

Талдоочу Николаев кошумчалагандай, Орусиянын федералдык бюджети быйылкы жылдын биринчи чейрегин кара майдын бир баррелинин баасы 120 доллар болгонуна карабай, таңкыстык менен аяктаган.

Биржаларда ушул дүйшөмбү күнкү соодада болсо кара майдын бир баррели 82 долларды тегерегинде сатылды.

Адистер алдыда Орусиянын Улуттук банкы рублдин нарксыздануусу уланышына көнөрүн, же бул жараянды кармоо үчүн өз резервин коротууга аргасыз болорун айтышууда.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG