Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 01:22

31-октябрда Мисирде кыйроого кабылган Орусия учагына байланышкан жагдай соңку күндөрү кайрадан дүйнө коомчулугунун көңүл чордонуна чыкты.

Ага учак теракттан улам кыйроого кабылуу ыктымалдыгына басым жасаган билдирүүлөр себеп болду. Расмий Москва болсо иликтөөлөр аягына чыга электе кандайдыр бир жыйынтык чыгаруу эрте экенин айтууда. “Азаттыктын” апталык “Өңүт” программасында бул жолу 224 адамдын өмүрүн алган ушул авиа апааттын ыктымал себептери талдоого алынды. Аны менен катар Кыргызстандын авиация тармагындагы азыркы абалга да кайрылабыз.

Мисирдин Синай жарым аралынын үстүндө учуп бараткан Орусиянын А321 учагынын кыйрашына террордук аракеттер себеп болушу ыктымалдыгы тууралуу маалыматтар өткөн аптанын ортосунан, 4-ноябрдан тарта чыга баштады. Рейтер агенттиги бул кырсыкты иликтөөгө жакын Мисирдеги атын атагысы келбеген булагына таянып, учак күйүүчү майга байланышкан жарылуудан же борттун ичине коюлган бомбадан кыйроого кабылуу мүмкүндүгүн жазып чыкты. Көп өтпөй CNN телеканалы америкалык чалгындагы булагына шилтеме жасап, орус учагы «Ислам мамлекети» экстремисттик тобу койгон жардыргыч заттан кыйрашы ыктымалдыгын кабарлады.

Мындай кабарлардан соң Британиянын премьер-министри Девид Кэмерон А321 учуп чыккан Мисирдин курорттук Шарм эш- Шейх шаарына британ авиа компанияларынын учактары учуусун токтотконун билдирди.

Орус элчилигинин алдында авиакырсыктан өлгөндөрдү эскерүү. Киев. 2-ноябрь, 2015

Орус элчилигинин алдында авиакырсыктан өлгөндөрдү эскерүү. Киев. 2-ноябрь, 2015

5-ноябрда Британиянын тышкы иштер министри Филипп Хэммонд өкмөт Орусия учагына теракт себеп болушу ыктымалдуулугуна көбүрөөк ыктап турганын айтып чыкты:

- Премьер-министрдин кабинети дагы бир жыйынга чогулуп, Орусиянын апта соңунда Синайда кыйраган учагы тууралуу бардык булактардан түшкөн маалыматтарды карап чыктык. Натыйжада, биз учак кырсыгына анын ичиндеги жардыруучу зат себеп болушу мүмкүн деген тыянакка келдик.

Британиядан кийин АКШ да учак кырсыгына теракт себеп болушу мүмкүндүгүн билдирди.

Кошмо Штаттардын президенти Барак Обама CBS телеканалына берген маегинде учакта теракт болуш мүмкүндүгүнө АКШ өтө олутуу карап жатканын, бирок кандайдыр бир тыянак чыгарардан мурда иликтөөлөрдүн жыйынтыгын күтүү керектигин айтты.

Ак үйдүн маалымат катчысы Жош Эрнест да 5-ноябрда Вашингтондогу маалымат жыйынында Кошмо Штаттар Орусиянын А-321 учагынын Мисирде кыйроо себеби тууралуу бир жактуу жыйынтык чыгара элек, бирок теракт болушу мүмкүнчүлүгүн четке какпасын айткан:

- Кошмо Штаттар аба кырсыгы боюнча бир жактуу жыйынтык чыгара элек. Бирок ачык түрдө жарыяланган маалыматтарга таянып, өзгөчө ага жоопкерчиликти кимдер алганын карап, биз террорчулардын катышуусу мүмкүн болушун четке кага албайбыз.

Расмий Москва болсо мурдагыдай эле Мисирдин Синай жарым аралында кыйраган учак тууралуу расмий иликтөө аяктамайынча кандайдыр бир жыйынтык чыгаруу эрте экенин билдирүүдө

- Биз муну мурда да айтканбыз. Азыр да кайталайбыз, окуяга эмне себеп болгонун расмий иликтөө аяктаганда гана жарыялайбыз. Изилдеп жаткандардан теракт боюнча азырынча эч кандай маалымат түшө элек. Ушул сыяктуу текшерилбеген маалыматтар ар кандай имиштерге жол ачышы ыктымал, - деди 5-ноябрда орус президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков

Учак кырсыкка кабылган 31-октябрдан бери Орусиянын өзүндө да түрдүү версиялар, божомол-жоромолдор айтылууда. “Азаттыктын” орус кызматы уюштурган талкууда саясат таануучу Александр Шумилин кандай болгондо да учактын "кара кутусундагы" жазуулар чечмеленишин күтүү зарыл деген ойдо.

- Мен маалыматтарга көз салып, фактыларды анализдеп турууну туура көрөм. Биз бул учак кырсыгына байланышкан маанилүү фактылар өзгөрүп жатканын көрүүдөбүз. Маселен, башында экипаж учкандан кийин чукул конууну суранганы жана кандайдыр бир бузулуулар тууралуу белги бергени айтылса, көп өтпөй мындай сураныч болгону четке кагылган. Бул учуу учурунда күтүүсүз бир нерсе болгонун каңкуулайт, ал эмне болгону эми “кара кутудагы” жазуулар чечмеленгенде гана белгилүү болот. Ошол учурда экипаж өзүн кандай алып жүргөнүн, кандай абалда болгонун билгенден кийин гана учакта эмне болгонун боолголой алабыз.

Орус учагы кырсыкка кабылгандан үч күндөн соң америкалык спутниктин маалыматы жарыяланып, анда Аэробус А321-200 абада учуп бараткан мезгилде спутник көрсөткөн инфракызыл сүрөт учактын күйүүчү май куюлган багы же бомба жарылганын айгинелегени, бул учакка ракета тийди дегенге далил жоктугун көрсөткөнү сөз болгон. Учак кыйрагандан көп өтпөй “Ислам мамлекети” террордук тобу бул кыйроо алардын иши экенин билдирген эле. Кийинчерээк бул версия четке кагылып, эксперттер жоочуларда бийиктеги учакты аткыдай куралдын болушунан күмөн санашкан.

Саясат таануучу Александр Шумилин бул аракетти согушкерлер учурдан пайдаланып, атын чыгаргысы келген болушу мүмкүн деп эсептейт.

- Кандай учур болбосун эпатаж террордук топтордун ишмердигиндеги милдеттүү элемент. Алар бандиттик уюшмалардан ушунусу менен айырмаланат. Аларга резонанс, бир нерсени көбүртүп-жабыртып көпчүлүккө таратуу керек. Муну менен башкаларды коркуткусу келет. Көз көрүнөө ушинтип коркутуп, өз күчүн көрсөткүсү келгендин өзүндө террор жатат. А бул кырсык үчүн алар дароо өзүнө жоопкерчилик алып жибериши таңкалычтуу деле эмес. Эгер мунун баары техникалык себептен болгон кезде деле террорчулар үчүн ыңгайлуу учур жана ыңгайлуу жерде болду, десек болот. Бул окуяга түздөн-түз тиешеси болбогон чакта деле алар бул жагдайды колдон чыгарып ийбей, пайдаланып калгысы келгендир. “Ислам мамлекети” тобунун лидерлеринин бири да өз кайрылуусунда бул Орусияны Сириядагы операцияга катышканы үчүн жазалоо болгонун айтышы да муну айгинелеп турат.

Израилдик саясат таануучу Зеев Ханин болсо бул өлкөдө да учак кырсыгына теракт себеп болушу мүмкүндүгү тууралуу маалыматтар көп айтылып жатканын белгилейт:

- Израиль маалымат каражаттарында бул окуядан кийин алгач кырсыкка техникалык оң эместик себеп болушу ыктымалдыгы талкууланып жатса, көп өтпөй башка эл аралык маалымат каражаттарында айтылып жаткандай эле тышкы фактор тууралуу сөз боло баштады. Окуяга абай салган Израилдеги аналитикалык жамаат тышкы таасир дегенде сөзсүз эле ракета менен атуу сыяктуу учурду түшүнбөөнү да айтып жатат. Маселен, балким бортто жанкечти-террорчу болушу же жүк салган жерге жардыргыч зат катылышы ыктымалдыгы сөз болууда. Эми ошондой болсо бул кимге керек эле деген суроо туулат.

“Ислам мамлекети” тобу бул кырсык үчүн жоопкерчилик алганы белгилүү. Бирок бул жөн гана атын чыгаруу үчүн же пиар өнөктүк үчүн жасалып, Сирия кризисине Орусия президент Башар Асадды колдоо менен кийлигишип, аталган топко каршы аба соккуларын уруп жатышына жооп иретинде болду дегендей маани жаратуу үчүн жасалып жаткандай. Ага карабай Израилде деле көпчүлүк талдоочулар ага ишенбей турушат. Мисирдин өзүндө болсо террордук акт ыктымалдыгын караманча четке кагып жатышат. Анткени бул өлкөдөгү соңку саясий олку-солкулуктардан кийин кайра араң өзүнө келе баштаган туризм тармагына олуттуу сокку урары талашсыз. Мисир расмийлери кырсыкка террордук акт же техникалык абал себеп болгону белгилүү боло электе эле өлкөгө аба каттамдарын токтотуп койгон чет элдик авиа компанияларды сындашууда.

Кыйраган А321 учагы

Кыйраган А321 учагы

Ошол эле учурда Орусиянын өзүндө деле бул иш террористтердин гана колунан болду деп эсептегендер жок эмес. Алардын бири Мамлекеттик Думанын мурдагы депутаты, эмгек сиңирген учкуч-сыноочу Магомед Толбоев:

- Мен бул кырсык тууралуу билер замат өзүмдүн башкы версиямды айткам. Негизинен кырсыкка үч эле нерсе себеп болот. Ал адамдык фактор, башкача айтканда, экипаждын кыймыл-аракети. Экинчиси - аба кемесинин техникалык абалы, үчүнчүсү - сырткы кийлигишүү. Мен бул жерде үчүнчү себепти карманам, себеби самолет кыйроосунун башка себебин көрбөй турам. Муну кимдир бирөө учак көтөрүлө электе эле, жерде турганда жасаган. Балким учактын башкаруу системасына кедергисин тийгизип же техникалык тешиктерге бир нерсе салып коюшу мүмкүн. Египеттин коопсуздук системасы алсыз экенин жана аэропорт кызматкерлеринин жоопкерчиликсиз мамилесин эске алсак, муну оңой эле жасап койсо болот. Анын үстүнө исламчылар баары бири-бири менен тыгыз байланышта болот эмеспи, “мобуну тигил жакка салып кой”, - десе бүттү да. Мен учкуч-сыноочу катары көптөгөн авиакырсыктарды иликтөөгө катышкам. Учактын ар бир бурамасынан бери билем. Андыктан бүгүн болбосо эртең бул террордук акт болгону тууралуу тыянак чыгарына бөркүмдөй ишенем. Айтты-айтпады дебегиле, силер да буга күбө болосуңар.

“Ислам мамлекети” террордук тобунун Мисирдеги бөлүмү 4-ноябрда дагы билдирүү жасап, Орусиянын Аэробусу алардын колунан кыйраганын кайталады. Мунун соңунан согушкерлер жакын арада учак кантип жардырылганын бүт дүйнөгө жарыя кыларын убадалаган аудио кайрылуу да тарады. Бирок ал аудио жазма кимге таандык экени жана чын-бышыгы азырынча ырастала элек.

Мисирде учагы кыйроого кабылган Орусиянын "Когалым" авиакомпаниясы болсо кырсыктын себебин тышкы таасирден көрөрүн дароо эле айтып чыккан. Аталган авиакомпаниянын жетекчисинин орун басары Александр Смирнов кыйроого кабылган А321 лайнери абдан ишенимдүү экенин айтып, учак абада бузулган деген божомолдорду кырсыктан үч күн өткөн соң четке каккан:

- Биз учак техникалык оң эместикте болгонун жана пилоттун, экипаждын жаңылыштыгы же адамдык фактор бул кырсыкка себеп болгонун четке кагабыз. Бул учак 18 жылдык учуусунда дайыма көңүл чордонунда болуп келген.

Орусиялык дагы бир авиаэксперт, Мамлекетик Думанын мурдагы депутаты Виктор Алкснис учактын кыйрашынын ыктымал себептерин анын техникалык абалынан көрөт.

- Бул окуяга аба кемесинин техникалык абалы же техникалык оң эместиги себеп болду дегенге көбүрөөк ыктап турам. Муну укканда эле учактын куйругуна байланышкан абал эске түштү. Кырсык болгон жерден тартылган кадрларга караганда, анын куйругу самолеттун негизги тулкусунун калдыктары түшкөн жерден 8 чакырымдай аралыкта жатат. Башкача айтканда, ал бийиктикте эле негизги корпустан бөлүнүп калган десек болот. А кантип бөлүндү? Расмий такталган маалыматтарга караганда, 2001-жылдын ноябрында дал ушул учак Каирдин аба майданына конуп жатканда олдоксондук менен куйругу учуп-конуучу тилкени тийип кеткен экен. Учак учуп же конуп жатканда алды жагын же мурдун өйдө көтөрүп, куйрук жагы ылдыйлашы белгилүү. А бул учактын куйругу ошондо учуучу тилкени чарпып кеткен. Учак жүздөгөн тонна жүктү алып жүрөрүн эске алсак, бул сокку, албетте, учактын корпусуна - фюзелажга олуттуу таасир эткен. Мындан соң учакты оңдошкон. Бирок чынында ал оңдоо кандай болгонун азырынча биз билбейбиз.

Менимче, ошондо жерге тийгендеги соккунун кедергилери жакшы аныкталбай, анын натыйжасында ал толук четтетилбей калган болушу мүмкүн. Анан убакыт өтүшү менен самолет чарчап, кенемтелер топтоло берген. Канткен менен учканда жана конуп жатканда учакка өтө оор жүк түшөт. Анан убактысы жеткенде металл чыдабай, куйругу үзүлүп кеткен. Бул менин көз карашымда кырсыктын көбүрөөк ыктымал себептеринин бири,- дейт авиаэксперт Виктор Алкснис.

Ошентип бул кырсыктын себептери азырынча белгисиз болуп турганда ушундай ар кандай божомол-жоромолдор айтылууда. Алардын кайсынысы чындыкка дал келерин расмий иликтөөнүн жыйынтыгында белгилүү болот. Орусиялык жана мисирлик адистер учак кыйраган жерден "кара кутуну" таап, азыр кыйроого алып келген жагдайларды иликтөөдө.

31-октябрда Мисирдин Синай жарым аралынын үстүндө Орусиянын "Когалым Авиа" компаниясына таандык Аэробус A321 учагы кыйроосунан анын ичиндеги 224 адамдын бирөө да тирүү калган эмес. Алардын төртөө Украинанын, бирөө Беларустун, калганынын баары Орусиянын жарандары болчу. Учак Мисирдин Шарм-эш-Шейх курорттук шаарынан Петербургга учуп келаткан. Бул Орусия авиациясынын тарыхындагы эң ири жана оор кырсыктардын бири болуп калды.

Мындай ири кырсыктардан соң аны уккан ар бир адам өз өлкөсүндөгү, же жашаган аймагындагы авиациянын абалына, учуу коопсуздугуна көңүл бурбай койбосо керек. Биз да эми сөз нугун Кыргызстандын авиация тармагына буралы. Өлкөбүздөгү жарандык авиациянын абалына кабарчыбыз Кубанычбек Жолдошев абай салып көрдү.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG