Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:07

Орусияда туризм тармагы кризиске учурады


Орусия -- "Добролеттун" Крымга жөнөгөн жүргүнчулөрү Шереметьево аэропортунда. Москва, 10-июнь, 2014.
Орусия -- "Добролеттун" Крымга жөнөгөн жүргүнчулөрү Шереметьево аэропортунда. Москва, 10-июнь, 2014.

Орусияга каршы эл аралык санкциялар улуттук туризм бизнесин жана авиа компанияларды кризиске такады.

Жума башында маалым болгондой, адегенде эле "Добролет" аба компаниясы ишмердигин токтотту. Ижара, техникалык тейлөө жана учактарды камсыздандыруу келишимдери, ошондой эле аэронавигациялык маалыматтарды берүү макулдашуусу – ушунун баары Евробиримдиктин санкцияларынан улам жокко чыгарылды. Орусиялык аба кампания Украинадан аннексияланган Крым аймагына элди ташууга камданып жатканы үчүн ушундай жазалоого туш болду.

Украинадагы жагдай, ага байланыштуу кабыл алынган саясий чечимдерден улам орусиялык туристтердин агымы азайып, чет элдик валюта курсу өсүп кеткендиктен, азыркыга дейре өлкөдө алты чоң туристтик фирма банкрот болду. Алдын-ала божомолго караганда, бул авиация жана туристтик тармактын акыркы “саясий” курмандыктары эмес. Орусиялык туриндустриянын бирикмеси чукул жыйын өткөрүүгө камынууда.

“Добролет” аба компаниясынын Симферопол жана Волгоград багытындагы бардык рейстери 4-августта токтотулду. Москва-Симферопол-Москва (15-сентябрды кошо алганда) жана Москва-Волгоград-Москва (20-августту кошо алганда) багытына билет алган бардык жүргүнчүлөрдү “Оренбург авиалиниясы” менен “Аэрофлот” жеткирмей болду. “Добролет” элдин акчалай чыгымын толук көлөмдө кайтарып берүүнү убада кылууда.

“Авиапорт” аналитикалык кызматынын башчысы Олег Пантелеев санкция кесепети Крымга каттаган орусиялык башка авиакомпанияларга тийиши мүмкүн деген ойдо:

- Албетте, бул санкциялар “Добролетту” кандайдыр бир чыгымга учуратат. Азырынча аларды саноо мүмкүн болбой жатат. Кырдаалдын мындан аркы өнүгүшү авиакомпаниянын ээсинин кандай чечим кабыл аларына көз каранды. Дегеним, учурда үч альтернативдүү вариант бар. Эң эле ишенимдүүсү жана эң эле эстүүсү – компаниянын бизнесин токтотуп, банкрот жарыялап, эчен айдан берки мээнетке чекит коюу. Андан башка жолу – Евробиримдик менен иштешүү. Башка вариант татаал, бирок ишенимдүү жана ыңгайлуу. Ал - техникалык тейлөөнү, кепилдик берүүнү ишке ашырчу лизинг кызматын орусиялык же европалык санкцияларды колдобошу мүмкүн деген түштүк-чыгыш компаниялардын арасынан табуу.

- Крымга учкан дагы башка орусиялык авиакомпаниялар барбы? Же муну “Добролет” гана ишке ашырчу беле? Евробиримдиктин санкциялары Орусиянын башка аба каттамдарын аткаргандарга да тийиши мүмкүнбү?

- Теориялык жактан алганда биз Симферополго орусиялык авиакомпаниялардын басымдуусу каттап жатканын мыкты билебиз. Болжолдонуп жаткан санкциялар алдында алардын көбү алсыз. “Добролетко” санкция киргизген документте, компания Симферополго гана эксклюзивдүү каттамды ишке ашырат деп көргөзүлгөн. Санкциялар иштелип жаткан кезде чынында ошондой болчу. Авиакомпания жалгыз гана Москва-Симферополь каттамын жүргүзчү. Жакында гана Москва-Волгоград каттамында уча баштады. Теориялык жактан 1-августтан тартып компания Симферополдон башка каттамдары менен санкция киргизген документтин талабына жооп бербей жатат. Тилекке каршы, биз Евробиримдиктеги бюрократтар авиакомпанияны Москва-Симферополго учканы үчүн гана жазалап жатат деп айта албайбыз, андыктан Симферополго каттаган бардык авиакомпаниялар үчүн тобокелдик бар. Мындан улам орус өкмөтү дагы бир жолу Симферополдо жайгашып, орус өндүрүшүнөн чыккан гана техниканы пайдаланган, европалык же америкалык контрагенттерге байланышы жок авиакомпания түзүүнү иштеп чыгышы зарыл.

- Бул мүмкүнбү?

- Албетте, мүмкүн. Азыр орусиялык заманбап ТУ-204 учагын иштеткен авиакомпаниялар бар. Акционерлеринин арасында европалык же америкалык компаниялар жок. Учакка лизингди орусиялык финансы институту берет. Кепилдикти да орусиялык компаниядан алат. Мындай учурда жүргүнчү ташуучунун ЕБ же АКШ санкция колдонгон учурда да көңүлү ток болмок.

"Ростуризмде" бул боюнча чукул жыйын өттү. Орусиялык туристтик индустриянын өкүлдөрү азыркы кырдаалдан чыгуу жолдорун талкуулашты. Өткөн жума күнү “Оренбург авиалиниялары” жарым миллиард рубль карызы бар “Идеал-тур” туроператору менен кызматташтыкты токтотту. Экинчи августта өзүнүн ишке жарамсыздыгы тууралуу “Идеал-турдун” негизи кардары - “Лабиринт” туристтик компаниясы айтып чыкты. Туроператорлордун мындай иш токтотуусунан Орусияда чет жактарга барып эс алууну каалаган 25 миңге жакын адам жабыр тартты.

“Турпомощь” ассоциациясы “Лабиринттин” бардык кардарларына колдоо көргөзүүгө даяр экенин билдирди, эвакуацияга төрт миллионго жакын рубль керек болушу ыктымал. “Лабиринт” соңку жумаларда банкрот болгонун жарыялаган акыркы компания эмес. Ага чейин финансылык тоскоолдуктан улам өз ишмердигин токтоткондугун орусиялык ири компаниялар: “Нева” менен “Роза ветров мир” жана петербургдук туроператор “Экспо-тур” жарыялаган.

Орусиянын тергөө комитети ишмердикти токтотуу айынан он миңге жакын туристтерди жабыр тарттырган туроператорлорду текшерүүгө алганы жатат. Бул маалымат мекеменин расмий сайтында жарыяланды. Текшерүү учурунда тергөөчүлөр “Нева”, “Лабиринт”, “Экспо-тур”, “Роза ветров” өңдүү туристтик компаниялардын финансылык ишмердүүлүгүн изилдеп чыгышмакчы. Тергөөнүн жыйынтыгы көргөзгөндөй, туроператорлордун айынан алыска саякаттап барууну каалап, акча төлөгөн кардар көздөгөн жерине жете албай, же өз убагында кайтып келе албай калган учурлар көбөйүүдө.

Жакынкы аралыкта дагы онго жакын турфирма банкрот болорун Орусиялык туриндустрия бирикмесинен билдиришти. Бул божомол ишке ашканын “Лабиринттен” кийин эле “Интаэрдин” рыноктон кеткени көргөзүп турат. Компаниялар банкрот болуп атканынын себебин саясий кырдаалга, валюта курсунун өсүшүнө, күч органдарынын чет өлкөгө эс алууга барбоо тууралуу кеңешине байлашууда.

Аталган бирикменин пресс-катчысы Ирина Тюрина 2014-жылдагы сезон каатчылык өкүм сүргөн 2009-жылдан да оор экенин айтууда. Анын оюнча, буга ушул жыл башында от алган саясий кырдаал түрткү болгон.

- Мунун баары быйылкы саясий кырдаалга байланыштуу болду. Эл азыр эки жакка чыкканга акча коротуу керекпи же жокпу деп ойлонуп турган кези. Акчаны үнөмдөп туралы, алда кандай болуп кетет деген ой менен жашап атышат. Валюта курсунун өсүшү, санкциялар да таасирин тийгизүүдө . Булардын баары кайсы бир уюмга же чакан топко багытталганына карабай эл муну өзүнө алды. Орусиялыктар виза алууга документ берүүнүн кажети жок, баары бир виза берилбейт деп чечишти. Чынында андай эмес. Андан ары чет өлкөдөгү русофобиялык маанайдан кооптонуу. Баары эле сыртка чыкканда өзү же баласы жаман мамилеге кабылуусун каалашпайт. Балдарын жайында эс алдырып жана окутуу үчүн лагерге да жибербей калышты. Дегеле керектөөчүлүк активдүүлүктүн төмөндөшү баарына тиешелүү, туризмге бул сөзсүз таасирин тийгизет.

- Орусиялык туристтик компанияларды жакынкы күндө эмнелер күтүп турат?

- Биз бул каатчылыктан тебеленсек да тирүү чыгабыз. Бирок бул акыркысы эмес деп коркуп турабыз. Банкроттор айынан кырдаал дагы курчууда. Тармакка, банк жана турбизнеске ишенбөө кризиси өкүм сүрүп турган чак. Албетте, мындан ары эң күчтүүлөр гана жашап кетет.

XS
SM
MD
LG